Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

АКШ-Ооган келишиминин "сыр түйүнү"


Ооган президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар (оңдо) жана АКШнын элчиси Жеймс Каннингэм Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюшууда. Кабул, президент сарайы.

Ооган президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар (оңдо) жана АКШнын элчиси Жеймс Каннингэм Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюшууда. Кабул, президент сарайы.

Кошмо Штаттар жана Ооганстан ортосундагы Эки жактуу коопсуздук келишимге ылайык, америкалык аскерлер "2024-жылдын этегине чейин жана андан ары" Ооган жеринде кала алат.

Кабулда 30-сентябрда кол коюлган береги келишимдин беш негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

Ооганстандын жаңы президенти Ашраф Гани Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюлгандан кийин сүйлөп, ал АКШ жана НАТО аскерлери менен чогуу өлкөгө коркунуч туудурган күчтөргө каршы чара көрүүгө мыйзамый негиз түзөрүнө өзгөчө көңүл бурду:

- Биздин өлкөгө ар кандай олуттуу коркунуч жаралса, биз береги келишимге жараша колдоо сураганга акылуубуз жана биздин талап каралып, ага олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Анын натыйжасында эки жак (АКШ жана ооган өкмөттөрү) жана НАТО чогуу аракеттене алат.

Ганинин айтымында, Ооганстан жакшы ыклас менен кол койгон келишим региондун да бейкуттугуна кызмат кылып, коңшу мамлекеттерге кыпындай да коркунуч жаратпайт; АКШ Ооганстандын 350 миң колдуу коопсуздук күчтөрүн каржылоону уланта берет.

Президент Обаманын айтымында, келишим ооган тараптын АКШ 13 жыл бою негиздеген байланышты бекемдөө мүдөөсүн көрсөтөт.

Жаңы келишим 1- январдан тарта күчүнө кирет. Эгер кайсы бир жак эки жыл мурда “жок” дебесе, 2024-жылдан кийин да күчүндө кала берет. Анда Ооганстанда канча америкалык аскер болору көрсөтүлбөгөн. Бирок май айында Обама келерки жылы өлкөдө 9 800 гана аскер калтырылып, 2015-жылдын аягына чейин алардын саны эки эсе азайтылат деп билдирген.

Ассошиэйтед пресс-агенттигинин кабарлашынча, Вашингтондун планы боюнча 2016-жылдан соң Кабулда миңге жетпеген аскер калат.

Ооганстан үстүбүздөгү аптада НАТО менен да жогорудагыдай келишим түзөрү айтылууда. Ал келишим Британия, Германия, Италия, Түркиянын төрт-беш миң чамалуу колунун өлкөдө калуусуна жол ачат.

Ошондо 2014-жылдан кийин Ооганстанда чет элдик 14 800 аскер калат.

Коопсуздук келишими аныктагандай, АКШ аскерлери “Ооганстандын күнкорсуздугуна ички жана тышкы күчтөр жараткан коркунучун ооздуктоо жөндөмүн чоңойтот”. Андай көмөк армия менен полицияга “кеңеш берүү, машыктыруу, жабдуу жана колдоо” формасында болот; америкалык солдаттар согуштук операцияларды Ооган армиясы менен макулдашпай өз алдынча жүргүзө албайт. Келишимде “америкалык аскерлер чалгындоо маалыматтарын бөлүшүп, Ооган аба күчтөрүнүн кубатын арттырууга” жардамдашуусу керектиги да баса көрсөтүлөт.

Мурдагы президент Хамид Карзай америкалык аскерлер контртеррордук операция маалында оогандардын үйүнө кирүүсүнө тыюу салыныш керек, операция кезде карапайым жарандар арасында чыгым көп болот деп, келишимдин тиешелүү бөлүгүн өзгөртүүнү талап кылган. Жаңы келишимге ылайык, АКШ күчтөрү “Ооган элинин үйүндөгү да коопсуздугу жана бейкуттугуна көңүл бурушу абзел”.

Расмий Кабул ар кандай кылмыш жасаган же жарандардын укугун бузган америкалык аскерлерди АКШ өзү соттоосуна макулдук берген. Ооган тарап буга көнбөсө, Вашингтон келишимге кол койгондон баш тартып жаткан. Бирок Кабул талап кылса, соттун жүрүшү тууралуу маалымдап турганга милдеттүү же Ооган өкмөтүнүн өкүлү сотко катыша алат.

Ошол эле мезгилде АКШнын контракчы солдаттары менен жумушчулардын кылмыш иши Ооган сотунда каралат.

Келишимде кокус үчүнчү өлкө кол салса, АКШ Ооганстанга көмөктөшөт деген жобо жок. Анткен менен, анда көрсөтүлгөндөй, Вашингтон жана Кабул тышкы агрессияга каршы тийиштүү “саясий, аскерий, экономикалык чара көрүү жагын” бирге карап көрөт.

АКШ күчтөрү, келишим боюнча, Ооган жериндеги азыркы базаларын масилеттешип кеңейте алат.

АКШ-Ооганстан ортосундагы Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюлган күнү эле коңшулаш Ирандын өкмөттүк медиасы аны сындай баштады. “Кансыз согуштун шылтоосу менен америкалык базалар козу карындай көбөйгөнүнө Германия жана Жапония сонун өрнөк” деп жазды Ирандын өкмөттүк Press TV каналы 30-сентябрда.

Расмий Тегеран АКШны терроризмге каршы күрөшкө жамынып, региондо узак жылдарга калууну көздөйт деп күнөөлөп жүргөн.

АКШ Ооганстанда туруктуу база кармоого кызыкпаганын такай айтып жүргөнүнө карабай, былтыр май айында Карзай Вашингтон тогуз база ачууну каалаганда макул болбой койгонун айтып чыккан. Ошондо Ак үйдүн өкүлү Жей Керни 2014-жылдан кийин АКШ аскерлери Ооганстанда эки өкмөт аралык келишимдин негизинде жана Ооган өкмөтү суранса гана каларын билдирген болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG