Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Бишкекте Кыргызстан менен Макаонун футбол командалары беттешет


Кыргызстан менен Макаонун улуттук курама командаларынын беттештери футбол боюнча 2019-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоонун алкагында өтөт. Бул беттешке даярдык көрүү үчүн 23 футболчудан турган Кыргызстандын улуттук курама командасы 18-марттан 26-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында машыгып келди. Бир күн мурда өткөн маалымат жыйынында башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюнчулардын даярдыгы мыкты деп билдирди:

- Футболдо жарым жылга жакын тыныгуу болду. Ошондуктан бардыгы футболду сагынып калышты жана жакшы оюнду көрсөткөнгө даяр. Командабызда болууну каалаган оюнчулардын бардыгы катарда,- деди Крестинин.

Макаонун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Жозеф Там Иао Сан жеңишке жетүү үчүн бүткүл күч- аракетин жумшай турганын айтты:

- Азия кубогуна тандоо оюндары биздин команда үчүн эң маанилүү. Ага кошумча бул биринчи оюн дагы негизгилердин бири. Даярдык жакшы деңгээлде өттү. ФИФА рейтингинде биз Кыргыз Республикасынын курама командасына салыштырмалуу төмөнкү катардабыз. Бирок ал көрсөткүч бизге жолтоо болбойт деп ишенем. Бардыгын оюн көрсөтөт. Бул квалификация биз үчүн чакырык. Ар бир оюнда колдон келген аракетибизди жасайбыз,- деди Жозеф Там Иао Сан.

Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:30да башталат, аны КТРКнын Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөрөй талашат.

Бул мелдештер ушул жылдын 28-мартында башталып, 2018-жылдын 27-мартында аяктайт. Жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Тандоо оюндарынын жеңүүчүлөрү 2019-жылга белгиленген финалдык беттешке жолдомо алышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG