Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Африка: президенттер Гбагбону көндүрө алышкан жок


Африкадагы 3 өлкөнүн президенттери Лоран Гбагбо менен жолугушту, Абиджан, 28-декабрь, 2010-жыл
Африкадагы 3 өлкөнүн президенттери Лоран Гбагбо менен жолугушту, Абиджан, 28-декабрь, 2010-жыл

Батыш Африкадагы 3 мамлекеттин президенттери Кот Д`Ивуарда болуп өзүн дагы эле президент деп эсептеген Лоран Гбагбого ултиматум коюшту. Батыш Африканын экономикалык кызматташуу уюмунун атынан барган чабармандар ал бийликтен кетпесе, күч колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертишти. Өлкөнүн шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо Аллесан Уаттара жеңгенин бышыктаганы менен Гбагбо аны моюнга алуудан баш тартып жатат.

Бенин, Кап Верде жана Сьерра Леоненин президенттери Абижандагы жолугушууларды жыйынтыктаган эч кандай расмий билдирүү жасашкан жок.

Алар 28-декабрдын кечинде дароо Нигерияга учуп кетишти. Үчилтик Кот Д`Ивуардагы сапарын эми нигериялык мамлекет башчы Гудлак Жонатан менен талкууламакчы.

Кап Верденин мамлекет башчысы Педро Пирес шейшемби күнкү жолугшуулардан кийин кабарчыларга:

“Сапарыбыз ийгиликтүү же майнапсыз аяктады деп эле ойлоо туура эмес. Биз компетенттүү иш алып бардык”, - деп чектелди.

Үч президент Кот Д`Ивуардын экс-лидери Лоран Гбагбону бийликтен кетүүгө көндүрүү миссиясы менен барышкан. Чабармандар ал шарттарга көнбөсө аскерий күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышпады.

Ноябрда өткөн президенттик шайлоодо оппозиция өкүлү Алессан Уаттара жеңгенин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бышыктаган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын эларалык коомчулук да тааныган.

Бирок Гбагбо атаандашынын жеңишин таануудан баш тартып келатат.

Үч президент ушу тапта БУУ аскерлеринин кайтаруусуна алынган Уаттара менен да кездешти.

Франциянын эларалык радиосу кабарлаганына караганда, Гбагбо бийликти узурпациялап албаганын далилдөөгө аракеттенди. Ал эми атаандашы Гбагбо бийликтен баш тартса, ал куугунтукталбайт жана экс-президент деген статуска ээ болот деген сунушун кайталады.

Бирок Гбагбо президенттиктен оңой олтоң баш тартпайт көрүнөт.

Анын өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Алессан Уаттара дайындаган элчилерди кабыл алган өлкөлөрдүн Абижанджагы элчилерине миссияларын аяктоого туура келет деп эскертти.

Гбагбо ошондой эле Франциянын Le Monde гезитине берген интервьюсунда эгерде чет өлкөлүк аскерлер өлкөгө киргизилсе, анда жарандык согуш тутанаарын эскертти. Ал өзүн өлкөнүн мурдагы оторчусу Франция менен АКШ жетектеген "эларалык кутумдун курмандыгы" болуп калганын ырастоодо.

Вашингтон муну акылга сыйбас айыптоолор деп сыпаттады.

Бирок америкалык жана европалык лидерлер чет өлкөлүк аскерлердин интервенциясы бейкүнөө адамдардын өмүрлөрүн кыйат же кайрадан жарандык согушка алып келет деп кооптонушат.

Ансыз да Кот Д`Ивуар 5 жылга созулган уруштун жараларынан жаңы эле айыгып келатат. Тынчтык келишимине 2007-жылы эле кол коюлган.

Кырдаал курч экенин БУУнун кербенине 28-декабрда болгон кол салуу айкын көргөздү.
Улуттар уюмунун Абижандагы миссиясынан маалымдашкандай, бангладештик 1 жоокер жарадар болду жана 1 машина өрттөлүп жиберди.

Гбагбо көзөмөлдөгөн чөлкөмдө болгон окуянын себептери белгисиз. Бирок анын атаандашын дал ошол БУУнун аскерлери кайтарышканын эстен чыгарбоо зарыл.

Айрым маалыматтарга караганда Гбагбо менен сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасы 2-январда өтүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG