Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Конституциялык сотко жолдонду. Коопсуздук кеңештин жоюлушу артында эмне жатат? Кыргызстанда репрессия күч алды деп ондогон интеллектуалдар президентке кайрылды.

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү аракети

14-декабрда президент Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жөнөттү. Жогорку Кеңеш өз кезегинде аны 17-декабрда Конституциялык сотко жиберди. Эми Конституциялык сот үч айдан ашпаган убакыттын ичинде өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш. Андан кийин мыйзам долбоору парламентте үч окууда кабыл алынып, Президентке кол коюуга жиберилет. Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмоновдун белгилөөсүнө караганда, биринчи окуу менен экинчи окуунун ортосунда кеминде үч ай убакыт өтүүгө тийиш:

- Эки окууга алып чыктыбы, эки окуудан өттүбү, ошол экинчи окуудан өткөндөн кийин кабыл алынды деп эсептесе болот. Үчүнчү
окууда андай убакыт өткөрүш сөзсүз эмес.

Ошону менен Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жараяны көп болгондо алты ай, аз болгондо төрт айдын ичинде ишке ашып калары айкын болуп турат.

Киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн мазмунуна келе турган болсок, ал негизинен 20-октябрда Президент жарыялаган жана андан көп узабай ишке ашырган Президенттик администрациядагы өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырууга багыт алган.

Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын төрагасы Алмазбек Атамбаев дал ошондуктан бийлик Конституцияны бузуп туруп, эми кечигип аны мыйзамдаштырууга киришти деп сынга алууда:

-
- Президент өзүнүн жарлыктары менен Конституцияны бузган. Конституцияда жок органдар пайда болду. Кээ бир агенттиктер өкмөттөн жогору коюлду. Президент Конституцияны бузуп алып туруп, андан кийин өзгөртүү жана кошумча киргизүүгө аракет кылып жатат. Ал эми сунуштаган долбоорунда үй-бүлө кимди тандаса, ошол президенттин милдетин аткарат деп турат. Бул Кокон хандыгы учурунда хан кандай тандалса, бизде да ошондой боло турган болуп жатканы.

Президент киргизип жаткан өзгөрүүдөгү олуттуу учур - бул Президент ишке жарамсыз болуп калганда же каза тапканда, анын милдетин аткаруучуну тандоого байланыштуу болууда.

Конституциянын азыркы нормаларына ылайык, эгерде Президент милдетин аткара албай калса, аны Жогорку Кеңештин төрагасы, ал болбой калса өкмөт башчы аткарат.

Курманбек Бакиев сунуштаган долбоордо Президенттин милдетин аткаруучу Президенттик кеңеш тарабынан тандалат.

Ал эми Президенттик кеңешке кимдер кирерин Бакиев 20-октябрда ачыктаган:

- Президенттик институттун органдарынын бардык жетекчилери, ошондой эле Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр Президенттик кеңешменин туруктуу мүчөсү болуп эсептелет. Бул координациялык орган. Ички жана тышкы саясатка байланыштуу бардык маанилүү маселелер боюнча чечимдерди президент кеңешменин мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу менен кабыл алат.

Маалым болгондой Президенттик кеңешке президенттин уулу Максим Бакиев да кирет. Ал Президенттик институтка кирген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси.

Президенттик кеңештин потенциалдуу мүчөсү Максим Бакиев болсо өлкө активдерин өзү жетектеген агенттиктин алдына жыйноону
улантууда. “Манас” аба майданы жана “Кыргызалтындын” акциялары Өнүктүрүү агенттигине алынганы жума башында кабарланды.

Ал эми Улуттук гвардия президенттин иниси Жаныш Бакиев жетектеген Мамлекеттик күзөт кызматынын карамагына өткөрүлүп берилери Президент парламентке дүйшөмбү күнү жолдогон мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.

Ашыкча көз боло турган Коопсуздук кеңеш...

