Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Француз полициясы Кале лагерин тазалай баштады


Кале лагери.
Кале лагери.

Франциянын бийлиги Кале портундагы мигранттардын лагерин тазалоо операциясын баштады. 6,5 миңден ашык мигрантты шарты начар лагерден чыгаруу ишине 1200дөй полиция кызматкерлери тартылды. Алар лагердин жашоочуларын четинен Каледеги каттоо борборуна алып келип жатат.

Өткөн аптадагы соттун чечими менен ишке ашып жаткан бул операция бир жумага созулат деп күтүлүүдө. Планга ылайык, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиядан келип, Улуу Британияга өтүүнү көздөгөн мигранттар Франциянын ар кыл аймактарындагы качкындардын борборлоруна бөлүштүрүлөт. Ал борборлор аркылуу мигранттар өкмөттөн баш калка сурай алышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG