Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Швейцариялык добуш берүүчүлөрдүн улутчулдардын иммиграцияны чектөө жөнүндөгү сунушун колдоосу кошуна өлкөлөрдү бейпайга салды.

Ошол эле маалда бул - тикелей демократиянын жемиши десек болчудай. Арийне өлкөнүн ички же тышкы саясатына тиешелүү маанилүү маселелерди элдик добуш берүүгө коюу үчүн коомдук демократиялык аң-сезим жогору болушу керек.

Жарандардын эки жакка ээн-эркин каттоо боюнча Евробиримдик менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу демилгесин ашынган улутчулдардын Элдик партиясы көтөргөн. Алар иммиграция улуттук салттарга, нарк-насилдерге шек келтирет деп санашат. 9-февралдагы референдумдун жыйынтыгы көргөзгөндөй, калк арасында да турак-жай баасынын көтөрүлүшү, кылмыштуулуктун өсүшү өңдүү социалдык проблемалар үчүн келгиндерди күнөөлөгөндөр аз эмес.

Иммиграциялык квоталарды киргизүү сунушун шайлоочулардын 50,3 проценти колдошту. Цюрихтеги политехникалык институттун профессору, саясат таануучу Томас Бернауэр Элдик партия бул маселени бир топтон бери козгоп келатканын айтты:

- Иммиграцияга каршы чара көрүү маселеси партиянын күн тартибине 10-20 жылдан бери киргизилип келген. Ал эми байистүүрөөк же солчул партиялар элдин келгиндердин көбөйүшүнө байланышкан санааркоосуна олуттуу мамиле жасап, конструктивдүү чечим кабыл алуунун үстүнөн жакшы иштей алышкан жок. Мындан, айталы, 50-жылдагыдан айырмаланып, Швейцария Британия же Австралияга окшоп иммигранттардын өлкөсүнө айланды. Элди бул жаңы көрүнүш албетте түйшөлтпөй койбойт.

Швейцариянын калкы 8 миллиондой киши болсо, дээрлик жарымы – чет өлкөлүктөр. 2007-жылдан бери Евробиримдиктин көпчүлүк мамлекеттеринин жарандары ишке орношууда швейцариялыктар менен бирдей укукка ээ.
Европа комиссиясы референдумдун жыйынтыктарына өкүнүчүн билдирип, анын Швейцария менен мамилесине кандай таасир тийгизерин карап чыгаарын эскертти. Конфедерация шаркетке кирбегени менен тараптар активдүү кызматташып келатышат.

Берн өкмөтү референдумдун катышуучуларын улутчулдардын сунушун четке кагууга үндөп келди. Өкмөт жана ири компаниялардын жетекчилери жумушчу күчтүн эркин каттоосу экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келатканын ырасташууда. Ал эми иммиграциялык квоталар киргизилсе, швейцариялык продукцияны Европа рыногуна чыгаруу чектелип калышы мүмкүн. Өлкө экспортунун дээрлик жарымы кошуналарга жөнөтүлөт. Маалыматтарга караганда, 2013-жылы Швейцария шаркетке 120 миллиард долларга товар саткан.

Мындан улам айрым маалымат каражаттары швейцариялыктар улуттук нарк-насил менен экономикалык бакубаттуулук ортосунда тандоого туура келди дешет. Бирок Томас Бернауэр мындай ойго кошулбайт:

- Менимче, антип кесе айтуу туура эмес. Швейцария Европанын чордонунда жайгашкан ачык, салыштырмалуу бай өлкө. Өзгөчө акыркы жылдары магнит сыңары өзүнө иммигранттарды тартып турат. Чет өлкөлүктөрдүн саны 30 процентке чукулдап баратат. Андыктан түпкүлүктүү калкты бул тенденция чочулатпай койбойт. Бийликтегилер болсо бул проблеманы жөнгө салууда чечкиндүү чара көрүүгө жөндөмдүүлүгүн жакшы көргөзө албай келатышат. Референдум, же юридикалык так терминди колдонсок бул демилге экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок ал анча олуттуу болот деп ойлобойм.

Белгилей кетчү нерсе, ушу тапта Швейцариянын экономикасы гүлдөп турган кез, жумушсуздуктун деңгээли да өтө төмөн. Референдумдун эртеси чыккан статистикага кайрылсак, жумушсуз швейцариялыктардын саны өткөн айда 3,5 процентти түзүп, алдыңкы айлар менен салыштырганда өзгөрүүсүз калган. Январдын этегинде 153 миң 260 киши жумушсуз деп катталган. Алардын арасынан 78 миң 994 киши швейцариялыктар, калганы чет өлкөлүктөр. Пропорционалдык түрдө алып карасак, жумушсуз келгиндердин саны алда канча жогору.

Андай болсо, эмне себептен швейцариялыктар келгиндерден чочулашат. Сөз – Томас Бернауэрде:

Швейцариядагы күрттөрдүн Ноорузду тосуу учуру. 20-март, 2013-жыл.

Швейцариядагы күрттөрдүн Ноорузду тосуу учуру. 20-март, 2013-жыл.

- Муну парадокс десек болчудай. Жакында эле бир таанышым Франциянын жөөттөр азыраак байырлаган жерлеринде жөөттөргө каршы же антисемиттик маанай күчтүү деп айтып отурду. Ошол сыңары иммигранттар жыш жашаган, чек араларга жакын аймактарда орун алган Женева, Базель же Цюрих өңдүү кантондордо көпчүлүк демилгеге каршы, демек, иммиграцияны колдоп добуш берди. Ал эми чет өлкөлүктөр аз жолуккан борбордук Швейцарияда эл тескерисинче, демилгени колдоду. Бул референдумдун парадоксалдуу жыйынтыгы.

Ушу тапта шаркеттин жарандары жумушка 1-3 айдын ичинде орношо алышса, келечекте бул жараян жарым жылга созулушу мүмкүн. Себеби, ишке алгандар швейцариялыктардын арасында керектүү адистик же квалификация боюнча ылайыктуу талапкер жок экенин тастыкташы зарыл болот.

Албетте, сөз болгон өзгөрүүлөр эртең эле киргизилбейт. Мыйзамга ылайык, өкмөт 3 жылдын ичинде тиешелүү жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Жана эң негизгиси Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү.
Швейцарияда ушу маалда жашап жана иштеген чет өлкөлүктөр жана чек ара аймактарынын тургундары үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Чектөөлөр болочок келгиндер үчүн киргизилмекчи.

Швейцариядагы референдумдун жыйынтыгы европалык улутчулдардын жана евроскептиктердин чырагына май тамызды. Айрымдары конфедерация башкаларга үлгү болушу керек деп айтып чыгышты.

Өлкө Конституциясында жогорку мыйзам чыгаруу укугу Швейцария Конфедерациясынын элине таандык деп жазылган. Эл өз бийлигин жалпы элдик референдум аркылуу жүзөгө ашырат. Добуш берүүгө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуштары, парламент жактырган жоболор, өкмөт түзгөн эл аралык келишимдер жана башка маанилүү маселелер коюлат. Эркиндик - бул кимдир бирөөгө берилген артыкчылык эмес, ар бир жарандын укугу деген принципке таянган алгачкы референдум 19-кылымда эле өткөрүлгөн.

Улутчулдар бул референдум дүйнөдө сейрек кездешчү тикелей демократиянын үлгүсү экенин белгилешет. Себеби, акыркы сөз Швейцария элине берилди.
Байкоочулар болсо, "улутчул партия популисттик идеяларын өткөрүү үчүн акыркы кезде элге жамынып жатат" дешет.

- Швейцарияда тикелей демократия системасы калыптанган. Жылына бир нече жолу эл референдумга катышат. Өкүлчүлүктүү демократиядан айырмаланып, тигил же бул маселе боюнча саясий багытты түздөн түз эл өзү аныктайт. Ошол тикелей демократия системасы көпчүлүк учурларда эң мыкты иштейт. Швейцариялыктардын басымдуу бөлүгү бул ойго кошулат. Бирок өтө сейрек учурларда, маселен, мечиттердин мунаралары же ушул эле иммиграция маселеси өңдүү талаштуу сунуштар элдин таразасына коюлуп калат. Демократиялык системанын баасы кээде мына ушундай болот. Кай бир учурларда анын жемиши бизге жагат, башка учурда жакпай калат, - деди Бернауэр.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2009-жылы да Швейцариядагы референдум чоң резонанс жараткан. Добуш берүүчүлөрдүн 57 жарым проценти ошол эле оңчул улутчулдардын "мечиттерде мунараларды орнотууга тыюу салыш керекпи?" деген сунушуна “ооба” деп жооп беришкен.

2013-жылы конфедерацияда 11 жалпы улуттук референдум өткөрүлгөн. 6 сунуш колдоо таап, бешөө четке кагылган.

Мисалы, элдин кароосуна баш калка берүү жобосу коюлган. Добуш берүүчүлөр ал жараянды ыкчамдатуу үчүн федералдык өкмөткө көбүрөөк ыйгарым-укуктар берилсин деген сунушту жактырышты. Ошол эле маалда баш калка арызын Швейцариянын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине берүү укугу алынып салды.
Аскерде милдеттүү кызмат өтөө жобосун жоюу демилгеси колдоо тапкан жок. Май куюучу станциялардагы дүкөндөрдүн иштөө саатын узартуу сунушу болсо жактырылды.

Ноябрда жаш социалисттер партиясы ишкана жетекчилеринин маянасын кыскартуу маселесин козгошкон. Алар жетекчинин айлык акысы ишканадагы эң төмөн маянадан 12 эседен ашпоосу керек деп эсептешет. Таңкалычтуу угулганы менен көпчүлүк эл жаш социалисттердин пикирине кошулган жок.
Ал эми саясат таануучу, журналист Кубан Абдымендин пикиринде, олуттуу маселелерди элдик добушка алып чыгуу үчүн коомдук демократиялык аң-сезим күчтүү болушу керек:



Кандай болбосун, швейцариялыктар өз оюн билдиришти. Өкмөт элдин эркин урматтаарын билдирди. Коңшу өлкөлөр болсо бай банктары менен белгилүү Швейцария европалыктардын акчасын жакшы көрүп, өздөрүн жерип жатат деп таарынып турган кез. Европада чочундарга каршы маанай күчөп турган маалда, эмне себептен дал Швейцария биринчи болуп, иммиграцияны чектөөгө кадам жасады деген суроого байлыктын жүгү оор деп жооп берсе болчудай.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG