Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Тажик бийлиги түрк лицейлери менен келишимди узартпай турганын билдирип, “Шолала” мекемеси акысыз билим берүүгө өтсүн деген шарт койду.

Буга чейин бозгундагы түрк диниятчы Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары түзгөн мектептер Азербайжанда басымга кабылып, мамлекетке караштуу ишканага берилген эле. Муну серепчилер Түркиядагы Гүлендин "Хизмет" кыймылы менен президент Эрдогандын тирешинин эпкини катары баалашууда. Кыргызстанда да бир канча түрк лицейлери бар. Тирештин таасири Кыргызстандагы түрк билим берүү жайларына тийиши мүмкүнбү?

Тажикстанда «Шолала» деген ат менен таанылган алты түрк лицейине бийликтер акысыз окутуу шартын коюп, келишимди узартуудан баш тартты. “Шолала” Кыргызстандагы “Себат” сыяктуу эле Тажикстандагы эл аралык билим берүү түйүнү. Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддин Саидовдун айтуусу боюнча өкмөт бул окуу жайлар тууралуу ар кандай кайрылуулардан улам ушундай кадамга барууга мажбур болду:

- “Шолала” билим берүү мекемеси менен келишимди узартуу же узартпоо, келишимге кол коюу же кол бойбоо маселеси өкмөттүн жоопкерчилигиндеги иш. Биз учурда бул боюнча бардык кайрылуу, интернетке чыккан материалдарды изилдеп жатабыз. Өлкөдө бул мекемени колдогондор жана каршы болгондор канча экенин биз билебиз. Жеке өзүм бул мектептердин Тажикстанда акысыз иш алпарышы керек деген позицияны карманам.

Тажикстанда бул мектептер 1993-жылы түрк жана тажик өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим менен ачылган. 2003-жылы келишим дагы он жылга узартылган. Былтыр жыл башынан бери келишимди узартуу аракети көрүлүп, бирок тажик бийликтери ага көнбөй жатат. Башында бул жайлар акысыз билим берсе, кийинчерээк ар бир окуучуга белгилүү өлчөмдө акы киргизилген.

Тажик коомчулугунда бул мектептер тууралуу кайчы пикир бар. Айрымдар алар исламды жана пантүркизм идеясын жайылтып, тажик жаштарын өз кучагына тартып жатат деп сындап келишет. Тажикстандык журналист Саимиддин Дустов бир катар коомдук уюмдар түрк мектептерин жабуу талабы менен бир канча жолу бийликтерге кайрылышканын айтат:

- Бул лицейлер түрк диниятчы Фетхулах Гүлендин тарапкерлери тарабынан ачылып, диний маалымат таратып келишет. Алар ачылып жатканда кайрымдуулук менен алектенип, тажик жаштарына акысыз билим беребиз дегенине карабастан, акыркы учурда коммерциялык максатты көздөп гана келе жатышат. Анан калса мамлекет тарабынан берилген имараттарды акысыз пайдаланышат. Өлкөгө кирип, мамлекеттин көмөгүнөн пайдаланып, анан диний идеологияны жайылтуу мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет деп ойлойм.

Ошол эле кезде тажик коомунун экинчи бөлүгү өлкөдө сапаттуу билим берген, прогрессивдүү жаштарды бир аянтчага чогулткан мекеме катары билишет.

Буга чейин Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары түзгөн мектептер Азербайжанда жабылып, алар өкмөткө караштуу мунай компанияга өткөрүлүп берилген эле.

Азербайжандагы түрк лицейлерине байланыштуу кырдаалды айтуудан мурда, бул эмне мекемелер жана аны түзгөн “Хизмет” кыймылы жана анын түрк бийлиги менен тирешинин таржымалына токтоло кетели.

Түркиянын чегинен ашкан тиреши

Түрк бийлиги менен “Хизмет” кыймылынын тиреши өлкө аймагы менен эле чектелбестен, Гүлен жамааты ишмердик жүргүзгөн башка аймактарга да жайылгандай. Анын мисалы катары биз жогоруда сөз кылгандай Азербайжандагы, Тажикстандагы түрк лицейлеринин басымда калганы айтылып келет. Расмий Анкара акыркы чатактан соң Пакистан менен Ирактагы мындай билим берүү мекемелерин жабууну суранганын түрк басылмасы жазып чыккан. Азырынча бул өлкөлөрдө түрк мектептер иштеп жатат.

Ал эми талдоочулар Азербайжандагы “Хизметтин” мектептерине карата басымды президент Эрдогандын Бакуга жасаган сапары менен байланыштырышат. Бакудагы “Атлас” саясий иликтөөлөр борборунун жетекчиси Элхан Шахин оглу:

- Менин пикиримде, Эрдогандын Бакудагы сүйлөшүүлөрүнүн бир пункту да Азербайжандагы Гүлендин кыймылынын таасирин азайтуу болгон. Анткени бул кыймыл Эрдоган үчүн саясаттагы азыркы түрк оппозициясынан да күчтүү коркунуч туудурду. Ошондуктан бул кыймылды Түркиянын сыртында да алсыздандыруу аракети көрүлдү.

Чындыгында эле Эрдоган Алиев менен былтыр апрелде жолуккандан кийин азери өкмөтүндөгү Гүленди колдойт делген айрым аткаминерлер кызматтан алынган. Ошондой эле Гүленди колдогондор түптөгөн “Чаг өгретим” деп аталган 11 лицей менен бир университет Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясынын менчигине берилгенин “Азаттыкка” Бакудагы “Чыгыш-Батыш” изилдөө борборунун башчысы Арустун Оружлу билдирди:

- Бул лицейлерди жабуунун себеби түрк бийликтеринин Азербайжан жетекчилигине басымы болду окшойт. Конкреттүү айтсак, президент Эрдогандын басымы. Ал гүленчилерге карата абдан радикалдуу жана катаал саясат жүргүзө баштаганын баарыбыз билебиз. Мына Азербайжанда бул лицейлер мамлекеттин колуна өткөрүлдү. Азырынча ал лицейлер мурдагы система менен эле иштеп жатат. Көп деле өзгөрүү жок. Бирок жакын арада өзгөрүү болоорунан жеке мен эч шектенбейм. Бул үчүн Азербайжанда мамлекеттик билим берүү мекемелеринин абалын карап көрүү жетиштүү. Ушундай жол менен биздин өлкө бийликтери түрк бийлигинин суранычын аткарып, сөз болуп жаткан мектептерди өз көзөмөлүнө алдык десек болот.

Ошондой эле EuroasiaNet басылмасынын жазышынча, Азербайжан президенти Илхам Алиев Гүлендин идеясын колдогон ишкерлерге да сыртын сала баштаган.

"Азербайжан өз кызыкчылыгы үчүн америкалык саясатчыларды колдонууну башкы максат кылып келген",- дейт ислам дини боюнча эксперт Фуад Алиев. Буга чейин Фетхуллах Гүлен Азербайжандын кызыкчылыгын АКШда колдоп турган ири саясатчы болгон. "Бирок Илхам Алиев Эрдогандын сөзүнө кирип, эми жеке эле Гүленге эмес, аны колдогондорго дагы сыртын салууда" деп жазат EuroasiaNet.

Түркиялык адис Неждет Экинжинин баамында, түрк бийликтери башка өлкөлөрдөгү мектептерди жабууга чечкиндүү киришти:

- Учурдагы түрк бийлиги өз таасирин колдонуп, Тажикстан болобу, Азербайжан болобу мындай билим берүү жайларын жаптыруу аракетин көрүп жатат. Аны түз эле барып жапкыла деген талап деле койбойт. Бул мектептерди каржылоо булагынан ажыратып, эми иштей бер деши мүмкүн. Каржы булагынан ажыраган соң андай мектептердин иштеп кетиши кыйынга турат. Азыр Азербайжанда болуп жатса, мындай абал Кыргызстанга жетиши ажеп эмес.

Тирештин эпкини “Себатты” кыйгап өтөбү?

Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин жолдоочуларына таандык делген “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси 1993-жылдан тарта иш алпарат. Учурда өлкө боюнча 15 лицей жана бир университет бар. Бул жайларда 10 миңге жакын окуучу жана студент билим алат. Окуу үчүн миң доллардан беш миң долларга чейин акы төлөнөт. “Себат” билим берүү мекемесинин кыргыз-түрк лицейлери сапаттуу билим берген окуу жай катары белгилүү.

“Азаттыктын” атын атообону каалаган каарманы “Себатка” караштуу кыргыз-түрк лицейлеринин бирин аяктаган. Лицейден соң Түркиядагы жогорку окуу жайга өтүп, ал жакта Фетхуллах Гүлен түзгөн “Хизмет” кыймылынын жатаканасында жашап, билим алган. Анын айтымында, акыркы жылдары “Хизмет” кыймылы Кыргызстанда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет:

- Негизи Кыргызстанда “Хизмет” кыймылы жакшы эле өнүккөн. Бул кыймылдын жатаканалары ар бир облуста бар. Ал жерде жатаканаларды ачып, кыймылдын мүчөлөрү студент балдарды жашатат. Материалдык жактан жардам беришет. Жатакана үчүн акы алынбайт, бекер тамак-аш берилет. Жатаканаларда белгилүү бир тартип, эрежелер бар. Убактысын текке коротушпайт. Тартип жөнүндө айтсак, ал жагы абдан эле жакшы. Баарына убакыт бөлүштүрүлгөн. Маселен, китеп окуганга атайын сааттарды бөлүп коет. Ал учурда диний китептерди, же адабий китептерди окушат. Андан сырткары бул жатаканаларда Фетхуллах Гүлендин, түрк диний ишмери Саид Нурсинин китептерин окуп турушат.

Каарманыбыздын айтуусуна караганда, мындай жатаканаларды “Хизмет” кыймылынын бутуна турган, колунда бар мүчөлөрү каржылайт. Ал эми жергиликтүү жатаканаларда деле Түркиядагыдай эле диний үгүт иштери астейдил жүргүзүлөт:

- Түркияда деле кыймыл так эле ушундай. Албетте, ал жакта бир аз жакшыраак өнүккөн. Ал жерде белгилүү бир иерархиясы бар. Канчалык көп жашасаң, же дин жагынан өзүңдү көрсөтсөң, кыймылдагы ордуң, даражаң көтөрүлө берет.

Маектешибиздин айтымында, өлкөдөгү эл аралык “Себат” билим берүү мекемеси “Хизмет” кыймылы менен тыгыз байланышта:

- Ачыгын айтканда, түрк лицейлери деле “Хизметтин” курамына кирет да. Кыймылдын мүчөлөрү потенциалдуу мүчө болчу жөндөмдүү балдарды ушул жактан эле тарбиялап башташат. Тарбия иретинде лицейде күндө “сукбат” (баарлашуу) өтүп турат. Башкача айтканда ушундай жол менен кыймылдын идеяларын сиңирешет деп айтсак болот.

“Себат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев деле түрк лицейлерди ачуу идеясы Фетхуллах Гүленге таандык экенин жашырбайт:​

- Фетхуллах Гүлен азыркы доордогу эң чоң, гигант ойчул, диниятчылардын бири. Негизинен бул кишинин жолдоочулары билим берүү, диалог жана кайрымдуулук жаатында дүйнөнүн 160 өлкөсүндө иш алпарат. Ал эми бул кишинин билим берүү жаатындагы идеяларын колдогондор ушул тармакта иш жүргүзөт.

Ал эми Түркиядагы соңку окуялардан улам мекемеге эч кандай басым болгону байкала элек дейт Кудайбердиев:

- Түркиядагы окуялардын эч кандай таасири деле бизге байкала элек. Албетте, бул өлкөдөгү окуяларды көрүп, моралдык жактан бир аз басым, көңүлүбүз чөккөнү болбосо кыргыз бийликтери тарабынан эч кандай деле мамиленин өзгөргөнүн байкаган жокпуз. Анткени Кыргызстан эгемен, демократиялуу мамлекет катары “Себат” билим берүү мекемеси өлкөбүздө 20 жылдан бери ишмердик көргөзүп келатат, мамлекетте да, коомчулукта да кадыр-баркка ээ. Ошондуктан, кандайдыр бир басым-кысым болот дегенге биз ишенбейбиз.

Эл арасында кыргыз-түрк университети катары аталып келген окуу жайлар былтыр жыл аягында уставын өзгөртүп, Кыргызстанда кайрадан каттоодон өтө баштады. Окуу жайлардын камкорчулар кеңеши мындан ары жалаң кыргыз жарандарынан куралат. Мындай учурда башка өлкөнүн кайрылуусу менен мекеменин ишине кийлигишүү туура эмес болоорун Кудайбердиев эскертет:

- Эми эл арасында “Себат” түрк лицейи катары айтылса дагы толугу менен кыргызстандык мекеме деп айтсак болот. Анткени ушул өлкөдө иштеп, билим берүүнүн эл аралык стандарттарын сактаган уникалдуу жай болуп калды. Ал эми 5-6 айдан бери толугу менен жаңы уставдын негизинде иштеп жатабыз. Ага ылайык, бул мекеменин камкорчулары - кыргыз жарандары. Кыргызстандын жаш муундарына сапаттуу таалим берген, интеллигенцияны тарбиялоого катышкан жай катары кала беребиз.

Байкоочулар “Себаттын” жаңы устав кабыл алып, жетекчиликке кыргыз жарандарын койгону Түркиядагы окуялардан улам коңшу өлкөлөрдөгүдөй абалдын алдын алуу аракети катары баалап жатышат.

Саясий илимдердин доктору Алтынбек Жолдошевдин айтымында, түрк бийликтери Кыргызстандын жетекчилерине түрк лицейлерин жаап койгула деп кайрылышы толук мүмкүн:

- Өзүңөр көргөндөй, Азербайжанда бул мектептер жабылды. Тажикстанда келишимди узартпай жатышат. Бул жагынан алганда кыргыз бийликтерине деле дал ушундай өтүнүч болушу мүмкүн. “Себаттын” жетекчилиги мына ошону сезип, Түркиядан экспорттолгон эмес, жергиликтүү мекеме катары каттоону чечип, укуктук жактан даярданып жатышы мүмкүн. Мындан кандай жыйынтык чыгат, ал башка маселе.

Ал эми билим берүү жаатындагы адис, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жангороз Каниметов “Себаттын” кыргыз билим берүү системасында өзгөчө орду бардыгын айтып, аны жабуу кыйын болорун эскертет:

-“Себат” биздин система үчүн уникалдуу көрүнүш. Биринчиден, ал сапаттуу билим берүү менен биздин жаштарды жакшы жолго салып жатат. Экинчиден, билим берүүдө атаандаштык жаратып, сапаттык өзгөрүүнү камсыз кылууда.

Ошол эле учурда жогоруда түрк лицейлерде диний сабак берилип, Түркиядагы белгилүү болгон “Нурчулар” агымынын идеяларын таратып жатат деген пикирлер байма-бай айтылып келет. Кыргызстандагы Ислам изилдөө институтунун директору Мамедбек Мырзабаевдин айтымында, “нурчулар” менен “гүленчилердин” түбү бир болсо да учурда айырмачылыктары көп:

- "Нурчулар" кыймылы менен бул мектептердин байланышы, албетте, бар. Себеби бул мектептерди негиздеген Фетхуллах Гүлен нурчулуктун идеяларын колдоп, бирок кийин бөлүнүп кеткен. Азыркы учурда "нурчулар" көп консерваторлук идеяларды жайылтуу менен алек болсо, "Хизмет" кыймылы ыйманды сакта, бирок азыркы жаңылыктардан артта калба деген либералдык көз карашта. Ал эми бул мектептер диний коопсуздук жаатынан коркунучтуубу деген суроого андай деле коркунучтуу эмес деп жооп берүүгө болот.

“Себаттын” директору Нурлан Кудайбердиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-түрк лицейлери Билим берүү министрлиги менен макулдашылган сабактарды гана окутарын, диний үгүт иштери жок экенин билдирди.

Саясат таануу илимдеринин доктору, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Эмил Жураев “хизметчилердин” коомдук саясатка аралашуу мүмкүнчүлүгү жогору деп баалайт:

- Албетте, Кыргызстанда кимдир бирөөлөр саясатка аралашпасын деген эч тыюу жок. Анын үстүнө бул кыймылдын мүчөлөрү абдан мыкты билим алган, бардык жагынан жетишкен жаш элитанын өкүлдөрү. Булардын дагы бир өзгөчөлүгү - тыгыз биримдикте иш алып барганды билишет. Ошондуктан бул кыймыл саясатка аралашса, келечекте мүмкүнчүлүгү чоң. Ошол эле учурда булар саясатка келсе, Кыргызстанда секулярдык түзүлүштү бузууга аракет кылат дегенден мен алысмын.

Түркиядагы тутумдашкан тиреш канчалык күчөгөн сайын анын таасири Борбор Азияда даана сезиле баштагандай. Казакстанда 20дан ашуун Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары түптөгөн "Катев" деп аталган мектеп-лицейлер бар. Өзбекстанда мындай лицейлер 1990-жылдары ачылган, бирок өзбек бийликтери бир аздан соң кайра жаап салган. Орусиянын Татарстан жумуриятында, Африканын, Чыгыш Азиянын бир катар өлкөлөрүндө Гүлендин мектептери кеңири ишмердүүлүк жүргүзөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG