Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

“Ал-Каида”: Алсыз ажыдаар болчу беле?


2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон теракттан берки 8 жылда “Ал-Каиданын” тактикасы анын ийкемдүү идеологиясына жараша өзгөрүлдү.

Эксперттердин көпчүлүгү эле “Ал-Каида” террор уюму мурдагыдай коркунуч туудурбай калды дешет. Бирок анын глобалдык жихад жөнүндөгү идеологиясына сугарылган майда террор уюмдары өз алдынча чабуулдарга даяр болушу мүмкүн.

“Азыркы “Ал-Каида” биз сегиз жыл мурда 11-сентябрда көргөн “Ал-Каида” эмес, - дейт Лондондук аналитик Маха Аззам. - Азыр да мыкаачылык менен террор чабуулдарын жасоого даяр турган майда уюмдар бар. Бирок алар сөзсүз эле мурдагы жетекчиликтин же уюмдун көрсөтмөсү менен иштебеши мүмкүн. Азыр деле коркунуч жогору. Бул коркунуч дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарындагы майда уюмдардан же террорчулукка барууну каалаган айрым адамдардан чыгышы ыктымал”.

Британиянын өкмөтүнүн башчысы Гордон Браун “Ал-Каиданын” Пакистандагы жетекчилиги менен байланышы бар топтор Британияда үч ири террор актысына даярданышканын декабрда айтып чыккан. Пакистандык дипломаттар болсо муну четке кагып, Британияда экстремизмдин күчөшүнө эмне себеп болуп жатканын британ өкмөтү өзү териштирип алышы керек деп билдиришкен.

Айрым маалыматтарга караганда, “Ал-Каида” 2006-жылдан бери Пакистандагы лидерлеринин көрсөтмөсү менен дүйнөнүн бир топ жерлеринде чабуулдарга даярданып келди.

Ушул аптада Британияда 2006-жылы камакка алынган үч адамды сот күнөөлүү деп тапты. Алар учактарга суюк бомбаны алып кирип, Атлантикада кеминде жети учакты жардырууну каалаган дешти. Эгерде алардын карасанатай планы ишке ашканда, чабуулдун кесепети 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдагыдай жоготууларга алып келмектиги кошумчаланды. Британиянын чалгын кызматтарынын тарыхындагы эң узакка созулган иликтөөнүн натыйжасында бул адамдар Пакистандагы “Ал-Каида” менен тыгыз кызматташтыкта болгону аныкталган.

Бир топ изилдөөлөр азыр “Ал-Каида” жаңы технологияларды колдонуп, интернет аркылуу дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө өзүнүн майда бөлүкчөлөрү менен жашыруун символдор аркылуу маалымат алмашып турганын айтышууда.

Андыктар чалгын кызматтары “Ал-Каиданын” жашыруун тексттерин окуй билип, каерде, качан террор чабуулу күтүлүп жатса, алдын ала маалыматка анализ жасоого кудуреттүү болушу зарыл экени көп эскертилип жатат.

Стратегиялык окуулар боюнча эларалык институттагы Өткөөл коркунучтар жана Саясий тобокелчилик бөлүмүнүн башчысы Нигел Инкстер “Ал-Каиданын” эң башында турган адамдар дале ооган-пакистан чекарасында, көбүрөөк Пакистандагы уруулар жайгашкан аймакта орун алып турушканын айтат.

Дал ушул жерлерге эларалык аскер күчтөрү операцияларын күчөтүшкөндөн бери “Ал-Каиданын” да күчү кетти көрүнөт, дейт Инкстер. “Азыр “Ал-Каидага” мурдагыдай террор уюму эмес, ар кандай топторго дем берип, аларды өзүнүн идеологиясы менен шыктандырып турган кыймыл катары караган туурараак болот го”, - дейт ал.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү номур биринчи террорист, “Ал-Каиданын” лидери Осама бин Ладен тирүү же тирүү эместиги тууралуу да эксперттик коомчулукта эки анжы ой айтылып келет. Инкстер, мисалы, көпчүлүк башка эксперттердей эле, Осама бин Ладен тирүү деген ойдо. Буга толтура далилдер бар дейт ал. Ошол эле учурда жаңы технологиялар кеңири колдонулуп жаткан азыркы учурда анын видеосун оңой эле жасап койсо болот, ал өлгөн болушу керек дегендер да аз эмес.

“Бирок бин Ладен мененби же ансызбы, айтор, кантсе да “Ал-Каида” улам күчтөнүп баратат”, - дейт Жэйндин Коргоо маселелери боюнча интернет-басылмасынын Түштүк Азия боюнча кабарчысы Рахул Беди: “Ал-Каида” азыркы учурда сегиз жыл мурдагыдай ири террор чабуулуна алы жетпеши мүмкүн. Бирок ал барган чайын күчтөнүп, улам топтошуп баратат, жана бир канча айлардын же жылдардын ичинде өтө чоң коркунучка айланышы ажеп эмес. Ал ооган талиптери жана пакистандык талиптердин эсебинен кеңейип жатат”, - деди Рахул Беди.

Анын айтымында, террор тобунун айрым өкүлдөрү азырынча өкмөттөрү алсыз болгон аймактарга – Сомалиге, Суданга, Алжирге жана Йеменге – кеткен болушу мүмкүн. Бирок каржылык, тактикалык колдоо пакистан-ооган чекараларынан келет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG