Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Ооган аялдары: саясаттан четтебейбиз


Ооган аялдар кээде укуктарын коргоп, нааразылык акцияларына чыгып турат.

Ооган аялдар кээде укуктарын коргоп, нааразылык акцияларына чыгып турат.

Ооганстанда шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр парламенттин Жогорку палатасына жөнөтүлдү. Анда аймактык жана жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын төрттөн бири аялдарга берилиши керек деген маанилүү берене алып салынган.

Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгарылып, өлкөнүн өз алдынчалыгы биротоло калыбына келээрине бир жарым жылдай убакыт калды. Бирок азыртадан эле ооган жергесинде талиптердин бийлиги кыйрагандан берки эң маанилүү жетишкендиктердин бири – аялдардын бийликке шайлоо аркылуу аралашуусунун кепилдиги садага чабылганы калды.

2014-жылы НАТО аскерлери алынып кеткенден кийин ооган өкмөтүнүн мандат-укуктары кеңеймекчи.

Ооган парламентинин жогорку Аксакалдар палатасы учурда аймактык жана жергиликтүү кеңештерге орундардын 25 пайызын аялдарга калтырган берене алып салынган шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат. Бул өзгөрүүлөрдү Төмөнкү элдик палата 22-майда жактырган эле. Эгер Жогорку палатада аксакалдардын элегинен өтсө, ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Бул өзгөрүш укук коргоочулар менен демократиячыл активисттерди нааразы кылды. Алардын корккону, эгер бул чара күчүнө кирсе, аялдар аймактык жана жергиликтүү бийлик өкүлчүлүгүндө кызмат өтөй албай калат дегенди билдирет. Аларга шайланууга тыюу салынбаган менен, дал төмөнкү бийлик чөйрөлөрүндө эскичил, эркектерге артыкчылык берген түшүнүктөр үстөмдүк кылат. Анын үстүнө, мынча болду, эми парламенттеги орундардын 25 пайызын аялдарга калтырган Конституцияны өзгөртөлү дегендер четтен чыгышы мүмкүн.

Төмөнкү палатанын мыйзам чыгаруу комитетинин жетекчиси Насер Ахмад Ханиги мыйзамды өзгөртүүнүн зарылдыгын мындайча жактап чыкты:

Аймактык кеңештердеги орундардын 25 пайызын аялдарга калтырган Конституцияга каршы келет. Анткени шайлоодо аз добуш алгандар өтүп, көп добуш алгандар калып калат. Мисалы, төрт миң добуш алган эркек куржалак калып, 500 же бир миң добуш алган аял өтүп кетет. Бул шайлоо эмес, депутатты бекитүүгө жатат.

Бирок аялдардын жолу буулган шартта квота системасы алардын макамын бир топ көтөрмөлөйт. Ушул көз караштагы белгилүү депутат айым Шукария Баракзай өткөн айда Төмөнкү палатада кабыл алынган өзгөртүүлөрдү колдоп добуш берген, бирок аялдарга берилген өкүлчүлүктү коргогон берене алынып салынгандан кийин билип калат.

Ал парламенттин мыйзам чыгаруу комитети бул тууралуу алдын ала маалымат бербей, депутаттарды алдады деп эсептейт. Баракзайдын айтымында, бул аялдарды саясаттан четтетүү максатын көздөгөн кутум:

Консервативдүү исламчыл "Хизби Ислами" жана "Жамияте Ислами" өңдөнгөн айрым фракциялар ооган элинин демократиялык жетишкендиктерин жок кылгылары келет. Алар бийлик мылтыктын күчү менен камсыздалган эски заманды эңсешет. Аялдардын таасирге ээ болушунан коркушат. Анткени алар саясатты добуш берүү менен эмес, куралдын жардамы менен жүргүзүүнү самашат.

Баракзайдын айтымында, аталган исламчыл уюмдардын жетекчилери шайлоого бут тосуп, демократиялык жол менен келген өкмөттү улуттук кеңеш деп аталган уюм менен, алмаштыруу чакырыктары менен демократияга ачык эле каршы чыгышууда.

Мыйзамдын өзгөрүшү улуттук парламенттеги аялдардын өкүлчүлүгүнө сокку урат. Себеби аларга бөлүгөн 28 орундун 11и аймактык кеңештерге шайланган аялдардын эсебинен толтурулат. 102 мандаттуу парламенттеги аялдарга бөлүнгөн калган 17 орунга айымдарды президент белгилейт.
XS
SM
MD
LG