Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

КОФИ АННАН ЕВРОПАРЛАМЕНТТИН САХАРОВ СЫЙЛЫГЫН АЛЫП ЖАТЫП, ЕВРОПАЛЫКТАРДЫ КАЙРЫМДУУ БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ


Бириккен Улуттардын Башкатчысы Кофи Аннан бейшембиде Европалык парламенттин Андрей Сахаров атындагы сыйлыгын алды. Сыйлык БУУнун кызматкерлеринин адам укуктарын коргоо, өзөккү эркиндикти камсыз кылуу, зулумдукка каршы күрөш жаатында кошкон салымдарына берилген жогорку баа болуп калды. Ал эми Кофи Аннан европалыктарды башка аймактарда байырлаган жана келгин замандаштарына кайрымдуу болууга чакырды.

Ой жүгүртүүнүн эркиндиги үчүн деп аталган жана адам укуктарын коргоо жаатындагы олуттуу ишмердүүлүк жүргүзгөн коомдук ишмерлерге берилчү Сахаров атындагы сыйлыкты Европарламенттин жетекчилиги Бириккен Улуттар Уюмуна ыйгарып жатып, сыйлык БУУнун былтыр августта Багдаддагы террордук жардыруунун айынан өмүрүнөн ажыраган 22 кызматкеринин жаркын элесине арналаарын билдирди. Курман болгондордун арасында БУУнун өлкөдөгү башкы өкүлү Сержио Виейра де Мелло да бар болчу.

Сыйлыкты алып жатып, Кофи Аннан дүйнөдөгү тынчтык үчүн кызмат кылып жаткан маалында набыт болгон кесиптештеринин элесине багышталган бул сыйлыкты алуу өзү үчүн өтө жогорку урмат болгонун билдирди. Европа Биримдиги, Аннандын оюнча, азыркы тапта сабырдуулуктун, адам укуктарын сактоонун жана эл аралык кызматташтыктын жаркын өрнөгү болуп саналат.

Арийне, Кофи Аннан конок катары Европа Биримдигин мактап тим болбостон, Биримдиктеги көйгөйлөрдү да козгой кетти. Маселен, Европа Биримдигинин бир катар бай өлкөлөрү чет өлкөлөрдөн тынымсыз агылган бозгундарга, асыресе мыйзамсыз түрдө журт которуп жаткандарга кыргый кабак мамилесин көрсөтүүдө.

Кофи Аннандын оюна караганда, бозгундарга карата кайрымдуу мамиле Европанын экономикалык келечеги үчүн гана эмес, анын калкынын руханий дүйнөсүнүн келечеги үчүн да олуттуу мааниге ээ:

- Бозгундар үчүн жабык Европа - бул Европанын мурдагыдан алда канча сараң, жакыр, алсыз жана алда канча картаң болоорун көрсөтөөр эле. Ал эми Европа ачык болсо, анда ал адилеттүүрөөк, бакыбатыраак, кубаттуураак жана жашыраак Европа болоорун туюнтат. Бул Сиздердин миграция маселесин туура чечкениңиздерге жараша болот.

БУУнун Башкы катчысы швейцариялык жазуучу Макс Фиштин тээ 1960-жылдары жазган: “Европа сырткары жактан жумушчуларды табууну көздөйт, бирок алардын ордуна кишилерге кабылууда” деген сөзүн эске салып, Европа өлкөлөрүн жалаң эле мыкты жана даяр адистерди сырттан чакырып тим болбоого, чет жактан баш паана издеп качып келүүгө мажбур болгондорду жерибөөгө чакырды.

Жалпысынан, батыштык серепчилердин пикирине караганда, Сахаров сыйлыгын БУУга тапшырууга арналган бул салтанаттуу окуя Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү улам тереңдеп баратканын дагы бир жолу далилдеди.

XS
SM
MD
LG