Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Нарындагы митингди ким уюштурду?


Нарындагы митинг, 2010-жылдын 12-июлу.

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 12-июлу.

Нарында жума күнү ондогон адамдар митинг өткөрүп, обладминистрация жетекчилиги кызматтан кетишин талап кылышкан.

Облустук бийлик өкүлдөрү бул митингди облустук ички иштер башкармалыгынын ошол күнү кызматтан алынган жетекчиси Нарынбек Молдоисаев уюштурганын айтса, ал муну жалган жалаа катары баалоодо.

Адегенде Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Эмил Алымкуловду угалы.

“Азаттык”:
Эмил мырза, жума күнү ондогон адамдар чыгып бир катар талаптарды коюшту. Талаптардын арасында мугалимдердин айлык-акысы көтөрүлсүн, бийик тоо коэффициенти сакталсын, обладминистрация башчылары кетсин деген сөздөр айтылган экен. Алар менен сүйлөшүп талаптарын уктуңуздарбы?

Эмил Алымкулов: Ооба, ошол 10-декабрь күнү Нарын облустук администрациянын алдына 70-80 чамалуу киши чыгып, плакаттарын көтөрүп бир катар талаптарды айтып чыгышты. Бул жерде жанагы өзүңүз айткандай бийик тоолуу коэффициент боюнча айтсак, бул 2-апрелде чыккан өкмөттүн токтому менен Нарын облусуна, жеке эле бийик тоолуу аймактарга кышкысын 110 кВт, жайкысын 55 кВт жеңилдик берилмек болчу. Ошол боюнча азыр биз эсептин баары өзүнчө өкмөт тарабынан акча бөлүнбөй, дагы эле ошолорду алып салып эсептеп анан эл төлөп атат. Ошол жеңилдикке деген чогулган акча облус боюнча 38 миллион сомду түзүп атат. Муну азыр биз өкмөткө коюп атабыз. Ал өкмөт тарабынан жеңилдик катары төлөнүп берилиши керек. Муну биз ушундай деп түшүндүрүп айтып атабыз.

Экинчиден, жерлер сатылбасын, Ак-Сай, Арпа, Жетим-Тоо сатылбасын деген эле баягы эски маселени көтөрүп чыгып атышат. Бул эми өзүнүн актуалдуулугун жоготкон, бул боюнча маселеге чекит коюлган, элге түшүндүрүлгөн болчу. Андыктан бул туура эмес эле маселе болуп калды.

Андан сырткары мугалимдердин, доктурлардын, бюджетте тургандардын эмгек акылары тууралуу айтылды. Эми башка региондордо да ушундай маселе айтылып атат деп, алардын талаптарын алып, жогорку жакка коёлу дедик. Азыркы кезде Жогорку Кеңеш толук кандуу иштеп кете албай атат, өкмөт түзүлбөй атат, өкмөт түзүлгөндөн кийин маселени алып чыгалы деп губернатор өзү да чыгып сүйлөштү. Чогулгандарга өлкөдөгү абалды түшүндүрүп айттык.

Эми ачык айтып коюш керек. Ал жерде митингге мугалимдер, врачтар чыккан жок. Мындан мурда туур эмес маалыматтар кетип калды. Мугалимдерди мурда эле ошол жума күнү түштөн кийинкиге Нарын облустук драма театрына чакырганбыз. Ал жакта аларды чогултуп алып, губернатор, мэр кошо барып сүйлөштүк. Аларга баарын түшүндүрүп айттык. Мындайча айтканда алар митингге чыккан жок.

“Азаттык”: Анда обладминистрациянын алдына кимдер митингге чыкты?

Э.Алымкулов: Обладминистрациянын алдына Нарындын тегерегиндеги айылдардан келгендер анан Нарын шаарынын айрым тургундары чыкты. Мунун негизги уюштуруучусу облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Молдоисаев болгон. Ал ошол эле күнү жумуштан алынган. Ошол Н .Молдоисаев жер-жерлерден кишилерди алып келип, аларды сүйлөтүп, өзү да сүйлөп, “мындай губернатор менен иштеше албайбыз, кетсин” деген сыяктуу маселелердин баарын өзү айтып чыгып, элдерге айттырып атты. Бу киши эми ИИМдеги өзүнүн жогорку жетекчилери менен иштеше албай, кызматтан кете турганын билгенден кийин ушундай кылган окшойт. Элдин коопсуздугун сактагандын ордуна тескерисинче ушундай акция уюштуруп, “милиция эл менен” деп ушундай иштерди кылды.

Ал эми ошол эле күнү кечинде министрдин буйругу менен кызматтан алынып, азыр башка жетекчи келип иштеп атат.

“Азаттык”: Ал киши дал ошол митингге чыккан күнү кызматтан алынып атабы ошондо?

Э.Алымкулов: Мурда эле буйрук даяр болуп калган окшойт. Ошол буйрукту угуп алып, элди жанагинтип чыгарган окшойт. Бизге буйрукту алып келип окуганда, ону күнкү буйрук катары бекитилген экен.

“Азаттык”: Бирок жанагы айтылып аткан социалдык маселелер, мугалимдердин, дарыгерлердин айлык-акылары, бийик тоолуу аймактарга берилчү жеңилдиктер сыяктуу маселелер баарыбир туруп атат да. Мугалимдер да губернатор менен жолукканда айтышты. Бул жаатта облус жетекчилиги эмне чараларды көрүп атасыздар?

Э.Алымкулов: Туура. Биз бул боюнча мугалимдердин, врачтардын эмгек акылары абдан аз экенин буга чейин деле билчүбүз. Чынында эле муну көтөрүш керек. Бийик тоолуу коэффициент катары биздеги мугалимдер менен врачтарга 50 пайыз айлык-акыларына кошулгандан кийин да аздык кылып атат. Муну эми өкмөттө коюшубуз керек, ошол жакта чечилчү маселе. Анткени биздин облус 87 пайыз дотацияда турат, 13 гана пайыз салык чогултабыз киреше бөлүгүнө.

Андан сырткары айтып кетейин, жанагы митингге чыккандар Нарын шаарынын жолу тууралуу да айтышты эле. Туура, Нарын шаарынын жолун оңдоо үчүн 50 миллион сом өкмөттүн токтому менен бөлүнгөн. Анын 40 миллиону келип түшкөн. Анын 32 миллиону иштетилип, 7,5 миллиону сому күндүн сууктап кеткенине байланыштуу туруп калды. Анан ошол жерде “сапатсыз жасалып калды, жол бүтпөй калды” деген маселе айтылды. Буга келишим боюнча тендерде утуп алган ишкана жооп бериши керек. Сапатсыз жасаган болсо биз кайра жасатышыбыз керек.

“Азаттык”: Бирок ошону облус жетекчилиги көзөмөлдөп, карап атабы?

Э.Алымкулов: Көзөмөлдө, албетте биздин көзөмөлдө. Бул эми өзүн-өзү башкаруу деп мэрия тендер өткөрүп, ошолордун эсебине келип түшкөн акча. Бирок бул обладминистрациянын көзөмөлүндө.

Н. Молдоисаев: Коррупциялык иштерди казганым үчүн куугунтукка кабылдым

"Азаттык" ошол эле учурда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нарынбек Модоисаевге кайрылды. Ал коррупциялык иштерди казганы үчүн куугунтукка кабылганын айтууда.

- Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Эмил Алымкулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жума күнүндөгү митингди сизди уюштурган деп атат. Сизди ошол кызматтан алынып атканын билип калып, анан ушундай иш-чараларды уюштурган деп. Мунун байланышы барбы?

- Мени уюштурган деген жалган сөз. Нарын шаарында курулуп аткан жолду эч бир техникасы, эч нерсеси жок ишканага губарнатор жана мэр берип коюшкан. Жолдун тамтыгын чыгарып туруп, иш жасалбай калганда шаар тургундары губернаторго киришкен. Ошондон кийин башка ишканага өткөрүп беришкен. Анысы да эч технологияларды сактабай туруп эптеп жасап койгон. Ортодо 20 миллион сом жоголуп кеткен. Муну биз казып, миллиондорду чубай баштасак менин аркаман куугунтуктап, аңдып, үйүмдү да аңтарышты. Жетекчиликке арыз менен кайрылсак эч бир жооп болбоду.
XS
SM
MD
LG