Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Apple смартфондун сыр ачкычын бербейт


Apple компаниясынын аткаруучу директору Тим Кук коомчулукка iPhone 6s смартфонун көрсөтүүдө. Сан Франциско, 9-сентябрь 2015
Apple компаниясынын аткаруучу директору Тим Кук коомчулукка iPhone 6s смартфонун көрсөтүүдө. Сан Франциско, 9-сентябрь 2015

Айрым өлкөлөрдө соттор бийликтин ишарасына ылайык мыйзамды каалагандай бурмалап жатканда Apple компаниясы АКШ Конституциясына таянып, кардарларынын iPhone смартфонундагы маалыматты коопсуздук кызматтарына ачып берүүдөн баш тартты жана өз укугун сот аркылуу коргомокчу.

Apple компаниясы ондон ашык адамдын өмүрүнө жооптуу кылмышкердин смартфонундагы маалыматты АКШнын Федералдык териштирүү кызматына (FBI) ачып берүүдөн баш тартты.

Сот атактуу компанияны смартфондун сыр белгисин ачып берүүгө милдеттендирген болчу. Федералдык териштирүү кызматынын (FBI) өкүлдөрү былтыр 3-декабрда Сан-Бернардино шаарында кызыл кыргын уюштурган Саид Фаруктун телефонунда ислам террорчулары тууралуу абдан баалуу маалыматтар бар деп ишенет. Ошондуктан Apple компаниясын телефондун сыр белгисин терүүнү онго чейин чектөөнү алып салууга жана кодду ачууга зарыл бардык комбинацияны автоматтык түрдө жасачу программаны түзүп берүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Радикал исламчы жана анын аялы 14 жөн-жай жаранды өлтүрүп, 20дан ашуун жаранды жарадар кылышкан. Бул калаба америкалыктар үчүн 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларында болгон террордук чабуулдардан берки эң чоң трагедия.

290 миллиард долларлык мүлк-дүйнөгө ээ Apple компаниясынын директору Тим Кук өз кардарларынын смартфондорундагы маалыматты коргоо системасынын коопсуздугун начарлатчу кадамга барбай турганын WSJ гезитине берген видео маегинде мындайча негиздеди:

Тим Кук
Тим Кук

- Эгер смартфондун программалык камсыздоо бөлүгүнө (softwarе) арткы эшиктен жакшы жигиттер гана кире алса, ал эшикти жаман жигиттер да пайдалана алат... Биз ал жайдагы маалыматты эч ким билбеши керек деп түшүнөбүз. Өлкө коопсуз болгонун да каалайбыз. Купуя сыр менен коопсуздуктун кайсынысы маанилүү экенин эч ким чечпесин. Бул экөө тең биздин Конституциянын өзөгүн түзөт жана муну тигинден өйдө кой дебейт.

Тим Куктун айтымында, компаниянын кызматкерлери да телефондогу маалыматка кире албайт.

"Смартфондун маалымат сандыгы коопсуз болушу үчүн Apple миллиардаган доллар жана ондогон жылдар жумшаган. Айфондун (iPhone) эс-тутум бөлүгүнө анын сыр белгисин билген адам гана кире алат. Эгер сыр белги - пароль он мертебе жаңылыш киргизилсе, смартфон автоматтык түрдө кулпуланып, мээсиндеги маалымат өчүп калат. Ушундан келип, акылдуу телефондун азыркы коопсуздук системасы бузулса, айфондун операциялык системасынын жаңы версиясын түзүү зарыл болот", - дейт Apple.

Компаниянын мүлк-дүйнөсү былтыр 290 миллиард долларга бааланган жана 54 миллиард доллар киреше алган. Анда бардыгы 115 миң адам эмгектенет. Ырас, Фаруктун смартфонундагы төрт сандан турган паролду же кодду улам бир сандарды кураштырып тапса болот. Ал үчүн зарыл сандарды 10 миң ирет терип кураштыруу керек.

Apple'дин мындай позициясын Маалымат технология өнөр жайы боюнча кеңеш (The information Technology Industry Council) жактап чыкты. Мына ушул мыяткер уюмга Google, Facebook, Microsoft, Samsung, Blackberry cыяктуу килейген бай компаниялар мүчө. Кеңештин кайрылуусу “технология секторунда жасалган коопсуздук жабдуулары менен технологиялар терроризмге каршы күрөштү” эффективдүү кылгандыктан, алдагыдай кадам менен коопсуздукту бошоңдотпоого чакырат.

Ырас, Apple террорчунун телефонунун маалымат топтомун ачып берсин дегендер да бар. Алардын көрүнүктүүсү АКШ президенттигине талапкер болуу үчүн ат салышып жаткан Дональд Трамп. Ал шайлоочулар менен кездешүүдө бу компаниянын продукциясын сатып албоого үндөдү:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

- Apple жашыруун кодду бермейин, аны бойкот кылышыңар керек деп ойлом...Себеби, Apple башка адамдарды коопсуз кылыш керек.

Бул тушта компьютерлер үчүн антивирустук программа иштеп чыгуучу McAfee компаниясынын түптөөчүсү жана башчысы Жон Макафи 14 адамды көргө айдаган жанкечтинин смартфонунун паролун бузуп берүүдө Федералдык териштирүү кызматына тегин жардамдашарын билдирди. Business Insider басылмасына чыккан макалага караганда, Макафи жана анын командасына ал үчүн үч апта керек болот. Эгер иштин өтөлүнө чыкпаса, ал “өз ботинкамды жейм” деп сөз берди.

Ян Браун Оксфорд маалымат технологиясы институтунун профессору. Ал Си-Эн-Эн телеканалына берген маегинде Apple компаниясынын айфондун операциялык системасын Федералдык тергөө кызматы (FBI) менен тең бөлүшүүнү каалабаганын эки себеп менен түшүндүрдү. "Биринчиден, Apple учурда миллиарддан көп адам колдонгон смартфондорун коопсуз кылуу үчүн эбегейсиз чоң акча сарптаган. Андан тышкары тартипти бирөөлөр үчүн жумшак кылуу азыркыдан да чоң кылмыш жасоого жол ачышы ыктымал", - дейт профессор Браун.

Бул бир окуянын же бир смартфондун маселеси эмес. Бул глобалдык саясий маселе, саясий таймаш.
Ян Браун

- Кыйынчылык мында: жаңы смартфондорду азыркыдан да татаал жана коопсуз кылуу мүмкүн эмес. Айфонду коопсуз жана “мээсин” бөтөнгө жабык кылуу үчүн эсепсиз көп акча сарптады. Смартфондордо миллиарддан көп керектөөчүнүн купуя маалыматтары сакталууда. Ошон үчүн: “Кечиресиздер! Айтканыңарды аткара албайбыз" деп жатышпайбы. Проблема мында: биз бу кадамга кылмышкерлер үчүн жана башкалар үчүн барсак, маалыматты сактоонун коопсуздугун начарлатып, дагы чоң кылмышка жол ачуубуз мүмкүн.

"Экинчиден, эгер Apple ачкычты мыйзамды урматтаган АКШ өкмөтү менен тең пайдаланса, анда тоталитардык өлкөлөргө да бербегенге күчү жетеби?", - дейт британиялык илимпоз.

- Эгер АКШга берегидей жеңилдик берилчү болсо, Apple, Microsoft, Google жана башкалар Кытай, Орусия өңдүү репрессивдүү режимдерге кантип жок деп айта алышат. Бул бир окуянын же бир смартфондун маселеси эмес. Бул глобалдык саясий маселе, саясий таймаш. Коопсуздукту бошоңдотуу өкмөттүн маалымат дооруна "хакерлик" жасоосуна шылтоо болуп калат.

Ян Браун маалымат жана купуя сырлардын коопсуздугу боюнча белгилүү эксперт.

XS
SM
MD
LG