Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Италия: көчкү курмандыктары 14кө жетти


Куткаруучулар. 20-январь, 2017-жыл.
Куткаруучулар. 20-январь, 2017-жыл.

Борбордук Италиядагы кар көчкү басып калган мейманканадан дагы бир нече адамдын сөөгү табылды. Ошону менен көчкү курмандыктары 14кө жетти.

23-январда куткаруучулар үч күчүктү тирүү табышкан. Мындан улам дагы башка коңулдарда тирүү адамдар болушу болжолдонууда. Дагы 17 кишинин тагдыры белгисиз, деп кабарлайт Рейтер агенттиги.

Кырсык болгондон кийинки алгачкы үч күндө тогуз адам кар алдынан тирүү табылган.

18-январдын кечиндеги жер титирөөдөн кийин Гран-Сассо тоосунан көчкү жүрүп, 30 чамалуу адамы бар Rigopiano мейманканасын басып калган. Катаал шарттан улам куткаруучулар кырсык болгон жерге бир нече сааттан кийин гана бара алышкан.

XS
SM
MD
LG