Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Улуттук-мекенчил күчтөр жөө жүрүш уюштурат


"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси.
"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси.

Бул тууралуу жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири, “Элдик курултай кыймылынын” өкүлү Кадыр Кошалиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 7-декабрга белгиленген жөө жүрүш “Биз кыргызбыз” деп аталат жана тынчтык багытында болот. Ага “Элдик курултай” кыймылы, “Кыргыз чоролору”, “Кыргыз жолу” коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү катышып, азыркы Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр батыштан көчүрүлгөнүнө нааразылык билдиришет.

Жөө жүрүш катышуучулары улуттук Баш мыйзам кабыл алуу, паспортто улут тууралуу ачык, так жазуу, мамлекеттик кызматтарга таза адамдарды алып келүүгө бийликти чакырышат. Алар Бишкектеги эски аэропорттон Ала-Тоо аянтына чейинки аралыкты басып өтүүнү көздөп жатышат. Уюштуруучулар акцияга уруксат алуу боюнча шаардык бийликке бүгүн кайрыла тургандыктарын маалымдашты. (NT)

XS
SM
MD
LG