20-октябрда сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев ички жана тышкы саясатка байланыштуу маанилүү маселелер боюнча кеңешүүчү орган жок экенин, ошондуктан Президенттик кеңешти түзүп жатканын билдирген.Бирок ички жана тышкы олуттуу маселелерди талкуулап чечим кабыл ала турган Конституциялык орган Коопсуздук кеңеши бар экенин Президент негедир айткан жок. Тескерисинче, Коопсуздук кеңешти түзүүгө Президентти милдеттендирген Конституциялык беренени, аны менен кошо Коопсуздук кеңешти жоюп салды.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковдун айтымында, Коопсуздук кеңеште өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу өтө орчундуу маселелер каралып, анын жыйыны мыйзамга ылайык такай чакырылып туруш керек болчу. Бирок мыйзам талаптарына карабай Президент Коопсуздук кеңештин жыйынын беш жылдык президенттик мөөнөтүндө бир гана жолу өткөргөн.
Исаковдун маалыматы боюнча, Коопсуздук кеңештин курамында Президент, Өкмөт башчы, Мамлекеттик катчы, Жогорку Кенештин төрагасы, Коопсуздук кеңештин катчысы, Башкы прокурор болгон. Алардан сырткары өзгөрүп туруучу тизме боюнча башка мамлекеттик жетекчилер кирген:

-
- Андан кийин ал жердеги мүчөлөрдөн Коргоо министри, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси, Каржы министри жана башкалар тизме боюнча кирчү. Ал тизме өзгөрүлүп турчу. Анан алар турмуш тажрыйбасы, кызмат тажрыйбасы бар, эл алдында, парламент алдында ант бергендер болуучу. Мунун дагы чоң мааниси бар. Себеби дегенде жоопкерчилигин дайыма эстеп турушат да.

Коопсуздук кеңештин дагы бир мурунку катчысы Мирослав Ниязов бул органдын жоюлушун абдан кейиштүү көрүнүш катары баалады:

-Бул өтө туура эмес саясат. Ачыгын айтып коюшубуз керек өтө туура эмес саясат жүрүп жатат. Бүгүн айтпасак эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Бүгүн чындыкты тагдырыбызга так карап айтып коюшубуз керек. Башкаруу деген бул өтө чоң искусство. Эмоциянын, өзүнүн башына келген ишти жасабай коопсуздукту системага айлантышыбыз керек. Бизде коопсуздук күчтөр бар. Бирок системага салынган эмес, деген Мирослав Ниязов бийлик башындагылар өздөрүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, абдан кейитип жатканын кошумчалады.

Президент болсо Президенттик кеңешме коопсуздук форматында да жыйнала турганын белгилеген.

Россияда өлкө алдындагы өтө олуттуу маселелер коопсуздук кеңеште талкууланып, чечим кабыл алынары белгилүү. Бизде эми бул орган жоюлууда.

Кыргыз калкынын эсинде 2002-жылы май айында ал кездеги президент Аскар Акаев өткөргөн Коопсуздук кеңештин жыйыны калса керек. Анткени анда Аксы окуясы талкууланып, анын соңунда ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев кызматынан кеткен. Кыязы Курманбек Бакиевдин Коопсуздук кеңешке карата ички мамилеси ошондо калыптанып калган окшойт.

Репрессия: Кыргызстанда болбосо Казакстанда...

Узап бараткан жумада Борбор Азия региону боюнча иштеген талдоочулар, журналисттер, окмуштуулар, саясатчылар, жалпысынан 78 киши Курманбек Бакиевге кайрылып, Кыргызстанда репрессия күчөп баратканын билдиришти. Алар мындай кайрылууну саясат таануучу Александр Князевдин сабалышына байланыштуу жолдошкон. Бирок расмий бийлик тараптан күч алган сабоолор боюнча эч кандай реакция болгон жок. Кээ бир окуяларга карата билдирүү жасап, аны менен кошо “Президенттин жаңылануу курсун” эскерте кете жүрчү Катчылык да үн каткан жок.

Болгону катчылыктын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси Султан Жумагулов “Азаттыктын” кабарчысынын

суроосуна жооп берип жатып, андай окуялар кыргыз бийлигинин кызыкчылыгында эместигин айтты:

- Дүйнө татаалдашып кеткен да. Эгер Кыргызстанда А.Князев сабалып атса, сөзсүз Кыргызстанга доо кетет да. Ошону билип туруп бийлик аны урушу мүмкүнбү? Анын үстүнө Орусия менен Камбар-Ата маселеси козголуп атканда, ошону билип туруп бийлик жасамак беле? Жок. Муну башка күчтөр жасашы мүмкүн. Кыргызстан менен Орусияны чатакташтыралы деген...

Ал эми Александр Князев, Болот Жанузаков өздөрүнүн сабалуусун мурунку президент Аскар Акаев менен кызматташуусу менен байланыштырууда.

Александр Князев, Кубанычбек Жолдошев жана Александр Евграфов сабалгандан кийин мына ушундай кейиштүү тагдырга дагы бир журналист туш келди. Бул ирет Казакстанда кыргыз журналистти Геннадий Павлюк алтынчы кабаттан кулап түшкөнү кабарланды. Казак милициясы адам өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.

Геннадий Павлюк акыркы мезгилде “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен кызматташып, биргелешкен интернет сайт ачууну пландаштырып жүргөн. Текебаев мындан үч-төрт күн мурун бул маселе боюнча Павлюк менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, ал тушуккан кейиштүү окуяга карата мындай пикирин билдирди:

-Биз бир нече күн мурун эле Павлюк менен телефон аркылуу байланышканбыз. Павлюктун алдыда көздөгөн бир топ долбоорлору тууралуу сүйлөшкөнбүз. Бул интернет сайт, интернет газеталарын чыгаруу тууралуу медиа долбоорлор болчу. Ал отимизге толгон маанайда сүйлөшкөн. Алдында чоң пландары бар эле. Ошондой адам өзүн-өзү өлтүрүү үчүн Алматыга барбайт деп ойлойм. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ал кимдир бирөөлөр менен жолугушканга барган. Мейманканага токтогон, ал жерден аны белгисиз кишилер бир жакка алып кеткен. Ал ыргытылган үй күнүмдүк батирге берилген үй болуп чыкты. Мен мунун баары алдын-ала атайын коюлган тузак, айла-амал болгон. Долбоорлору тууралуу сүйлөшүү, каржылоо жөнүндө убадалар менен аны белгисиз бирөөлөр аны Алматыга алдап алып чыгышы мүмкүн деп ойлойм.

Кыргызстан Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Алматыда көп кабаттуу үйдөн кулаган адам Геннадий Павлюк экени тастыкталганын, казак милициясы окуяны иликтеп жатканын билдирди.

Кыргыз мамлекетинде акыркы кезде болуп жаткан окуялар абдан кейиштүү экенин Мирослав Ниязов билдирүүдө. Бул жагдай үч багыт боюнча өнүгүп баратат.

Биринчиден, Курманбек Бакиев Президенттик бийликти милдеттендирүүчү, жооп берүүчү функциялардан арылтып, ошол эле мезгилде аны кыбыр эткенди көзөмөлгө алган абсолюттук деңгээлге алып барууда.

Экинчиден, Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик бардык активдерди, стратегиялык ишканаларды көзөмөлүнө алууда. Белгилүү болгондой Россиянын 300 млн. насыясы, бюджеттен 30 млрд. сомго жакын каражат Өнүктүрүү агенттигине берилүүдө. Андан сырткары “Кыргызалтын” жана “Манас” аба майданы жакында Өнүктүрүү агенттигине алынды.

Үчүнчүдөн, Жаныш Бакиев жетектеген Мамлекеттик күзөт кызматына Улуттук гвардия берилип, ал ого бетер күчөтүлүүдө.

Мына ушул үч багыттагы, бирок бир максатты көздөгөн кыймыл өлкөнү кайда алып барат жана ал канча барып токтойт белгисиз...

Акыркы маалыматтарга караганда, Геннадий Павлюк алтынчы кабаттан буту-колу байланып туруп ыргытылган. Бул тууралуу Алматыга барып келген “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү билдирди. Казак миилциясы Геннадий Павлюк жаткан оорукананы катуу кайтарып, кылмышкердин “фотороботун” түзгөнүн жана кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатканын билдирген. Ал эми Павлюктун өзүнүн абалы өтө оор бойдон калууда. Ал өзүнө келе элек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG