Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Анжиян козголоңу: чындык качан айтылат?


Кыргызстандын чек арачысы Бараш кыштагындагы өзбек качкындарды карап турат. 19-май, 2005-жыл
Кыргызстандын чек арачысы Бараш кыштагындагы өзбек качкындарды карап турат. 19-май, 2005-жыл

Он жыл мурунку Анжияндагы кандуу окуяларды айрымдар өзбек бийлигинин зордукчул маңызын көргөзгөн кыргын деп аташат.

Жыл сайын 13-майды утурлай эл аралык укук коргоочу уюмдар расмий Ташкенттин Анжиянда ашыкча күч колдонгонун сындап келишет.

Кайгылуу окуядан алыстаган сайын, айрым байкоочулардын пикиринде, кооз сөздөрдүн артында кээ бир маанилүү маалыматтар менен фактылар көз жаздымда калып баратат.

"Азаттыктын” аналитиги Брюс Паньер Борбор Азия, жалпы эле мурдагы СССРдин аймагындагы ошол кездеги кырдаалды эске салып, Анжиян окуяларынын келип чыгышын Кыргызстандагы март ыңкылабы, президент Аскар Акаевдин бийликтен кулатылышы аймактагы жетекчилерди бейпайга салганы жашыруун эместиги менен байланыштырат.

Анын үстүнө 2003-2004-жылдары Грузия менен Украиндагы түстүү революциялар бийликти алмаштырган эле.

"Кара тизмеге" түшкөн ишкерлер

2005-жылдын 3-майында тартип коргоочулар АКШнын Ташкенттеги элчилиги алдына чогулган дыйкандарды күч менен кууп таркаткан. Ошондо 20 чакты кишини кармап, камакка алган.


Бир жумадан кийин жүзгө чукул киши Анжияндын көчөсүнө чыгып, жергиликтүү 23 ишкердин камалышына нааразылык билдирген. Мындан чаканыраак топтор февраль айынан бери эле маал-маалы менен чогулуп келген.

Ишкерлерге “Акрамия” деп аталган, өлкөдө тыюу салынган исламчыл топтун мүчөлөрү деген айып тагылган. Өзбек бийлиги “кара тизмедеги” “Хизб ут-Тахрир” уюмунан бөлүнүп чыккан топту Акрам Юлдашев жетектегенин айтып келген.

Бирок көптөр “Акрамиянын” чынында эле бардыгынан күмөн санашкан. Жергиликтүү элдин өкүлдөрү облус губернаторунун жана бир катар төмөнкү звенодогу жетекчилердин алмашуусу таасир чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келген деген пикирлерин айтып келишкен. Айткандай эле, камалган ишкерлердин бизнеси жаңы жетекчилерге жакын адамдардын колуна өткөн.

12-майда Анжиянда демонстрацияларга катышкан адамдардын саны эки миң кишиге жеткен. Күбөлөр акциянын жакшы уюштурулганын, көчөлөрдүн бир жагына аялдар үчүн отургучтар орнотулганын, эркектер каршы өйүзүндө турушканын, эч ким жол кыймылына тоскоолдук кылбаганын, демонстрациялар өткөн жерде тазалык, тартип сакталганын айтып беришкен.

Кандуу жума


13-май, жума күнү борбордук аянтка мурункудан да көп киши келет деп күтүлүп жаткан. Бирок түн ортосунда исламчыл экстремисттер деп сыпатталган 30дан ашык киши Өзбекстанга Кыргызстандын аймагынан кирип барып, Анжияндын жанындагы милиция бөлүмүнө кол салган.

Бир нече милицияны өлтүрүп, курал-жаракты тартып алган топ түрмөгө бет алып, эки миңден көп кишини бошоткон. Кийин куралчан адамдар, абактан качкан жүздөгөн киши менен чогуу демонстранттарга барып кошулган.

Эртең менен эрте шаарда атышуу башталып, он миңге жакын киши көчөгө чыгат. Куралдуу топ шаар администрациясынын имаратын ээлеп алат. Бирок 300 миң калктуу калаада милиция эч жерде көрүнгөн эмес.

Анжиянда башаламандык өкүм сүрө баштайт. Көп узабай бийлик имаратын ээлеп алгандардын жетекчилеринин бири Кабилжон Парпиев ошол кездеги ички иштер министри Закир Алматов менен телефондон сүйлөшөт. Адегенде козголоңчулар камалган 23 ишкерди бошотууну талап кылып, БУУ, ЕККУ, Орусия менен АКШны өзбек бийлиги менен талашын жөнгө салууда арачы болууга үндөшкөн.

Ал күнү түшкө чейин кеминде тогуз кишинин каза тапканы, 34ү жарадар болгону маалымдалган.

13-майдын экинчи жарымында шаарга карай аскерлер жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү бронетранспортерлордун коштоосунда тартылган. Көчөлөрдө жүргөн элге, куралсыз аялдар менен балдарга, улгайган адамдарга туш келди ок атылган.

Күүгүм киргиче бийлик Анжиянда “тартип орнотконун” билдирген. Кыргызстан менен чек ара аймагында дагы эки күндөй тирешүүнүн очогу өчкөн эмес. Өзбек бийлиги аларды да күч менен баскан.

Козголоңдон кийинки көрүстөндөр

Өзбек бийлигинин ырастоосунда, кандуу окуяда 187 киши набыт кеткен, алардын үчтөн бир бөлүгү аскерлер менен аткаминерлер, дагы бир бөлүгү “согушкерлер”, калгандары карапайым жарандар деп айтылган.

Канды булоондон кийинки күндөрдө шаардын айланасында массалык көрүстөндөр пайда болгону тууралуу сөздөр айтылып келет. Айрым маалыматтарга караганда ал күнү жүздөгөн, балким миңдеген киши жарык менен кош айтышкан.

Анжиян козголоңуна 10 жыл

XS
SM
MD
LG