Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Ооган согушуна 10 жыл: Элдин үмүтү акталдыбы?


10 жыл илгери АКШ жетектеген коалициялык күчтөр Ооганстанда аскерий операцияны башташкан. 11-сентябрь теракттарынан кийин Вашингтон Ооган жерин кол салууларды уюштурган делген "ал-Кайида" согушкерлеринен тазалоону жана аларга көмөктөшкөн "Талибан" өкмөтүн кулатууну көздөгөн.

Карапайым оогандар чет өлкөлүк аскерлердин келишинен эмнелерди күтүшкөн? Турмушу оңолот дегендердин үмүтү акталдыбы? Бейпилдик күчтөрү тынчтыкты орното алыштыбы? Өлкөнүн мындан аркы тагдыры кандай болот?

Ооганстандагы согуш 10 жылдан бери уланып келатат. Бул аралыкта коалиция 2 миң 700дөй жоокерин жоготкону маалымдалып келсе, катардагы оогандар арасындагы жоготууларды эч ким санаган эмес.

"Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти алганда жарандык согуштан чарчаган эл аларды кубаттап тосуп алган. Бирок көп узабай эле карапайым оогандар шариятка негизделген талиптер режиминин катаңдыгын жон териси менен сезе башташкан.

Лайлума аттуу мугалим талиптер бийликтен куулгандан кийин өлкөдө жаңылануу доору орнойт деп күткөнүн, бирок анын ордуна башаламандык өкүм сүрүп жатканын айтат:

- Өлкөнүн булуң-бурчунда бейстабилдүүлүк уланып, адамдардын өмүрү кыйылып жатат. "Талибан" кеткенден кийин өлкө кайрадан жаралат, оогандар эркин болушат, эки жакка эркин каттай алабыз деп ишенгенбиз. Бирок абал мурдагыдан начарлады.

Бардык жерлерде бомбалар жарылып, адамдарды өлтүрүп жатышат. Жаңы мектептер жок. Кээ бир жерлерде балдар ачык асман алдында отуруп окушат. Биз мындайды эңсеген эмеспиз.

Эртең менен балдарыбызды мектепке жөнөткөндө "аман-эсен кайтып келсе экен" деп кудай тааладан тилейбиз. Мындай билим алуунун кимге кереги бар? Макул, окуш керек, бирок энелер босогого туруп алып "балам мектептен тирүү кайтып келер бекен, же өлүгүн алып келишеби" деп тынчсызданып күтүп турса, бул эмне деген шумдук?


Оогандардын айрымдары эл мурда жакыр болгону менен биримдик бар болчу деп кейишет. Өкмөт болсо элдин кыйынчылыктарына эбак эле кулак салбай калган.

Көйгөйлөр көп

Такси айдаган 50 жаштагы Жанат Гүл чет өлкөлүктөр келгенден кийин жумуш орундары да көбөйт деп ойлогонун, жашоо оңолоруна үмүттөнгөнүн, бирок баалар өскөнүн, донорлордун элге деген акчалары урушка сарпталып жатканын айтат.

Сикх азчылыгынын өкүлү, гомеопатиялык дары-дармек саткан дүкөндө иштеген Ягдар Сингх тиричилик кылууга бир аз шарт түзүлгөнү менен көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү керектигин мындайча айтып берди:

- 10 жыл мурун көпчүлүк элдин колунда акча жок болчу. Кардарларыбыз да аз эле. Азыр мурдагыга караганда жакшы болуп калды. Менимче, экономика өнүгүп келатат. Башында көп үмүт артып келгенбиз. Бирок азыркы абал анча жакшы эмес. Өлкөбүз стабилдүү болуп, эл тынч жашаса, мектептер ачылса, элдин турмушу оңолсо деген тилегибиз бар.

Айрым аналитиктер америкалыктар Ооганстанды стабилдештирип, өнүктүрүүгө эмес, аскерий максаттарга басым жасашканы чоң ката болду деп эсептешет. Анын үстүнө 2003-жылы Ирактагы согуш башталып калды.

Эксперттердин айтымында, эки уруш жүргүзүү Вашингтон үчүн оор болуп калды. Талиптер бара-бара партизандык аракеттерин күчөтүп, кол салуулары кескин көбөйдү. НАТОнун учактары жаңылыш буталарды бомбалап, карапайым оогандарды капысынан өлтүрүп алып жатышы да нааразылыктын чырагына май тамызып жатат.

Үмүт шамы

Ошентсе да катардагы оогандар арасында жакшы жылыштар бар деген оптимисттерди да жолуктурса болот. Алардын бири - Пактия университетинин студенттер кошуунунун жетекчиси Жунайо Саим:

- Билим берүүнүн сапаты күндөн күнгө жакшырууда. Жаңы мектептер салынган. Шаар борборлорунда, райондордо кыздар үчүн мектептер көп. Мурдагы режимдерге караганда бүгүнкү бийлик билим берүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатат. Чет элдиктер Ооганстанга киргенде абал жакшырат деп ойлогонбуз. Бирок 2 жылдан кийин эле тескериси болду. Эми болсо чет өлкөлүктөр кетсе, Ооганстандагы кырдаал мындан да жаман болот деп ойлойм.

Ушул жайда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы контингентти чыгаруу планын шардана кылган. Ага ылайык, биринчи айлампада 10 миң жоокер жыл аягына чейин үйлөрүнө кайта баштайт. Эмки жылдын сентябрына чейин дагы 23 миң аскер чыгарылат деп болжолдонууда.

Ал эми Кабул өкмөтүнүн байистүү талиптер менен сүйлөшүү аракеттеринен майнап чыга элек. Жакында согушкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүү боюнча Улуттук кеңештин төрагасы, мурдагы президент Бурхануддин Раббани киши колдуу болуп өлдү.

XS
SM
MD
LG