Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

UNICEF: Борбор Азия менен Чыгыш Еврода СПИД тез жайылып баратат


Хулио Монтанер өнүккөн өлкөлөрдү сындады
Хулио Монтанер өнүккөн өлкөлөрдү сындады

Бириккен улуттар уюмунун UNICEF балдар кору билдиргенине караганда, азыр СПИДди пайда кылуучу вирус (ВИЧ) өзгөчө Борбор Азия менен Чыгыш Европада тездик менен таркап баратат. Ушул күндөрү Австрияда өтүп жаткан эларалык конференцияда аталган кор бул аймактардагы медициналык кызматтар жаш балдарды ВИЧтен сактап калууга жетиштүү аракет көрбөй жатышканын айтты.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Орусиянын айрым региондорунда ВИЧти жугузуп алгандардын саны 2006-жылдан бери 700% өстү. Украинада болсо андай адамдар жалпы калктын 1,6% түзөт. Бул – Европадагы эң жогорку көрсөткүч. Борбор Азия болсо адамдын иммундук дефицитине алып келчү вирус өтө тез таркап бараткан регион деп аталды.

Жашарган СПИД

Мунун баары – Венадагы эларалык конференцияда ЮНИСЕФ тарабынан айтылган негизги эскертүүлөр.

Абалдын өзгөчө оордугун көрсөткөн жагдай катары вирусту жуктуруп алгандардын көбү жаш балдар экени айтылууда.

Агенттиктин билдиргенине караганда, ВИЧти жуктуруп алган балдардын абалы аймактардагы социалдык колдоонун начардыгынын айынан андан бетер курчушу ыктымал. Анткени ооругандардын басымдуу бөлүгүн социалдык жактан дурус колдоого алынбай калгандар түзөт.

Ошондуктан ЮНИСЕФ Чыгыш Европадагы, Борбор Азиядагы бийликтерди ушундай оор абалда калгандарды жазалагандын оордуна алардын тийиштүү колдоону алышына көмөк болууга чакырды.

Ушундай позитивдүү аракеттер Орусиядагы жүздөн ашуун уюмдар тарабынан жасалып жатканын билдирди. Ал уюмдар жаштарга сексуалдык мамилелер тууралуу маалымат берип, психологиялык жардам көрсөтүшөт.

Жыйналыштар көп, натыйжа аз

Анткен менен Венадагы конференцияда соңку кездери дүйнөлүк коомчулук СПИД проблемасына анчейин маани бербей жатканы айтылды. СПИД боюнча эларалык коомчулук уюмунун башчысы Хулио Монтанер дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү жана өкмөттөрүнүн аракетсиздигин сындады.

Бирок АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон конференциянын катышуучуларына кайрылып, ири донор-өлкөлөр өздөрү бөлгөн акча туура сарпталып жатканына толук ишенишпесе, азыркыдай кризис учурунда аракет көрүшпөйт деди.

“Көптөгөн мамлекеттерде, канчалаган акча адамдарга өтө эле көп жыйындарды өткөрүүгө, толтура учактар менен техникалык жардам берүүгө гана сарпталып жатат. Толгон-токой изилдөөлөргө, баяндамаларга акча бөлүнүүдө”, - деп Клинтон каражаттын көбү ооруунун өзүнө каршы күрөшкө эмес, башка иш-чараларга бөлүнүп жатканын кыйытты.

Венадагы конференция ушул жума күнү аяктайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG