Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Антарктикада дүйнөдөгү эң ири корук түзүлөт


Антарктика
Антарктика

Дүйнөнүн 24 өлкөсү жана Европа биримдиги Антарктикада дүйнөдөгү эң ири океан коругун түзмөй болушту.

Бир нече жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия бул келишимди колдоого макул болду. Аталган корук Антарктиканын экосистемасын жана Росс деңизиндеги жандыктарды сактоону көздөйт.

Антарктикада Жер шарындагы эң ири корук түзүү идеясын алга сүрөгөн дипломат жана экологдор соңку келишимди тарыхый катары мүнөздөп, жетине албай турушат. Антарктиканын Росс деңизинде түзүлчү коруктун аянты 1,5 миллион чарчы чакырымга же Британия, Германия жана Франциянын жалпы аянтына барабар.

Бул коруктун 1,1 миллион чарчы чакырымында 35 жылга балык кармоого толугу менен тыюу салынды.

Түштүк уюлдун айланасында балык кармоо индустриясы бар Орусия буга чейин беш жолу корук түзүү сунушуна каршылыгын билдирген. Эми тараптардын талаптарын эске алуу менен коруктун чакан бир бөлүгүндө экологияга зыян келбеген өлчөмдө изилдөөлөр үчүн айрым балыктардын түрүн кармоого уруксат берилди.

Мындай мунаса Антарктиканын сууларындагы жандыктарды коргоо боюнча комиссиянын Австралиянын Хобарт шаарындагы эки жумалык жыйынынан кийин табылды.

- Бул - чыныгы жетишкендик. Биз дүйнөдөгү эң ири деңиз коругун түздүк. Бул – дүйнөдөгү деңиз экологиясын коргоодо чоң кадам. Өтө кубанычтуу көз ирмем,- деди жыйынга катышкан АКШ делегациясынын башчысы Эван Блум.

Экологиялык жактан Антарктикадагы Росс деңизинин мааниси чоң. Ал дүйнөдөгү экосистемасы бузула элек акыркы аймак деп саналат. Жаңы корук Түштүк уюлдагы деңиздердин 12 пайызына барабар. Аймакта 10 миңден ашык жандыктарды түрү бар. Дүйнөдөгү пингвин жана киттердин басымдуу бөлүгү дал ушул өрөөндү байырлашат. Бул аймак климаттын өзгөрүшүнүн океандарга жана алардын экосистемасына тийгизген таасирин изилдөөгө да өтө ылайыктуу.

АКШ делегациясынын башчысы Эван Блум Росс деңизи уникалдуу экенин айтты:

- Бул биздин окумуштууларыбыз жасаган ишке байланыштуу. АКШ жана Жаңы Зеландиянын окумуштуулары Росс деңизин жана анын экосистемасын көп жылдан бери изилдеп келишкен. Мынча күч жумшоого Росс деңизинин уникалдуулугу түрткү берди.

Ошентип, беш жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мунаса табылды. Келишимди кабыл алган тараптардын ар биринин ар кыл экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын бир чекитке жеткирүү үчүн оңой эмес аракет жасалганын сүйлөшүүгө катышкан дипломаттар белгилешти.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG