Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Эл аралык мунапыс уюму жылдык баяндамасын жарыялады


Орусия.
Орусия.

21-февралда жарыяланган документте саясатчылардын этникалык же диний азчылыктарга каршы “ууланган жана гумандуулукка жатпаган” сөздөрүнөн адам укуктары дүйнө жүзү боюнча коркунучта турганы белгиленген. Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүндөгү риторикасы дүйнөдө бөлүп-жаруу жана ачууга алдыруунун мисалы катары көрсөтүлгөн. Эл аралык мунапыс уюмунун баш катчысы Салил Шеттинин ырасташынча:

- 2016-жылы биз жек көрүү жана коркутуу саясатынын акылды айран калтырчу жайылышын көрдүк. Дүйнө жүзү боюнча саясатчылар коомчулукту бөлүп-жарып, азчылыктарды, мигранттарды жана качкындарды бардык кесепеттердин себеби катары көрсөтүштү. Анын айынан адам укуктары толугу менен төмөнгө кетти.

Шетти президенттер Дональд Трамп, Режеп Тайып Эрдоган, Родриго Дутерта жана Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбанды коомчулукка жик салгандар катарына кошкон. Ал эми орус президенти Владимир Путинди өз өлкөсүндө популярдуу, бирок жарандык коомду жок кылуучу катары мүнөдөзгөн. Баяндамада “жек көрүү риторикасы” 1930-жылдардагы эң начар мезгилдин деңгээлине түштү, деп белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG