Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

HRW Анжиян окуясын Ташкендин эсине салды


Өзбекстан - Анжияндын көчөлөрүндөгү аскерлер. 17-май, 2005.
Өзбекстан - Анжияндын көчөлөрүндөгү аскерлер. 17-май, 2005.

Өзбекстандын Анжиян шаарындагы калабага тогуз жыл толду. Бул шаарда 2005-жылдын 13-июнундагы демонстрация кызыл кыргын менен аяктаган эле.

Буга байланыштуу адам укугун коргоочу эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" АКШга жана Европа биримдигине кайрылып, расмий Ташкенге кысым көрсөтүп, Анжияндагы кандуу булоонду изилдөө үчүн Өзбекстанга көз карандысыз эл аралык иликтөөчүлөрдү киргизүүнү талап кылганга чакырды. Бул билдирүү Анжияндагы кандуу булоондун тогуз жылдыгын утурлай жасалды. Расмий маалымат боюнча, Анжиян калабасында 187 адам өлгөн. Бирок күбөлөр менен адам укугун коргочу уюмдардын айтымында, ал күнү алда канча көп адам набыт болгон.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун 13-майдагы билдирүүсүндө Өзбекстандын жетекчилиги алиге чейин Анжиян окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканы баса белгиленет.

2005-жылдын 13-май күнү Анжияныдын ортосундагы Бабур аянтына толкуп чыккан адамдар Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамия" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 бизнесменди түрмөдөн чыгарууну талап кылышкан. Демонстранттар социалдык-экономикалык абалга да нааразычылык билдирген.

Бийликтин ырасташынча, 13-майга оогон түнү уюмдашкан адамдар аскерий гарнизонго кол салып, куралдарды тоноп кеткен жана шаардык түрмөгө кирип, абактагы ишкерлерди чыгарып жиберишкен. Анжиянга шашылыш киргизилген аскерлер аянтка калкып чыккан элге ок атканда, өкмөттүн ырасташынча, 187 адам өлгөн. Бирок адам укугун коргоочулар менен күбөлөрдүн айтымында, аскерлердин огунан расмий айтылгандан алда канча көп адам өлгөн.

"Хюман Райтс Уотчтун" өкүлү Стив Свердлоу 13-майда “Азаттык” радиосунун өзбек кызматындагы маегинде АКШ жана Евробиримдик Ташкенге кысым жасап, 9 жыл илгерки кан төгүүлөрдү иликтөө үчүн өлкөгө көз карандысыз изилдөөчүлөрдү киргизүүсүн талап кылышы керектигин баса белгиледи:

- Өткөн жылы Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши жана Кыйноолорго каршы комитети Өзбекстанды көз карандысыз изилдөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө чакырган. Батыш да бул үндөөгө кошулуусуна жана мындай изилдөө жүргүзүүгө жетишүү үчүн Ташкент менен түз иштешүүсүнө убакыт жетти. Алар бул трагедияны жана аны менен коштолгон окуялардын аныгына жетмейин, Өзбекстан алдыга жыла албайт жана өзбек бийликтеринин реформа жөнүндөгү сөздөрүнө олуттуу мамиле жасаганга болбойт.

Ал ошондой эле, "Хьюман Райтс Уотч" уюму Анжиян коогалаңына жооптуу деп камалган 300дөй адам эл аралык нормаларды бузуу менен соттолду деп эсептерин кошумчалады.

Улуттар уюмуна мүчө 155 мамлекет 1984-жылы абак жайлардагы кыйноолорду жана уруп-согууларды токтотуу жөнүндөгү конвенцияга кол коюшкан. Бирок Эл аралык мунапыс уюму соңку бир жылда өткөргөн изилдөө бери дегенде кыйноонун 27 түрү алиге дейре колдонулуп жатканын көрсөткөнүн Foreign Policy журналы 13-майдагы санында кабарлады.

Эл аралык мунапыс уюмунун Европа жана Борбор Азия программасынын башчысы Жон Долхьюсен ушул күнкү маалымат жыйында Өзбекстанда кыйноолор кеңири жайылган илдетке айланганына көңүл бурду:

- Борбор Азия чөлкөмүнөн Өзбекстанда кыйноолор жана абак жайдагыларга катаал мамиле жасоо өзгөчө кеңири жайылган. Бул жагдайга Анжиян окуясынан кийин эл аралык коомчулук да аябай көңүл бурган. Бирок геостратегиялык себептерден улам Өзбекстанга берилген мааниге бүгүн мурдагыдай көңүл бурулбай калды. Биз өзбек бийликтери менен бул маселени талкуулоого аябай кызыкдарбыз.

АКШнын Ташкендеги элчилиги да 13-майда Анжиян окуясынын 9 жылдыгына байланыштуу билдирүү жасап, бийлик жасаган иштери үчүн коом алдындагы жоопкерчилиги болочокто тынчтык жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн маанилүү экенин эске салды.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө да кыйноолор жана камактагыларга жаман мамиле жасоо фактылары арбын экенин БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевада март айында болгон жыйынында айтылган.

"Демейде кыйноолор болгон учурда запкы жеген адам менен чуулашпай эле мунаса тапканга жана тергөөнү жапканга аракет жасалат. Бул тынчсыздануу жаратат: муну менен кылмышты жашырууга аракет жасалышы мүмкүн. Биз акыркы жылдары алган маалыматтар мындай окуялар болуп жүргөнүн тастыктайт. Андай кыйноолорго тиешеси барлар жазаланбай калганын маалыматтар күбөлөйт", - деп айтылган Улуттар уюмунун Женевадагы жыйынында Кыргызстандын дарегине.

XS
SM
MD
LG