Линктер

Үлүлдөр чымчыктардын балапандарын тиштеп жатып өлтүрөт. Ачка адамдын башына билим кирбейт. Apple смартфону ууруну полицияга кармап берчү болот. Иттер сөздөрдүн маанисин түшүнөт жана кандай маанайда айтылганын ажыратып билет.

Үлүл “жибек менен бууп өлтүрөт”

Arion түркүмүндөгү үлүлдөр пас жерге уя салган чымчыктардын жоосу экенин польшалык окумуштуулар аныкташты. Зоологдордун изилдөөсүнө караганда, үлүлдөр жумурткадан чыккан балапандарды жытынан табышат да тилиндеги тарактай болгон тиштери менен тиштегилеп отуруп өлтүрүшөт.

Австралияда жашачу кызыл үлүл.

Австралияда жашачу кызыл үлүл.

Балапандардын денесиндеги жарааттарындагы тиштин изи, чемирчек тумшугундагы, булчуңдарындагы жана көзүнүн ордундагы тешиктер да аларды үлүлдөр өлтүргөнүн күбөлөйт. Чымчык балапандарын уяга кирип алган үлүлдөрдөн коргоюн деп, аларды чокуп салбайт же чабуул койбойт. Сыягы чымчык наристесин үлүл ташты тешкен тамчы сыңары жешилтип жеп жатканын көрбөйт.

- Үлүл балапанды жеп жатканын көрүү жеңил эмес. Сиз трагедиянын изин: өлгөн же оор жарадар болгон балапандын шилекейленген денесин жана демейде уянын жанына түшүп калган үлүлдү көрөсүз, -дейт Вроцлав университеинин илимий кызматкери Катажина Турзанска (Katarzyna Turzańska).- Биз үлүл балапанды өлтүрөт дегенге ишенчү эмеспиз. Биз көптөгөн тажрыйбалуу орнитологдор менен сүйлөштүк, бирок алардын эч кимиси үлүл балапанга кол салганын мурда байкабыптыр.

Үлүлдүн Arion Rufus жана Arion ater түркүмү чымчыктардын душманы деп эсептелет. Окумуштуулардын айтымында, үлүлдөр балапандарга кол салуусун уланта берсе, чымчыктар акырындап алардан коргонуунун амалын ойлоп табат.

Катажина Турзанска жана кесиптеши Зелена Горска университетинин илимий кызматкери Жастина Чачаоска (Justyna Chachulska) Arion түркүмүндөгү үлүлдөрдүн балапандарга кол салуусуна Врослав шаарынын тегерегинде Zonotrichia albicollis чымчыктарына байкоо салып жүрүп күбө болушкан. Үлүлдөр чириген өсүмдүктөрдү, өлгөн малдын тарпын, кишинин заңын, майда курт-кумурскаларды, анын ичинде сөөлжандарды жеп жан багышат.

Кыргызстанда үлүлдү жеген койлор боор курт болору айтылып жүрөт. (Булагы: http://www.mnn.com, https://www.newscientist.com)

Ач курсакка билим жукпайт

Курсакты толтуруп алып окуган же кайсы бир теманы өздөштүрүү кыйын болору илимде эбактан эле маалым. Адамга ачка абалында дагы бир нерсени үйрөнүү кыйын болорун германиялык окумуштуулар аныкташты.

Айбанаттарга жем-чөптүү жерди издөөдө, башка жаныбарлардан коргонууда жана тамактанууда чоң жөндөм же тийиштүү билим керек. Алардын таанып билүү процессине бир катар гормондор, анын ичинде пептид гормону- грелин таасир этет; грелин жаныбардын ачка экенин ага сездирет.

Буга чейин грелин келер, суур, тыйын чычкан сыяктуу кемиргич айбандардын мейкиндикте багытын жоготпой жүрүү жөндөмүн жакшырта турганы илимий жол менен далилденген болчу. Бирок адамдын таанып билүүсүнө грелин кандай таасир кылганы тууралуу маалымат өтө эле аз же чектелүү эле.

Грелиндин адамга кандай таасир эткенин билүү максатында Мюнхен шаарындагы Макс Планк атындагы психиатрия институту (The Max Planck Institute of Psychiatry) эксперимент уюштуруп, күчү ашып-ташып турган 21 эркекти компьютердик оюн ойнотуп, виртуладык мейкиндикте сейил курдурушту. Алар санариптик шаарда басып баратканда, айрым бир сөздөр эки ирет айтылып, аларды эсинде сактап калышы шарт эле. Ошо учурда мээлеринин кандай иштегенин магниттик резонанстык сканер томография кылып (байкап сүрөткө тартып) турду. Ал кезде кош сокур усулуна(double-blind method) ылайык, аларга грелин жана плацебо берилгенин экспериментти тейлеген операторлор билип, береги адамдар жана илимпоздор андан бейкабар болушкан. (Грелин адамды ачка сездирип, тамак жегенди каалатат. Плацебо эч кандай дарылык касиети жок зат, анын дарылык натыйжасы кеселдин ал дарыга болгон ишенимине негизделген). Кийинки күнү алардан кайсы сөздөрдү жадында сактап калганы суралган жана берген жооптору грелин менен плацебонун натыйжасында айырма жок экенин көрсөткөн. Ошентип, адам ачка кезде тамакты аша тоюп жеп алгандагыдай эле эске тутуусу начар болот дешет илимпоздор. Бул изилдөө анорексия (организм каалап турганына карабай тамак жегенге табити тартпай турган абал), кант диабети, Паркинсон дарты жана Альцгеймер оорусу кандай өнүккөнүн түшүнүп, аларды дарылоонун жолун тапканга көмөктөшөт деген үмүттө немис илимпоздору. (Булагы http://www.sciencedirect.com, http://www.psych.mpg.de)

Келечекте Apple смартфону ууруну тааный алат

Apple смартфону болочокто биометрикалык технология менен камсыздалат. Алдагы аппарат бөтөн адамды же ууруларды манжаларынын изинен жана башка биометрикалык белгилеринен тааныйт. Ал үчүн адамдарды таанычу Touch ID системасы жана видеокамера пайдаланылат. Ээсинин биометрикалык белгилери айфондун мээсинде сакталат. Эгер ууру айфондун мээсине киргенге аракет кылса, бул жөнүндө Apple компаниясынын борбордук серверине маалымат жөнөтүлөт. Эгер айфон уурдалганы тастыкталса, ал тууралуу полицияга кабарланат. Бирок мындай айфонду пайдаланууга азырынча укуктук жактан мүмкүнчүлүк жок.

iPhone

iPhone

Ошондуктан Apple компаниясы жакын арада биометрикалык технологияны кеңири пайдаланууга чыгарары күмөндүү экенин адистер айтышат.

Aзыр iOS операциялык системасы жоголуп кетсе, ал ээсинин биометрикалык маалыматын пайдалана албайт, андай мүмкүндүгү да жок. Эгер ээси iCloud кызматына кайрылып, жоголгон аппаратын табууга уруксат берсе жана анда тийиштүү жабдуусу болсо, смартфонду же планшетти ээсинин паролун пайдаланып, иштетпей блок кылып коёт. Ошондой эле ээси аппаратындагы бардык маалыматты, анын ичинде банктагы эсебине байланыштуу маалыматтарды жок кылып же башка жакка которуп сала алат.

Рейтер агенттигиин маалымдашынча, iOS 7 жана iOS 8 оперативдүү системасында iPhone, iPad же iPod touch аппараттарын активдештирүүнү блоктоо функциясы пайда болгондон тарта Нью-Йорк, Лондон жана Сан-Францискодо катталган уурулук жыйырма беш-элүү пайызга азайган.

2014-жылы Британияда 742 миң адам смартфонун жоготкон. Бул күнүнө эки миң адам смартфонун жоготту деген кеп. (Булагы: http://appleinsider.com, http://inovosty.ru/)

Иттердин мээси адамдын мээсине окшош иштейт

Иттер айрым сөздөрдүн маанисин түшүнөт жана алар кандай маанай менен айтылганын ажыратып билет. Сөздөрдүн маанисин аныктоодо адам мээнин кайсы жарымын иштетсе, иттер да ошол жарымын пайдаланат. Муну Будапешттеги Лоранд Этвёш атындагы университеттин (маж. Eötvös Loránd Tudományegyetem) нейрофизиологдорунун изилдөөсү көрсөттү. “Мээ айтылган сөздү ажыратып түшүнүп жатканда анын жарым шарлары ишти бөлүшүп алышат: сол жагы сөздүн маанисин, оң жагы сөздүн интонациясын таанып билет, андан соң мээ бул маалыматтарды бириктирет. Иттер да ошондой эле механизмдерди пайдаланып, сөздөрдү аңдап түшүнөт,”-дейт Рейтер агенттигине Лоранд Этвёш атындагы университеттин Этология департаментинин жетектөөчү изилдөөчүсү Аттила Андикс (Attila Andics).

Экспериментке катышкан иттерге чыныгы сөздөр жана жалгап куралган маанисиз сөздөр угузулганда, алар кадимки сөздөрдү жалгама сөздөрдөн ажырата алган. Иттердин башына (Англия жана Шотландияда кой кайтарчу ит (вorder collie), саргылтым ретривер (golden retriever), жүнү үрпөйгөн кытай ити (Chinese crested dog) жана немис овчаркасы (German shepherd) кулакчын (headphone) кийгизилип, “азамат,” “супер” “жакшы бала” деген сөздөр айтылган. Иттердин мээсинин оң жарымы сөз кандай маанайда айтылганына жараша же жакшы сөздөр жакшы интонация менен айтылганда гана реакция жасаган. Бул алар добуштун бийиктигине жана адамдын колун кандай жаңсаганына да көңүл бурушканын тастыктайт. Иттер адамдан мактоо сөздөрүн укканда, эгер ал сөз жакшы интонация менен айкашса, береги сөздөрдү оң жарым шар мээнин ырахаттануу борборуна жөнөткөн.

Ушундан улам Аттила Андикс жана анын кесиптештери иттер сөздөрдү угуп, аларды айтылган интонацияга жараша түшүнүп аңдайт деп бүтүм чыгарышат. Илимпоздордун айтымында, береги илимий ачылыш иттерди пайдаланып, карт заманда адамзаттын тили кандай пайда болгонун жана адамдар кантип сөз курап сүйлөй баштаганын изилдөөгө мүмкүндүк берет. (Кеңири маалымат үчүн караңыз: (Булагы: https://www.aaas.org, http://science.sciencemag.org, http://www.telegraph.co.uk)

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG