Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Түрк парламенти конституциялык реформага макулдугун берди


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Конституциялык реформа тууралуу мыйзам президенттин укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Анда премьер-министрдин кызматы жоюлуп, президент аткаруучу бийликти да, мамлекет башчылыкты да колуна алат. Президент каалаган убакта шайлоо өткөрүүгө жана өлкөдө чукул кырдаал киргизүүгө укуктуу болот. Анын жарлыктары да чыккан убагынан тарта күчүнө кирет

Конституциялык реформа тууралуу мыйзамга 339 депутат макул болуп, 142 депутат каршы добуш беришти. Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси парламентте 367 добушту талап кылат. Ошол себептүү бул мыйзам апрелдин башында боло турган референдумга чыгарылмай болду.

Баш мыйзамды өзгөртүүнүн айланасындагы күрөш түрк коомчулугун экиге бөлдү. Президент Эрдогандын тарапкерлери саясий жана экономикалык туруктуулук үчүн бийлик мамлекет башчынын колунда болушу керектигин айтышууда. Ал эми каршылаштары бийликтин баары бир кишиге берилүүсү кооптуу экенин белгилеп, саясатчы, журналист, окумуштуу дебей, Эрдоган каршылаш санагандардын баары репрессияга кабылып жатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG