Пакистанда бортунда 40тан ашуун жүргүнчүсү бар учак кырсыкка учурады. Хайбер-Пахтунхва провинциясынын өкүлү Лайк Шахтын айтымында, Pakistan International Airlines компаниясына караштуу учак 7-декабрда Хавелиан шаарынан алыс эмес жерде кулаган.
Азырынча учактагы кишилердин абалы тууралуу эч кандай маалымат жок.
PK-661 учагы түндүктөгү Читрал шаарынан Исламбадга бараткан.
PIA компаниясына караштуу учак акыркы жолу 2006-жылы кыйраган. Лахор шаарына багыт алган учак Мултан шаарында кулап, 40тай адам мерт кеткен.