Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Киевде Айтматов жумалыгы өтүүдө


Айтматовго арналган көргөзмөгө коюлган бул сүрөттү "Азаттыкка" Украинадагы кыргыз элчилиги сунуштады.
Айтматовго арналган көргөзмөгө коюлган бул сүрөттү "Азаттыкка" Украинадагы кыргыз элчилиги сунуштады.
Украинадагы Кыргызстандын элчилиги Украин кинематографисттер союзу менен бирдикте Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата анын чыгармалары боюнча тартылган тасмаларды көрсөтүүнү баштады.

Көрсөтүү украин режиссеру Виктор Шкуриндин “Улуу элдин чындыгы” деп аталган тасмасы менен ачылды, аталган тасманын сюжеттерин Чыңгыз Айтматов комментарийлеген. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Бакайдын жайыты”, “Ак кеме”, “Аптап”, “Тоолордо жана зоолордо” көркөм тасмалары жана башка фильмдер эки күн бою украин киносүйүүчүлөрүнүн назарына сунушталат.

10-декабрда башталган иш-чарага Кыргызстандын Киевдеги элчиси Улукбек Чыналиев менен кинематографисттер союзунун башчысы Сергей Трымбач баштаган белдүү адабиятчылар, дипломаттар жана кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү катышты.

Буга чейин 28-ноябрда Украинанын Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөлөр залында Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган картина, гобелендер жана жазуучунун үй-бүлөлүк фото-сүрөттөрү коюлган.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG