Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Сирияда «Аль-Каида» лидеринин орун басары жок кылынгандыгы кабарланууда


Сирия.
Сирия.

АКШнын аба соккуларынан Сириянын түндүк-батышында «Аль-Каида» террордук уюмунун лидеринин орун басары Ахмед Хасан Абу аль-Хайр аль-Масри жок кылынды. Бул тууралуу SITE маалымат булагы билдирүүдө.

Дүйшөмбүдө Пентагон Сириянын аталган аймагына аба соккуларын жасаганын ырастады.

The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, аль-Масри 26-февраль, жекшемби күнү жок кылынган. Бул маалыматты идеологиясы жагынан «Аль-Каидага» жакындыгы бар жана буга чейин аль-Масри курамында иштеп жүргөн "Жебхат Фатх аш-Шам» тобу, ошондой эле башка жихад топторунун айрым лидерлери да ырасташты.

Январда Пентагон аба соккулардан "Аль-Каиданын" эки лидери – Мохаммад Хабиб Буссадун аль-Туниси менен Абд аль-Жалиль Аль-Муслими өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG