Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Ушул күндөрү президент Аскар Акаев Америкада жүрөт. Байкоочулардын баамында, адам укугунун сакталышынын жана демократиянын кепилдиги катары кабылданып келген АКШга карата кыргыз коомчулугунда соңку күндөрү мамиле өзгөрө баштады. Ал эми Американын Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыкчылыктары күчөп барат.

11-сентябрдагы трагедия АКШ менен Кыргызстандын мамилесине катуу таасирин тийгизди. Эл аралык терроримзге каршы биргелешип күрөшүү ниети АКШнын Борбор Азиядагы таасирин күчөттү дешет эксперттер.

Американын мамлекеттик чоң даражадагы чиновниктери жана аскерий адамдары Кыргызстанга байма-бай каттап, ал эми прездиент Аскар Акаев дагы бул чоң державага бат-бат барууда.

Учурда Американын ЮТА штатында президентти коштоп жүргөн басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин пикиринде, АКШ бийлиги Кыргызстанда атуулдук коомдун калыптанышына чоң салымын кошууда:

- Эгемендик жылдарында АКШ Кыргызстандагы демократиянын калыптанышына жана ар тармактуу реформаларга колдоо көрсөтүп келет. Өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен АКШ биринчилерден болуп Кыргызстанды эгемен мамлекет катары тааныган. Кыргызстан учурда тышкы саясатта көп мамлекеттер эңсеп жүргөн салмакка жетишти десек болот. АКШ жана Орусия өңдүү чоң державалар менен бир тепкичте туруп сүйлөшүп, ар тараптуу кызматташтыкка жетишти. Ганси жана Кант аскердик базаларынын турушу эле мындай кызматташтыктын далили.

Бишкектеги Ганси атындагы авиабаза учурда Америка бийлигинин Кыргызстандагы башкы кызыкчылыктарынын бири деген да ойлор бар. Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде Ганси базасы 300 гектар жерди ижарага алган. Бирок ал жерде аскерлер үчүн турак-жайларды куруу планы токтотулуп, азыр Манас аба майданынын оң канатында чатырча кейпиндеги убактылуу үйлөрдү куруу иштери жүрүп аткан кез.

Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун пикиринде, АКШнын Кыргызстандагы кызыкчылыгы дал ушул аскердик базада:

- Азиянын чок ортосунда, өзүнө атаандаш Орусия менен Кытайдын жана ага каяша айтып келген Ирандын колтугунда жайгашкан Ганси аскердик базасы АКШ үчүн өтө баалуу. СССР менен тирешкен жылдары атомдук курал-жарактар менен жабдылган деңиз кемелеринен да баалуу болуп турат. Андыктан дал ушул кенедей база өтө баалуу.

Кыргыз армиясында 12 миңдин тегерегинде аскер бар. Баткен окуясы жана Америкадагы 11- сентябрда болгон трагедия кыргыз бийлигинин жүрөгүнүн үшүн алып койду дешет айрым байкоочулар. Андыктан АКШ жана Орусия өңдүү державалардын калкалоосунда жүргөнү дурус деген ойлор бар. Профессор Рысбек Абдылдаев терроризм жана башка сырткы коркунуч күчөп турган маалда Америка менен тыгыз кызматташтыкка муктажбыз деген ойдо.

Анын айтымында, америкалык база ар кандай террорчул жана куралчан топторго сес көрсөтүп турганга керек.

Кыргыз коомчулугунда АКШ бийлигине сын көз менен карагандар да жок эмес. Мындай турумдагы байкоочулардын баамында, Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышынын жана демократиялык жараяндын кепилдиги катары кабылданып келген Америка ал үмүттү актаган жок. Бишкектиктердин айрымдарынын пикирин тыңдаганыбызда көпчүлүгүнүн АКШ бийлигине ишеним артпаганы көрүндү. Мисалы, Максат Акматбаевдин айтымында, адам укугу деген ураан аркылуу америкалыктар өз мүдөөлөрүн тымызын жүзөгө ашырууда.

Ал эми саясатчылар жана коомдук ишмерлер эмне дейт, белгилүү коомдук ишмер, "Теңир ордо" коомдук фондунун жетекчиси Дастан Сарыгулов мындай дейт:

- Кыргыздар тентип кетсе да Америкага баары бир, кабагым-кашым деп да койбойт. Адам укугу деген сөзгө алданбай, кыргыздар өз тагдыры үчүн күрөшүшү керек.

Президент Аскар Акаев БУУнун сессиясында сүйлөгөн күнү "Арнамыс" партиясынын мүчөлөрү Нью-Йоркто БУУнун имаратынын астында пикет өткөргөнү жатышат.

Кыргызстанда адам укугунун сакталышын, Феликс Куловдун бошотулушун талап кылууну көздөп турган "Арнамыс" партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев Америка болгон аракетин кылууда, бирок кыргыз бийлиги тоготпой калды дейт. Анын пикиринде, кыргыз бийлиги коңшу өлкөлөрдөгү диктатордук режимге кошулуп, көп учурда эл аралык коомчулуктун пикирине көз жумууда.

Чолпон Орозобекова , Бишкек.
XS
SM
MD
LG