Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

ООГАН АСКЕРЛЕРИ КАЛЫПТАНУУ ЖОЛУНДА


НАТО аскерлеринин ооган аскерлери менен биргелешип жасаган жазгы чабуулу улантылып жатат. Азыр алардын алдында Талибандын Каяки гидроэлектростанциясынын жанындагы позицияларына чабуул коюп, тосмодогу курулуш иштердин улантылуусуна өбөлгө түзүү маселеси турат.

НАТО командачыларынын маалыматына караганда, ооган аскерлери менен бирдикте бир айдан бери жүргүзүлүп келаткан аскердик операциянын натыйжасында талиб согушкерлери бир кыйла чабалдады. НАТО аскерлеринин түштүк бөлүктөрүнүн командачысы, генерал-майор Тон Ван Лоон ооган аскерлери азыр коргонууга өтүүгө мажбур болушканын айтат.

Операцияга НАТОнун 4 500дөй аскери менен 1000дей ооган аскерлери катышууда. Аскерлердин алдында Хельманд провинциясындагы Каяки гидроэлектростанциясын коргоо максаты койулган. Азыр электростанцияны реконструкциялоо жүргүзүлүп жатат жана жакын арада анда жаңы турбина орнотулушу керек. Аскерлерге курулуш иштерин улантуу үчүн чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу вазыйпасы жүктөлгөн.

Каяки электрстанциясы стратегиялык жана психологиялык мааниге ээ. Анын пайдаланууга берилиши менен чөлкөмдүн экономикалык өнүгүүсүнө кеңири жол ачылып, андан пайда көргөн элдин жаңы бийликке ишеними артмакчы.

"Плотинага турбина орнотулгандан кийин чөлкөмдө жашаган 2 миллион адам жана алардын чарбалары электр энергия менен камсыз болот. Жүздөгөн дыйкан чарбалары сугатка суу алып, 2000ден ашык жумуш орундары түзүлөт. Бул долбордун ишке ашуусуна жолтоо болуу максаты менен талибандар курулушка күн сайын чабуул жасап жатышат",- деп айтты мындан бир ай мурда сүйлөгөн сөзүндө НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Скеффер.

Бирок айрым байкоочулар НАТОнун ийгиликтерине анчейин ишене беришпейт. Ооганстандын коргоо министри Рахим Вардак Хельманд провинциясынын үчтөн бир бөлүгү талиб согушкерлерин көзөмөлүндө турганын, алардын колунда Каяки, Муса Кала, Багран жана Сангин аймактары кала берип жатканын билдирди.

Ооган серепчилеринин бири Амин Тарзинин айтымында, плотинага танапташ жаткан Каяки аймагы дагы эле талиб согушкерлердин колунда, ошон үчүн жумушчулар плотинадагы ишин кайра баштай алышаары күмөн.

Ошону менен бирге эле серепчи Тарази Талибанга каршы чабуулга ооган аскерлеринин активдүү катышып, бир аптанын ичинде 100дөй талибанды жок кылганы, ооган коопсуздук күчтөрүнүн калыптанып келатканын белгиси деп сыпаттайт. Күндөрдүн биринде алар НАТОнун колдоосу жок согушууга кудуреттүү болууга тийиш, дейт серепчи.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG