Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын укугу кеңейди


Парламенттеги талкууда депутаттардын адам укуктарынын бузулушуна шарт түзүлүп калбайбы деген кооптонуусун билдиришти
Парламенттеги талкууда депутаттардын адам укуктарынын бузулушуна шарт түзүлүп калбайбы деген кооптонуусун билдиришти

Парламент Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка жарандарды жана алардын жүгүн өз алдынча текшерүүгө уруксат берди.

Аталган мыйзам долбоорун парламентте кароо тартиби бузулганын эсепке албаганда, жаңы өзгөртүүлөр Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын укугу кыйла кеңейишине алып келет.

4-мартта Жогорку Кеңеш жактырган бул мыйзамга "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешов да колдоп добуш берген. Ал өз алдынча текшерүүлөр жөнөкөй адамдарга карата жүргүзүүлүсүнө каршы. Бирок ал мыйзамды эмне үчүн колдогонун мындайча түшүндүрдү.

- Бир ай мурун биз көп фактыларды уктук. Милиция жана Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мекеменин кызматкерлери 26 килограмм героин менен кармалганы дайын болду. Биз баңгизатты ким ташый турганын билебиз. Милиция же Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү же аларга тиешелүү кишилер ташыйт. Бери дегенде аталган органдарда иштегендер маңзат агымын калкалап берет. Демек, аларды эч ким текшербейт да. Ошон үчүн мен бул мыйзамды дал ошол тартип коргоо органдарында иштегендерге карата колдонуу зарыл, аларга жеке текшерүүлөрдү жүргүзүп туруу керек экенин айттым.

Жогорудагы мыйзамга ылайык, буга чейин өлкө ичиндеги жарандардын маңзат алып же сатып жүрүүсүн милиция көзөмөлгө алып келсе, эми Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы да кай жерде болбосун кымындай шек жараткан адамды текшерүү укугуна ээ болмокчу.

Ош шаарындагы укук коргоочу, адвокат Арсен Амбарян эгер Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка жөнөкөй жарандарды өз алдынча текшерүү укугу эми гана берилип жатса, анда алардын буга чейинки аракети мыйзамсыз беле деген суроону койду.

- Мейли, бир жагынан укугу кеңейүүсү жаман деле көрүнүш эмес дейли. Бирок бул соттун көзөмөлүнүн астында болуусу шарт. Анткени мен бул мыйзамда эч кандай көзөмөл көрбөй турам. Эми жок жерден эле, "бирөө билдирди же чалды, айтты, сен шектүү экенсиң" деп кармоолор башталышы мүмкүн. Андан ары адам укуктарын чектөө башталат. Бул жерде дагы бир орчунду суроо: эгер бул нерсеге бүгүн гана уруксат берилип отурса, анда буга чейин кандай болуп келген? Алар маңзатка каршы күрөштө жеке адамдарды кармап келгенин массалык маалыматтар каражаттарынан баарыбыз угуп эле жүрөбүз. Экинчиден, менимче, Маңзатка каршы мекеме глобалдуураак иштер менен алектениши керек эле. Алар адамдарды кармап, жеке текшерүүлөрдү жүргүзгөндүн ордуна, мындай жагдайдын түпкүрүн иликтеп, маңзат агымы кай жактан жүрүп жатат деген чоң маселелердин үстүнөн иштөөсү зарыл.

Парламенттеги талкууда депутаттардын адам укуктарынын бузулушуна шарт түзүлүп калбайбы деген кооптонуусуна Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Алымбай Султанов мындай учурда кызматкер мыйзам чегинде жоопко тартылат деп ишендирди.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG