Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Орусия плутоний келишимин токтотууга жакын калды


Орус парламентинин жогорку палатасынын тышкы иштер комитети Орусия менен АКШнын ортосундагы плутонийди зыянсыздандыруу боюнча келишимди токтотуучу мыйзам долбоорун жактырды.

Комитет бүтүндөй палатаны бул чечимди колдоого чакырды. Буга чейин парламенттин төмөнкү палатасы келишимди токтотууга макул болгон.

Президент Владимир Путин сунуштаган мыйзам долбоорунда АКШ адам укуктары боюнча Орусияга киргизген санкцияларын токтотсо, ал санкциялардан жаралган чыгымдарды төлөп берсе жана НАТО мүчө мамлекеттерге аскердик аракеттерин азайтса, келишим кайра каралышы мүмкүндүгү жазылган.

АКШ орус тараптын плутоний боюнча келишимди токтотуусун “чоң ката” деп атаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG