Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Москва: 130дан ашуун митингчи кармалды


Акциянын демилгечиси Алексей Навальный өзү да кармалганы кабарланды.
Акциянын демилгечиси Алексей Навальный өзү да кармалганы кабарланды.

Москванын Пушкин атындагы аянтында полиция коррупцияга каршы митингдин 130дан ашуун катышуучусун кармады. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" маалымдайт. Кармалгандардын арасында британиялык The Guardian басылмасынын кабарчысы да бар экени айтылды.

Акциянын демилгечиси Алексей Навальный өзү да Твер көчөсүндөгү акция маалында кармалганын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Роман Рубановго таянуу менен "Азаттыктын" орус кызматы билдирди.

Пушкин аянтын күч органдары курчап алган. Активисттер полиция резина союлдарды колдонуп жатканын билдирүүдө. "Медуза" порталы жазып чыккандай, полициячылардын бири активисттердин бирин союл менен башка чапканда ал эсин жоготуп койгон. Бул кишини милиция з унаасына салып кеткен. "Дождь" телеканалы аянтта газ чачылганын, ОМОНдун эки жүздөй кызматкери элди таратууну, кармоону улантып жатканы кабарлады.

Орусиянын бир нече шаарында коррупцияга каршы акциялар өтүп жатат. Нааразылыктар Коррупцияга каршы күрөш фонду премьер-министр Дмитрий Медведевдин декларацияда жазылбаган мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин күчөдү.

XS
SM
MD
LG