Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:03

Кичинекей Ажария килейген Кыргызстанга өрнөкпү?


Президент Михаил Саакашвили Батумиде. 2006-жыл.

Президент Михаил Саакашвили Батумиде. 2006-жыл.

Грузия жетекчилиги Ажарияны өнүктүрүүгө акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурууда. Былтыр октябрда Грузия парламенти Кобулетидеги эркин экономикалык аймак жөнүндө атайын заң кабыл алды. Кара деңиздин боюндагы эл эс алчу курорттуу аймактарды тазалыкта сактоо үчүн кароосуз малдарга салынган айып пул да көбөйтүлдү.

5 миллиондон ашуун эли бар Кыргызстанга өткөн жылдын жети айында 144 миллион доллар түз тышкы инвестиция салынды. Бул, финансы министри Чоробек Имашевдин ырасташынча, 2009-жылдагыдан 70 процентке аз. Ал эми Грузиянын курамындагы 400 миңге жетпеген калкы бар Ажариянын экономикасына өткөн жылы чет элдиктер 108 миллион доллар түз инвестиция салды.

Ажарияны алсак, жан башына 270 доллар инвестиция туура келсе, Кыргызстанда жан башына 27 доллардан туура келет. (Эгерде былтыр июнда Ош жана Жалал-Абадда болгон коогалуу окуялар чет элдик ишкерлердин жүрөгүнүн үшүн алып, өлкөдөн качырганын айтсак, Кыргыз өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн чечкиндүү чара көрбөсө, жакын арада бу чөйрөдө оң бурулуш болору күмөндүү.) Ушундан улам, “Автономиялуу Ажария кантип чет элдик капиталды кызыктыра алды?” деген суроо туулат.

Грузия Чехиянын тажрыйбасын улантты

Грузиянын телеканалдары тындырбай берип жаткан бул кулактандыруу бизнесмендерди ыңгайлуу убакытты жана өкмөт берип жаткан жеңилдиктерди пайдаланып, Ажариядагы эркин экономикалык аймактарга капитал салууга чакырат. “Ишкерлер, сиздер байысаңыздар жергиликтүү эл да байыйт”,-деп аяктайт сыналгыдан чыккан жарыя.

Кара деңиз жээгиндеги Кобулети эркин экономикалык зонасына инвестиция салган ишкерге Ажар өкмөтү кандай жеңилдиктерди берет? Кандай шарт түзөт?

Кечки Батуми

Бу суроолорду Ажариянын Финансы министрлигинин аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тенгиз Зоидзиге узатканымда, ал мындай деди:

- Эркин экономикалык аймакка капитал салган адамга 1800 чарчы метр жер жана ал жерде курулчу имараттын долбоору бекер берилет. Мейманкана үчүн бардык коммуналдык байланыштар, анын ичинде суу түтүктөрү, таштандылар акчу куурлар, жол жана телекоммуникация өкмөттөн жасалат.

Деңиз жээгиндеги курорттуу зонадагы бир чарчы метр жердин базар баасы, Зоидзенин айтышынча, азыр 70 доллар турат. Мындай жеңилдик эң алды 100 же андан көп орундуу мейманкана курган ишкерлерге берилет.

Айтмакчы, Чехиянын өкмөтү да Түштүк Кореянын автомобиль жасоочу Hyundai компаниясын өлкөгө келтирүү үчүн ишкана жайгашчу жерге чейинки 65 чакырым асфальт жол куруп, кошумча темир жол да тартып берген. Натыйжада, корейлер ишкананы жумуш күчү арзан Польшага эмес, аларга мыкты шарт түзүп берген Чехияга курган.

Биринчи кадам - 100 орундуу мейманкана

Азыр Ажарияда чоң мейманкалар жок. “Бизде азыр эң чоң деген мейманканалар 65 орундуу,-дейт Тенгиз Зоидзе.- Жүз орундуу мейманкалар жок. Ошон үчүн 100 же андан көп орундуу мейманкана курулган болсо, ал 15 жылга мүлк жана киреше салыгынан да бошотулат. Ошондой эле казинону бекер ача алат. Мүлк салыгы Грузияда кыймылсыз мүлктүн баланстык баасынын 1 процентине барабар. Киреше салыгы таза кирешеден орточо 10 процент өлчөмүндө алынат”.

Грузия парламенти туристтик аймакты өнүктүрүү үчүн 2009-жылдын ноябрында 100 орундан чоң мейманкалардын казинолорун жылдык төлөмдөн куткарган. Азыр Батумиде казино ачууга зарыл лицензиянын наркы 250 миң лари же 150 миң долларга жакын акча болот.

Грузин өкмөтүнүн курорттук аймакты өнүктүрүүгө багытталган иш чаралары чет элдик инвесторлорду кызыктырууда. Батумиде Азербайжандын “ДИА Холдинг” компаниясы жаңы жыл алдында 35 миллион долларлык мейманкананы кура баштады. 12 кабаттуу мейманкана келерки жайга ачылууга тийиш. Азыр да ири долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Азыр армениялык жана грузиялык компаниялар да мейманкана куруп жатышат. Чет элдик компаниялар менен да сүйлөшүп жатабыз. Жакында келишимге кол коюлса, алардын тизмелери да жарыяланат”,-деди Зоидзе.

Ырасмий Тбилиси туризмди болочоктуу тармак деп эсептейт. Өткөн жылы Тбилиси-Батуми ортосунда тез каттамдуу темир жолдун курулушу да башталды. Батуминин курорттуу жээгинде кароосуз жүргөн малдарга айып пул салынчу болду. Былтыр Ажарияга 800 миңден ашуун турист келген. Ал эми Кыргызстанга да ушунча турист келди. Бул 2009-жылдагыга караганда 40 процентке аз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG