Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Айгүл Хакимова: Казак качкындары күрөштү токтотпошу керек


"Рог" социалдык борбору менен Словениядагы активисттердин "Баарына тынчтык" кыймылынын биргелешкен акциясы. Сүрөттү тарткан - Барбара Безнец.

"Рог" социалдык борбору менен Словениядагы активисттердин "Баарына тынчтык" кыймылынын биргелешкен акциясы. Сүрөттү тарткан - Барбара Безнец.

Былтыр декабрда Словения Казакстандан качып келген төрт үй-бүлөнүн бирине “саясий качкын” статусун берди. Качкындар өздөрү Казакстанда аларды “салафиттер” деп, куугунттукка алышканын айтышат. Мына ушундай эле себеп менен Чехияда жүргөн 205 казак жаранына бир нече жылдан бери качкын статусу берилбей келет. Словенияда казак үй-бүлөсүнө качкын статусун алганга “Рог” деп аталган социалдык борбор жардам берген. Анын лидерлеринин бири – кыргызстандык Айгүл Хакимова – кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун айрым суроолоруна жооп берген.

Айгүл Хакимова өзү Кыргызстанда эларалык университетте окуусун аяктагандан кийин, Словенияга 2001-жылы магистратурага тапшырат. Ал жакта баш калаа Люблянада жүрүп, активист жаштар менен биргеликте “Рог” социалдык борборун түзүшкөн. Ошондон бери сегиз жыл өттү.

Словениянын качкындар боюнча саясатын ал “акыйкатсыз” деп эсептейт. Анткени статус берүүдө адатта жарандын кайсыл мамлекеттен экени эске алынып, көп учурда жакыр мамлекеттерден, айтылуу “үчүнчү дүйнөнүн” мамлекеттеринен келгендерге берилбей калат.

Казакстандан 2005-2006-жылдары диний куугунттуктан улам качып келген үй-бүлөлөрдүн ичинде бирөөнө декабрда статустун ыйгарылышына ал таң калганын жашырбады.

Айгүл Хакимова: “Саясий качкын” деген макамды алуу акыркы жылдары өтө татаалдашып кетти. Статустун негизи эки түрү бар. Бири Женева конвенциясынын негизинде берилет. Аны алган адамда социалдык жана башка жеңилдиктерге укугу көбүрөөк болот. Андан сырткары, адам качып келген мамлекеттеги оор абал жөнгө салынганга чейин гана бериле турган “убактылуу качкын макамы” бар. Казакстандык Асыл Жумагазиевдин үй-бүлөсүнө “качкын” статусу Женева конвенциясынын негизинде берилди. Биз буга чынында таң калдык. Анткени ага чейин жылына 700дөй арыз берилип жаткан. Бирөөнө да оң жооп кайтарылган эмес. Биз ошол казак үй-бүлөсү статусту алышы үчүн көп иш аткардык. Бүт Европа Словениядагы качкындардын абалын билсин деп, алардын орусча жазылган арызын англисчеге, словен жана француз тилдерине котордук. Биз бир топ митинг-демонстрацияларды уюштурдук. Ошол кездеги оппозициянын өкүлдөрүн да өзүбүзгө тартып, качкындар жашаган үйлөрдү көрсөттүк. Азыр эми ошол оппозиция бийликке келди. Ошондуктан, азыр казак үй-бүлөсүнө “качкын макамынын” берилишине биздин бир нече жыл мурда жасаган аракеттерибиз түрктү болсо керек деп турабыз”.

Төрөкул Дооров: Айгүл, эми Словениядагы казакстандык качкындардын башка үй-бүлөлөрүнө да “качкын макамы” берилиши мүмкүнбү?

Чехиядагы казак качкындары 2009-жылдын 7-февралында Прагада нааразылык акциясын өткөрүшкөн
Айгүл Хакримова:
Мүмкүн. Алардын адвокаты азыркы окуяны “жакшы жышаан” деп атады. Эгерде бир үй-бүлөгө статус берилсе, демек, ошондой эле кырдаалда, ошондой эле маселе менен арызын тапшырган башка үй-бүлөлөрдүн иши да чечилет го дейт. Биз да ошондой эле болсун деп үмүт кылып турабыз. Анткен менен мен буга бир аз этияттык менен карап турам. Эртең эле баарын качкын деп табышат деп сүйүнгүм келбейт. Анткени качкын макамын берүүнүн өзү өтө татаалдашкан жана көп учурда документтерди кабыл алчу органдагы адамдарга да көз каранды. Мунун баары маселе боюнча так мыйзамдардын жоктугунан болуп жатат. Евробиримдик жалпы качкындардын маселесин чечүү боюнча минималдуу бирдей шарттарды киргизген. Бирок биримдиктеги ар бир өлкө качкындар боюнча жеке өздөрүнүн саясатын иштеп чыгышына да жол берилген. Менимче, биринчи позитивдүү жыйынтыкка жалпы эле жарандык коомдун, качкындардын өздөрүнүн аракеттери да чоң түрткү болду. Натыйжада статус бир адамга эмес, жалпы үй-бүлөгө берилди.

Төрөкул Дооров: Чехияда да ошондой эле себеп менен Казакстандан качып келген 205 адам бар. Аларга азырга чейин качкын статусу бериле элек жана жакын арада кайра Казакстанга депортацияланышы мүмкүн деп чочуп турушат. Бул жагынан алып караганда, Словениядагы качкындар боюнча саясаттын канчалык “акыйкатсыз” экенине карабай, баары бир биринчи оң натыйжа болуп жатпайбы?

Айгүл Хакимова: Билесизби, баары өлкөдөгү азыркы саясий ал-ахыбалга жараша болот. Чехия бул саясатта радикалдуу экенин билем. Мындай шартта, менимче, ошол жарандар өздөрүнүн укугун коргоого активдүү киришиши керек. Маалымат каражаттарынан, жарандык коомдон колдоо сурашса болот. Албетте, Чехиядагы казактандык качкындар азыр жөн отурушкан жок. Былтыр алар Прагада массалык нааразылык акциясын өткөрүштү. Күрөштү токтотконго болбойт. Анткени Чехиянын да качкындар боюнча аракеттери “иргеп алуу” таризинде жүрөт. Дегеним Европада азыр жалпы миграция саясатындагы тенденция ушул жерде иштеп кете ала тургандарды гана алуу менен байланышкан.

Айгүл Хакимова
Айрымдар “Европага барып алсаң эле болду, бул жакта жыргал турмушка жетесиң” деп ойлойшот. Алар терең жаңылышат. Европага келген мигранттар, кайсыл мамлекеттен келгенине карабай, бул жерде эң аз акы төлөнүүчү оор жумушта иштешет. Ал эми саясий себептерден улам бул жакка качып келип, саясий качкындын макамын алуу андан бетер оорлошуп кетти. Биз Словенияда азыр “саясий качкын саясаты жок” деп айтабыз. Анткени акыркы 18 жылдан бери болгону 170 адамга гана бул макамдын берилиши – бул жаатта саясат иштебейт дегенди билдирет.

Азыр Европага иштей ала турган гана адамдар керек болуп калды. Бул – проблема. Ошон үчүн азыр Европага келип алып, “саясий качкын макамын” ала албай калгандар “туруктуу мыйзамсыз” жүргөндөрдүн катарын толуктаганы турушат. Анткени Европада бир да мамлекет башка мамлекетте качкын макамы берилбеген адамдын абалын мыйзамдаштыра албайт. Андай мыйзам иштелген эмес. Жыйынтыгында адамдын макамы белгисиз бойдон калат. Демек, анын эч кандай социалдык колдоого да, иштегенге да укугу калбайт. Буга кошумча ал кишини депортация да кыла алышпайт. Себеби депортация маселесинин өзүндө да көйгөй көп. Мындай абалда калгандар бир-экөө эле эмес, бир канча миллионго жетип калды. Ошондуктан барган сайын бул жакта өзүнчө “Европалык апартеид” пайда боло баштады. Башкача айтканда, негизинен мигранттардан турган калктын эч кандай укуксуз катмары калыптанып жатат.

Төрөкул Дооров: Айгүл, быйыл Казакстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектей баштады. Расмий Астана бул уюмдагы иши аркылуу Европадагы качкындардын абалын жакшыртууга салым кошо алабы? Кандай деп ойлойсуз?

Айгүл Хакимова: Жок. Мен Казакстандын ЕККУдагы жетекчилигинен эч кандай деле натыйжа болот деп ойлобойм. Мени азыр Чехиядагы казак жарандарынын тагдыры көбүрөөк ойлондуруп жатат. Алар өздөрү бир күчкө биригип, коомдон колдоо табыш үчүн көп иш жасашы керек. Казакстандын ЕККУдагы жетекчилиги жалпы кырдаалга анча деле таасир эте албайт. Анткени Европада демократияны жайылтуу, адам укуктарын коргоо боюнча иштеген мындай ири институттар азыр өздөрүнүн түпкү максат-мүдөөсүнөн алыстап, бюрократташып кетишкен. Азыр аларды кантип кайра маселени бирме-бир чечкенге, укуксуз адамдардын арыздарын караганга үндөөнүн жолдорун ойлонуп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG