Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Антисемитизм – жек көрүүнүн дүйнөдөгү эң эски, ар тараптуу, туруктуу формасы. Адамзат жашоосунда миңдеген жылдар бою сакталып келаткан жек көрүүнүн бул түрү ачарчылык учурунда да, токчулукта да болду. Ал коомдун жөөттөр аз же такыр болбогон бөлүктөрүндө да бар. Антисемитизм менен күрөшүүгө арналган кезектеги эл аралык жыйын өткөн аптада Прагада өттү. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму уюштурган.

Жыл өткөн сайын Холокосттун мааниси коомдун эсинен акырындап чыга баштагандай сезилет. Бүгүнкү күндөгү антисемитизмдин, же жөөттөрдү жек көрүүнүн, башкы көрүнүштөрүнүн бири катары Холокост окуялары такыр эле болгон эмес деген пикирди, же анын таасирин азайтууну аташууда.

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад мезгил-мезгили менен Израиль мамлекетин жер менен жексен кылып, экинчи Холокостту уюштурам деп коркутуп калат. Анткен менен Холокостту жокко чыгаруу да, анын маанисин арттырып, улам көтөрмөлөй берүү да дүйнө элдеринин арасында антисемитизмдин күчөшүнө же басаңдашына анча деле таасир эте албаган өңдүү.

Глобалдык талкуу

Антисемитизмге каршы күрөшүүнүн жолдорун бул ирет Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Прагада талкуулоону чечти. Ондогон тарыхчылар, адам укугун коргоочулар, саясатчылардын катышуусундагы жыйын ЕККУда жетекчилик кылып жаткан Литванын демилгеси менен өттү.

“Нацисттик Германияны жеңгенибизге 66 жыл болсо да биз антисемитизм менен күрөшүүнүн жолдорун талкуулап отурганыбыз аябай уят көрүнүш”, - деди Чехиянын тышкы иштер министринин орун басары Иржи Шнейдер. Ал конференцияны ушундай сөздөр менен ачты. Шнейдер бүгүнкү антисемитизмди “жаңы шишеге куюлган эски заар” деп атады.

Прагадагы конференцияда антисемитизмдин ЕККУга мүчө мамлекеттердеги абалын талдоого көбүрөөк басым жасалды. Уюмдун Демократиялык институттар жана Адам укуктары оффисинин директору, литвалык элчи Янеш Ленарчич: “Жек көрүүчүлүк боюнча маселе азыркыдай глобалдык деңгээлде эч талкуулана элек болчу”, - деди.

Ал эми АКШнын Антисемитизмге каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү Ханна Розенталь соңку жылдары Европада жөөттөргө каршы чабуулдар көбөйгөнүн айтты.

“Мен көбүрөөк Европа боюнча иштейм. Европанын улутчулдук, антисемитизм боюнча тарыхый начар тажрыйбасы бар, - деди ал “Азаттыкка”. - Азыр эле улутчулдуктун жаңы толкунун көрүп жатабыз, бул да антисемитизмдин жаңы бир кырын көрсөтүүдө”.

"Саясий антисемитизм"

Кыргызстанда болсо жөөттөргө каршы маанай, Бишкектеги “Дин, саясат жана укук” борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун ишениминде, былтыр 7-апрелдеги окуянын алдынан күчөгөн. Бирок кыргыз коомунда анын күчөшүнө саясий гана себептер бар болчу.

“Кыргызстанда буга чейин жөөт коомчулугуна карата эч кандай каршылык маанайы болгон эмес. Былтыр 7-апрелдин алдынан өлкөдө финансылык былык иштердин башында өздөрүнүн кадыр-баркы да күмөндүү, четтен келген адамдар туруп калышты. Мында азыр издөөдө жүргөн Евгений Гуревичти, Валерий Белоконду жана башкаларды атасак болот. Ошол учурдагы саясий структураны карап көрсөңүз, чындап эле каржылык операцияларга таасир эткен маанилүү мамлекеттик айрым кызматтарды сырттан келген башка улуттун өкүлдөрү ээлешкен, - дейт Маликов. - Маселенин саясий өңүттө ушундай көтөрүлүшү эң оболу кыргыз тилдүү оппозициянын, интеллигенциянын ичинде нааразылыкты жараткан”.

Ал антисемиттик көз караш карапайым калк ичинде болбогонуна, анын саясий гана формасы сакталгандыгына өзгөчө басым басады.

Кыргызстандык эксперттин айткандары, кайсыл бир деңгээлде, Европадагы жагдай менен да үндөшкөндөй туюлат.

Прагадагы конференцияда айтылгандай, экономикалык кризис учурунда Европада жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, суралгандардын 40% “Жөөттөр бизнесте өтө эле көп бийликке ээ” деп билдиришкен.

Азыр эми эларалык жыйындарда Европа элдери Холокост учурунда жасалган кылмыштарды моюнга алууда бир топ алдыга кеткени айтылганы менен, Литвадагы жөөттөр тууралуу көргөзмөдө “Кылмышкерлер негизинен нацисттер болгон, айрым гана жергиликтүү адамдар аларга кошулушкан” деп айтылыптыр.

Тарыхка мамиле

Константы Геберт - Польшадагы "Gazeta Wyborcza" гезитинин баяндамачысы. Ал коммунисттик доордун учурунда жашыруун жазып жүргөн. Бул көргөзмө, анын айтымында, литвалыктардын Холокостко тиешесин бир топ кемитип коюптур. Ал тушта Литвадагы жөөттөрдүн 90% кырылып калган.

“Бирок Литва коомчулугу өзүнүн буга катышын таанууда кийинчерээк бир топ прогресске жетишти”, - дейт Геберт.

“Литва коомчулугу да Холокостто активдүү катышканы азырынча окумуштуулар арасында гана кеңири таанылып, кабыл алына баштады. Бирок бул түшүнүк коомдун төмөнкү катмарына акырындык менен жетет, - деп ишенет журналист. - Анткени муну таануу өтө оор. Ошол эле маалда, аны такыр тааныбай коюу да мындан ары мүмкүн эмес. Коом өзгөрүшү үчүн убакыт керек. Литвадан же менин мекеним Польшадан муну бир күндө эле таанышын талап кылуу, менимче, натуура болмок”.

Окумуштуулар бул ирет антисемитизмдин күчөшүнө Израилдин Жакынкы Чыгыштагы саясаты кандай таасир этиши мүмкүндүгүн да талкуулашты. Маселен, антисемитизм боюнча козголгон кылмыш иштерине байкоо жүргүзгөн Лондондогу уюмдун расмий өкүлү Марк Гарднер Британияда жөөттөргө каршы маанай Израиль кандайдыр бир аскерий аракеттерге барганда күчөй турганын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG