Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Жол курууга Тажикстан эмнеге каршы?


Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу уланууда, 12-январь, 2014.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу уланууда, 12-январь, 2014.

Баткендеги соңку чыр кайрадан Кыргызстан куруп жаткан Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун айынан болду. Ак-Сайга баруу үчүн кыргызстандыктар Тажикстандын айылы аркылуу өтүшөт. Аксайлыктар ал айылдан өтүү соңку кезде азапка айланганын айтып, айланма жол куруу зарылдыгын билдиришкен. Бирок эмне үчүн тажик тарап анын курулушуна каршы?

Соңку жылдары Баткенде катталган чек ара чырларынын көбү Тажикстандын эки аймагынын ортосунда калган Ак-Сай айылына байланыштуу болуп келатат.

Бир жагынан 35 миң калктуу Ворух анклавы, экинчи тарабынан 10 миңдей тургуну бар Хожоало айылы менен курчалган Ак-Сай айылында азыр эки миңге жетпеген эл жашайт. Аксайлыктар тажик айылы аркылуу өткөндө малын уурдатып, машинелерине таш ыргытылаарын, түрдүү кодулоолорго кабылаарын айтып, “бизге башка көз карандысыз жол керек” деп безилдеп келатканына көп болду. Буга болсо тажик тарап каршы болуп жатат.

Тажикстандын расмий бийлигинин жолго каршы болуп жатканынын себеби – расмий Дүйшөмбү айланма жол өтчү аймакты “талаштуу” деп эсептейт. Согди облусунун губернаторунун биринчи-орун басары Жумабой Сангинов “Азаттыкка” сүйлөп, тажик тараптын позициясын мындайча түшүндүрдү.

"Биз өзүбүздүн иш-аракеттерибизде Тажикстан менен Кыргызстандын президенттеринин 2008-жылкы жолугушуусунда айтылган билдирүүлөрүнө, анын негизинде эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары кол койгон келишимге, анан үчүнчү документ катары былтыр мартта эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жетекчилери жетишкен келишимге таянабыз. Ал документтерде эч бир тарап талаштуу аймактарга жол куруп же башка курулуштарды жасай албайт деп жазылган. Биз ошого баш ийебиз, - дейт Сангинов. - Бирок азыр бул аймакта жаңжалга түртүп жаткан жагдайдын баары Кыргызстан бир жактуу эле, тажик өкмөтү менен макулдашпай туруп, өз алдынча “Ак-Сай-Тамдык” жолун кура баштаганынан болууда. Биз бир канча ирет жогоруда аталган документтердин негизинде аларга ишти токтоткула деп кайрылганбыз, ошого карабай кыргыз тарап өзүнүн долбоорун алга жылдырууну улантууда".
Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык айланма жолдун долбоору (Транспорт жана маалымат министрлиги).

Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык айланма жолдун долбоору (Транспорт жана маалымат министрлиги).

Чек араны бөлүштүрүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн расмий өкүлү Курманбай Искандаров болсо, тетирисинче, келишимдерди эң оболу тажик тарап бузган деп билет. "Лейлектеги Кулунду-Максат жолу тарапта 78 гектар жерди эки тарап тең талаштуу деп турабыз. Келишимдер боюнча ал жакка эч нерсе курулбашы керек эле. Бирок тажик тарап бүгүн ал жерди өздөштүрүп, шалы, жүгөрү айдап алган. Экинчиден, ал жерде суу бөлүштүргүч куруп, ылдыйдагы Чкаловск, Ленинабадга суу алып кетип жатат. Бизден сурап да койбойт. Кат жазсак, бул биздин жер деп туруп эле теманы жаап коюшат", - дейт.

“Тажик тарап жолго каршы болгонунун чыныгы себеби башкада”, - деген Курманбай Искандаров азыр талашка түшкөн жол 21 чакырымга созулаарын, азырынча бир чакырымдан ашыгыраак жери курулганын айтты.

"Курулуш улантылууда. Биз аны токтотпойбуз. Бул жол курулса, тетирисинче, азыркыдай чатактар болбойт: биз өзүбүздүн, тажиктер өзүнүн жолу менен жүрө баштайбыз. Тажикстан анын курулушуна каршы болуп жатканынын башкы себеби – алардын бул аймакта мал айдаганга жайыты жок. Ворухта азыр 35-40 миңдин тегерегинде калк бар, бул 800-900 түтүн дейли. Ар бир үй-бүлөдө үчтөн малы болгондо эле үч миңге жакын мал болуп жатпайбы. Аны жайганга жай жок болуп жатат да. Азыр биз жол куруп жаткан жерлерди булар жайыт катары пайдаланып жүрүшкөн. Биздин жол курулса, ал жактарга тажиктер малын чыгара албай калышат. Андан сырткары, аксайлыктар малын тажиктердин аймагы аркылуу эмес, өз алдынча жол менен өткөрүп, тажик айылдарына көз каранды болбой калат", - дейт Искандаров.

Расмий Дүйшөмбү азырынча Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна каршы экенине дал ушул жайыт, суу маселеси себеп болуп жатканын айта элек, бирок аны “Азаттык” менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө тажикстандык журналист, ушул күндөрү конфликт болгон аймакта жүргөн Негматулло Мирсаидов да ырастагандай болду.

"Азыр эки тарап бир пикирге келиши аябай оор. Болгону - бир эле позицияны карманып, көгөрүп тура бербей, ал жакта балким калктын санына жараша аларга турмуш-тиричилигине жетиштүү жайыт, суу деген ресурстар болушун эске алыш керек, - дейт Мирсаидов. - Ал жерлердеги элдер аймакты кылымдар бою ээлеп келишкен, демек, алар ошол тоолорго ээлик кылганга акысы бар деп ойлойм. Маселен кыргыздар отурукташкан жерге жакын жерде жайыт, тоо барбы, демек, аларга өтсүн. Тажиктер отурукташкан жерге жакын аймактагы жайыттар тажиктерге өтсүн. Мына ушинтип сүйлөшсөк болот деп ойлойм. Ар бир калктуу аймакка кеңейгенге мүмкүнчүлүк бергидей аймакты калтырыш керек. Анткени калктын саны өсүп баратат, эртең эле аларга жер, суу керек болот".

Эки тараптын аймактагы бийликтери жана чек ара кызматтарынын жетекчиликтери бүгүн Баткенде жолугушуп, кайрадан соңку чечимдерди кармануу тууралуу протоколго кол коюшканы айтылды. Бирок кыргыз тарап азырынча курулуштан баш тартпай турганын билдирген өңдүү. Талаштуу жерлер боюнча маселени Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия карашы күтүлүүдө. Анын жыйыны ушул айдын этегинде өтөт.
Ак-Сайдагы атышуудан кийинки сүрөт баян, 12.01.2014
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG