Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

ЕВРОБИРИМДИКТИН АНДРЕЙ САХАРОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫГЫ БЕЛАРУСТУН ЖУРНАЛИСТТЕР АССОЦАЦИЯСЫНА ЫЙГАРЫЛДЫ


Кубат Отобаев, Прага Шейшембиде Европарламент Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты Беларустун журналисттер ассоцациясына ыйгарды. Европа биримдигинин “Ой жүгүртүүнүн эркиндиги” деген бул сыйлыгы адам укуктарын коргоо жаатында жетишкен ийгиликтер үчүн тапшырылат. Европарламенттин президенти Жозеп Борелл сыйлыкты тапшырып жатып "сөз эркиндиги жана демократия авторитардык бийлик орногон Беларус жергесинде да жайылууга тийиш" деп билдирди.

Беларустун журналисттер ассоцациясынын жетекчиси Жанна Литвинага 50 миң еврого жазылган чекти тапшырып жатып Европа парламентинин президенти Жозеп Борелл бул өлкөнүн эркин журналисттери күн сайын маалымат топтоп, аны элге жеткирүү менен өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып жатышат деп белгиледи. Бореллдин айтымында Берлин дубалдары кулаганына 15 жыл өткөнүнө карабай Беларуста дале болсо кызыл камчы бийлик жашап жатат жана Европадагы демократиялык баалуулуктарды өлкөгө жайылтууда журналисттер ассоцациясы жасап аткан иштин баасы ченемсиз.

Сыйлыкты алып жатып Жанна Литвина анын баасы Беларуста сөз эркиндигинин жайылышына гана эмес, адам укуктарынын корголушуна да жакшы таасир тийгизет деген пикирин айтты. Жанна Литвина президент Александр Лукашенко өзүнүн башкаруу методдору менен Беларусту Европадан жана анын баалуулуктарынан бөлүп таштады деген оюн ортого салды:

- Тилекке каршы Беларус бийликтери өлкөбүздө жабык коом түзүштү. Ал коом өзүн өзү чектөөгө жана демократиялык баалуулуктарды четке кагууга негизделген. Мен бүгүн өкүнүү менен айтууга аргасызмын – бийликтеги режим өзүнүн коопсуздугун жана өмүрүн маалымат мейкиндигин айоосуз чектөө менен узартып жатат.

Жанна Литвина Беларустагы жагдайды өзгөртүү үчүн Европадагы уюмдар "континенттин акыркы диктатору" деп аталган президент Лукашенкого басым көрсөтүүгө тийиштигин да эске салды:

- Биз үчүн Европа коомчулугу жана Европа институттары сөз эркиндиги жана адам укуктары принциптериндеги өзүнүн позициясын алсыратпашы өтө маанилүү. Эгерде ошол позиция, ошол принциптер алсырай баштаса эле мамлекеттин ичиндеги репрессиялык машина катуу иштей баштайт да, биз мурдагыдан да жаман кысымга алынабыз.

Евробиримдиктин бул сыйлыгы 1988-жылы советтик диссидент Андрей Сахаровдун урматына негизделген жана ал адам укуктарын, демократия баалуулуктарын жана сөз эркиндигин коргоо жаатында ийгиликке жеткендерге ыйгарылат. Буга чейин ага Бирмалык демократ аял Ауң Сан Суу Кай, Сараеводо чыгуучу “Ослободжение” деген апталык гезит, Түркиядагы күрт активисти Лейла Зана жана Чыгыш Тимордун эркиндиги үчүн күрөшкөн Ханано Гусмао татыктуу болушкан.

Европарламенттин президенти Жозеп Борелл Беларусттун бийлигин диктатордук режим катары баалады жана миңден ашуун журналисттин башын бириктирген журналисттер ассоцациясынын ишине ийгилик каалап, Литвинаны алкады:

-Мен сизди алкайм, миссис Жанна, - деди Борелл.

Жанна Литвина Лукашенконун өкмөтү октябрда өткөн, бирок анын жыйынтыктарын Кошмо Штаттары менен Европа биримдиги тааныбаган шайлоодон кийин эркин маалымат каражаттарына кысым күчөгөнүн айтты. Ал бийликти сындаганы үчүн түрмөгө камалган журналисттердин узун тизмесин окуп берди. 2000-жылдын жайында дайынсыз жоголгон журналист Дмитрий Завадскойдун да ысымы сыйлык тапшыруу учурунда эскерилип өттү.

Жанна Литвина барган сайын Беларустта гезит басуу жана обого чыгуу оорлоп баратканын билдирди. Ошондон улам негизги беш эркин гезит Орусиядагы басмаканалардан чыгып келет. Ал эми бир жыл аралыгында Беларус бийликтери 19 гезитти жабышкан. Ошондон улам Жанна Литвина Евробиримдиктен Беларуска карата саясатын күчөтүүнү өтүндү. Анын айтымында 10 миллион калкы бар өлкөнүн жок деген беш миллион эли өзүнүн тагдырын Европа менен байланыштырат.
XS
SM
MD
LG