Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү

Апрель ыңкылабына беш жыл

Мурдагы президент Бакиевдин режимин күч менен алмаштырган Апрель окуясына беш жыл толду. Кандуу окуяларда жүзгө чукул адамдын өмүрү кыйылган.

Буга байланыштуу бүгүн президенттин катышуусунда бир катар иш-чаралар болмокчу. Ала Тоо аянтында мамлекет башчынын катышуусу менен митинг болот.

Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчы митингде сөз сүйлөйт. Андан кийин президент Атамбаев 7-апрелде окко учкан 87 кишинин сөөгү жаткан “Ата-Бейит” көрүстөнүнө барып, эскерүүгө катышат. Апрель окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлат. Аягында Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында апрель окуясынын курмандыктарынын арбактарына багышталып куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиев бийликтен куулган. Бийлик алмашуусун, авторитардык режимдин бузулуусун талап кылып Ак үйдүн алдына чыккан элге карата ок атылып, 87 киши набыт болгон.

Жалпысынан Бишкек, Талас, Нарын шаарынан кошкондо 812 адам жаракат алган. Курман болгондорго “Апрель баатыры” деген наам, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1 млн. сомдон компенсация, батир берилген.

19:46 7.4.2015

19:42 7.4.2015

19:22 7.4.2015

Апрель окуясы: беш жылда эмне өзгөрдү?

Кыргызстанда бүгүн Апрель ыңкылабынын беш жылдыгы белгиленди. Өлкө жетекчилери катышкан негизги расмий иш-чара Бишкекте, борбордук Ала Тоо аянтында өттү. Анда президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, апрель ыңкылабын жаманатты кылгысы келген күчтөр бар экенин эскертти. Кыйын сыноолорго карабай өлкөнү калыбына келип, биримдик чыңдалды деп айтты.

Эмилболот Кыштообаев Апрель ыңкылабынын жүзү катары таанылып калды.
Анын 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы элге ок чыгаргандарга каршы автомат менен жооп кайтарып жаткан сүрөтү жергиликтүү да, дүйнөлүк да басылмаларда жарыяланды. Өзү кийин берген маектеринде Ак үйдүн чатырындагы бир снайперди атып түшүргөнүн айткан жайы да бар. Бул эрдиги үчүн ал “Апрель баатыры” деген наам алган. Эмилболот Кыштообаев Бишкекте Апрель ыңкылабынын беш жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатып, элдин күткөнү, кыял-тилеги толук ишке аша элек деп айтты, бирок дагы да болсо үмүт бар экенин белгиледи:

- Ыңкылап өз максатына бара-бара жетет экен. Максат-тилекке беш жылда жетүү кыйын экен. Бийлик алмашса эле андай болот, мындай болот деп эл күткөн, эл эңсеген нерсе келе элек. Бирок оңолобуз, жашообуз жакшы жакка бурулат деген үмүт бар. Азыр бийлик бир үй-бүлөдө эмес, элде деп айтса болот. Биз ошол бир үй-бүлөнүн башкаруусуна каршы чыкканбыз, ошого кыжырданганбыз. Бийлик элде болсо экен деп эңсегенбиз.

Бишкекте борбордук аянтта “Апрель ыңкылабынын” беш жылдыгына арналган расмий иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев гана сөз сүйлөдү. Ушул тушта 7-апрелди жаманатты кылгысы келген, мурунку бийлик өкүлдөрүнүн камчысын чаап жүргөн кыянатчыл күчтөр бар экенин эскертти:

- Албетте, беш жыл мурда эл майданга чыкпай эле койсо болмок дегендер аз эмес. Мурдагы бийликти эңсеп, аларга мурдагыдай эле кызмат кылып жүргөндөр аз эмес. Минскиден тапшырма алып, ал жердеги канкорлорго байма-бай барып, керек болсо тойлорунда ырдап, бийлеп жүргөндөр да бар. Кан жыттанган акча таратып, жаш балдарды башаламандыкка түртүп, элди алдап, бөлүп-жаргандар да аз эмес. Убагында өлкөбүздү тоноп, эми элибизге күйүмүш болгондор андан көп. Кыргыз элине канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот деп, элибизге, жерибизге күнү-түнү жамандык тилеп жүргөндөр да аз эмес! Сасык макала, калп китеп жазгандар, канкорлорду актап-жактагандар мындан көп.

Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан кыйын сыноолорго карабай кайра жаралып, бириге алды деп айтты. Апрель окуясын унутпоого, анда шейит кеткендерге таазим кылууга чакырды:

- Элибизде көч бара-бара түзөлөт деген сөз бар. Эң негизгиси өз жолубузду таап алдык. Ошол жолду элибизге 7-апрель ачып берди. Бала кезимде мен Максим Горькийдин Данко жөнүндө аңгемесин көп окудум эле. Данко эли караңгыда адашып, жол таппай калганда көкүрөгүнөн өз жүрөгүн сууруп чыгат. Данконун жүрөгү ошондо нур төгүп күйүп, анын жарыгы менен эл жол таап, аман калат. 7-апрелдин шейиттери - кыргыз элинин Данколору. Мындай жигиттери бар эл сөзсүз күчтүү, өнүккөн мамлекет кура алат. Элүү жылда эл өзгөрөт дейт. Биздин эл беш жылда эле катуу өзгөрдү. Анткени ошол күйүп кеткен жүрөктөрдүн жарыгы акты ак кылып, караны кара кылып көрсөттү. Бир эле мисал. Үй-бүлөлүк башкаруу Кыргызстанда кайра болот деп ким ишенет? Криминал Ала Тоо аянтына келип, өкмөттү кайра коркутат деп ким ишенет? Уурулар, коррупция да ошол жүрөктөрдүн жарыгынан коркуп, ийинде жашынып жатат, дымып, мурдагыдай мактанып, кычырабай.

Атамбаев 7-апрель окуясына алып келген бийликтин бир колго топтолушу, бийликтегилердин кылмыш топтор менен коюн-колтук алып алышы, буйрутма киши өлтүрүүлөр өңдүү жагдайларды санап өттү. “Азаттыктын” жана КТРКнын мурунку жетекчиси Кубат Оторбаевдин баамында, сөз эркиндигин кысмакка алуу да ыңкылыпка кошул-ташыл болгон:

- Сөз эркиндигинин кысылышы эң негизги себептердин бири болгон. Биз муну өз башыбыздан өткөрдүк. Бакиевдердин бийлиги “Азаттыкка” кысым кылып, аны менен кызматташкан өнөктөш телерадио компанияларды “Азаттыкты” уктурбагыла” деп коркутуп-үркүтө баштаган. Баштаганда эле бизди КТРден сүрүп чыгышкан. “Азаттык” кыска толкундан гана чыгып калган. Анан Апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу өкмөт дароо эле КТРди коомдук каналга айландыруу тууралуу декрет чыгарган. Азыр КТРК коомдук канал катары максатына жетти деп айтуу кыйын. Ал үчүн дагы бир топ иштер жасалышы керек. Бирок соңку беш жылда жетишкендиктерибиз болду. Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу системасына өттү. Оппозиция конституциялык жол менен Ак үйдүн өзүндө отуруп талылуу маселелерди көтөргөнгө, бийликтин өзүн ачык сындаганга, сөз эркиндигин колдонууга толук шарт түзүлдү. Биз буга сыймыктанышыбыз керек. Албетте кемчилиги жок иш болбойт. Ошондуктан алдыда аткарыла турган иштер, чече турган проблемалар өтө көп.

Кандуу Апрель окуясы жана анда окко учкан 90го жакын жаранды эскерүү иш-чарасы андан соң “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окуу менен уланды. Атамбаев ошондой эле “Медиа-Форумга” барып анын жанында Апрель окуясында курман болгондор үчүн орнотулган эстеликке гүл койду.

Бул иш-чаралардын баары коопсуздук тыкыр көзөмөлдөнгөн шартта өттү. Алдын ала тизмеге алынган, чакыруу менен келген адамдар гана катышты. Мындан улам Ала-Тоо аянтына кире албай, элдик ыңкылапты эскерүү элдик болбой калды деп нааразылык билдиргендер да болду.

19:11 7.4.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG