Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Апта:"Отличник" Курманов, тузакка илинген Павлюк...


Алматыда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Г. Павлюк (жеке архивдик сүрөт).

Алматыда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Г. Павлюк (жеке архивдик сүрөт).

Жогорку Кеңеш жаңы төрагалуу болду. Кыргызстан тышкы саясатта бир өлкөгө таянуудан кайтабы? Журналист Геннадий Павлюктун өлүмү АКШ саясатчыларын да козголтту. Балыкчы окуясы боюнча сот өкүмү чыкты, бирок оппозиция өкүлдөрү бул өкүмгө каршы соттун жогорку баскычтарына кайрылбасын айтып чыкты.


Павлюкту Алматыга алдап чакыргандар кимдер?

22-декабрда журналист кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк көз жумду. Ал 16-декабрда Алматы шаарында алтынчы кабаттан колу-буту таңылып ыргытылган. Ошондон өзүнө келбей алты күндөн соң каза тапты. Журналисттин сөөгү Кыргызстанга алып келинип, Ысык-Көлгө коюлду.

Казакстан милициясы Геннадий Павлюктун электрондук каттарын алып, ал аркылуу кылмышкерлердин изине чыгууга аракет жасоодо. Геннадий Павлюк акыркы мезгилде кызматташып жүргөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, Павлюкту алдап Алматыга алып чыгышканы далилденип жатат.
Г. Павлюкту белгисиз уюмдун атынан Алматыга алдап чакырышкан. Ө. Текебаев

Текебаевдин маалыматы боюнча, ММКны колдоо боюнча белгисиз уюмдан Павлюктун электрондук дарегине каттар келип, анда анын долбоору 80 миң доллар утуп алганы кабарланган. Акчаны алуу үчүн Алматыга келүү сунушталган. Бул фактылар Геннадий Павлюкту алдап, кошуна өлкөгө алып чыгуу айласы жасалганын далилдеп жатат дейт Текебаев:

- “Прессаны колдоо боюнча демократиялык уюм” деп аталган кандайдыр бир белгисиз уюм менен кат алышуулар болгон. Павлюк шектенип, мен баарын билет элем сайтыңарды айткыла, дарегиңер кайда деп алардан кайра-кайра сураганга карабастан өз сайтын, жетекчилеринин телефондорун бере алган эмес. Бирок кайра-кайра кат жазып, сиздин долбооруңуз өттү деп, аны чакырып Алматыга алып кетишкен. Анткени Павлюк долбоорлоруна акча издеп жүргөнүн баары билишкен. Мына ушунун өзү ага тузак коюлуп, Казакстанга алып чыгуу аракетинин далили.

Казак полициясы Павлюктун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү журналисттин өлүмүнө тиешеси барлардын бети ачылышына кызыкдар экенин билдирүүдө.

Геннадий Павлюк менен Кыргызстанда акыркы жылдары үчүнчү журналист өлтүрүлдү. Белгилүү болгондой 2007-жылы Ошто Алишер Саипов атып өлтүрүлгөн. Андан кийин Алмаз Ташиев сабоодон көз жумду. Эми мына Геннадий Павлюк.

"Кезекте ким?" - деген суроо турат
Павлюкту өлтүрүү - Кыргызстандагы бийлик оппоненттерине сес көрсөтүү.Ө. Текебаев

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Павлюктун өлүмүн саясий өлтүрүү катары баалады:

- Мен муну саясий өлтүрүү деп эсептеймин. Бул Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарына коркутуу жолу менен цензураны орнотуу үчүн, Кыргызстандагы бийликтин оппоненттерине сес көрсөтүп, аларга моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү. Алардын айланасына таланттуу журналист, окмуштуулардын жыйналышына тоскоолдук жасап, тирүү өлүккө айлантуу үчүн жасалган аракет деп ойлоймун.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов журналисттерге кол салуулар боюнча мындай пикирин билдирген:

- Акыркы учурда бизде, Кыргызстанда журналисттерге болгон кол салуулар көбөйүп кетти. Бул аябай өкүнүчтүү факт. Кол салуулар. Журналист эле эмес кандай гана адам болбосун ага кол салып басмырлоо туура эмес. Бирок маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болуп жаткан бул окуялардын бардыгын бир караганга болбойт. Ар бир болгон окуяны өзүнчө караш керек. Бийлик, анын ичинде Катчылык дагы бул иштердин ачылышына, тез ачылышына, өз убагында алар боюнча чара көрүлүшүнө кызыкдар.

Геннадий Павлюктун көз жумушу эл аралык уюмдарды, АКШнын саясатчыларын да ойготту. Алар журналисттин өлүмүн терең иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын коюшту.

Тышкы саясатта эч кайсы өлкөгө артыкчылык берилбейби?

24-декабрда президент Бакиев тышкы саясатка байланыштуу билдирүү жасады. Анда Кыргызстан бир өлкөгө артыкчылык берүү жолунан четтээри айтылды. Билдирүү Тышкы иштер министрлигинин 65-жылдыгына арналган жыйында жасалды.

Президент сөзүндө Кыргызстан алдындагы сегиз коркунучту белгиледи. Алар: терроризм, чек ара коппсуздугу, Ооганстан, суу-энергетика, дүйнөлүк кризис жана башка факторлор. Бул маселелерди чечүүнүн ыкмасы катары алардын алдын-алуу, өнүктүрүү саясатын жүргүзүү сунушталды. Ошол эле мезгилде президенттин сөзүндө көңүл бура турган башка маселе пайда болду.
Биздин тышкы саясат көп вектордуу болууга, тышкы саясатта бир өлкөгө артыкчылык берүү эмес, акылга салынган баланс үстөмдүк кылууга тийиш.К. Бакиев

Ал тышкы саясатта кайсы бир өлкөгө артыкчылык берилбеши. Бул тууралуу Курманбек Бакиев 24-декабрда мындай сөздү айтты:


- Тышкы саясаттагы каражаттарды өлкөнүн өнүктүрүү багытына топтош керек. Тышкы саясатты жүргүзүүдө түзүлүп калган байланыштар жана салттар менен чектелип калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы байланыштарга ачык болуш керек. Биздин тышкы саясат көп векторду болууга тийиш. Тышкы саясатта бир өлкөгө артыкчылык берүү эмес, акылга салынган баланс үстөмдүк кылууга тийиш.

Курманбек Бакиев алгачкы президенттик кызматка киришүү учурунда “үйгө кайтуу” же коңшу өлкөлөр менен жакшы болуу саясатын көтөрүп чыккан. Бул саясат Өзбекстан багытында айтылып, бирок натыйжасы болгон жок. Анткени Кыргызстанга жаңы бийлик келгенден кийин да Ташкен менен Бишкектин мамилеси татаал, түшүнүшүүсү, кызматташуусу төмөн бойдон калууда. Ал эми Казакстан жана Тажикстан менен мамиле мурдатан эле дурус деңгээлде болуп келгени маалым.
Анда эч бир өлкөнүн саясатын колдобойбуз, каршы да болбойбуз, ортодо калабыз деп жарыялаш керек.О. Молдалиев

Кошуналарга кайтуу саясатынан кийин Россия менен байланышка, кызматташууга артыкчылык берүү саясаты жүргүзүлдү. Бирок Москва менен айрым долбоорлор аксап, 193 млн. карызды кечүү кечеңдей баштаганга байланыштуу эми кайрадан көп тармактуу саясат темасы козголо баштады окшойт.

Кыргызстан тышкы саясатында күтүлүп жаткан кадамдарга саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай баасын берди:

- Беш жылдын ичинде тышкы саясаттын багытын аныктай турган президенттик институт жогоруда айтылгандай үч багытта баратат. Кошуналар менен иштейбиз деген менен эч кандай ийгиликке жетишкен жокпуз. Чек ара маселелери чечилбеген бойдон турат. Суу маселеси андан дагы курчуп баратат. Отун-энергетика маселелери да оорлошуп калды. Эми эч кимге артыкчылык берилбейт дегенге келсек, эч болбосо союздаш мамлекеттер менен артыкчылыгыбыз болуш керек. Эч кайсы мамлекетке артыкчылык берилбейт дегенде бул Түркмөнстандын нейтралитет саясатына окшоп калат. Андай болсо жарыялаш керек, биз нейтралитетке чыгабыз, эч бир мамлекеттин саясатын колдобойбуз дагы, каршы болбойбуз дагы ортодо калабыз деш керек.

"Отличник" Курманов

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеш жаңы төрагалуу болду. 2008-жылы кокустуктан төрага болгон, кээ бир терминдерди адаштырып ийип жиберчү Айтибай Тагаев Баткенге губернаторлукка жөнөтүлдү. Анын ордуна тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов төрагалыкка тандалып алынды.

Курманов Тагаев сыяктуу эле мурунку президент Аскар Акаевдин саясатын колдоп, ага кызмат кылып келген. Үзөңгү-Кууштун коргоочуларын айыптап кескин сындап да жүргөн. Зайнидин Курманов бир жагынан алганда советтик мектептердеги “пионер вожатыйлардын” айтканын так аткарып келген “отличник” балага окшош. Ошонусу менен кайсы бийлик болбосун тил табышып кетип жүрөт.

Азыркы бийлик аны тандашынын дагы бир себеби - Курмановдун интеллигенция катарында болушу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен сөз таба алышында болушу ыктымал. Андан сырткары бийлик рангасында расмий түрдө алтынчы орунда, реалдуу турмушта алдыңкы орундарда турган Максим Бакиевдин борбордогу “интеллектуалдар” менен кызматташуу максатына Зайнидин Курманов туура келип жаткандай. Анткени Зайнидин Курманов Бишкектеги интеллигенция өкүлдөрү түзгөн “Менин өлкөм” партиясынын лидерлеринин бири болуп турган. Бул партиянын катарында убагында маркум Медет Садыркулов, Жоомарт Оторбаев, Оксана Малеванная, Галина Куликова, Эрнаст Акрамов жана башкалар турган.

Зайнидин Курманов төрагалыкка киришүү алдында бул жооптуу кызмат экенин белгиледи:


- Мен түшүнүп атам. Бул кызмат - чоң жоопкерчилик. Ошол чоң жоопкерчиликти аткарыш үчүн бардык аракетимди көрсөтөм.

Оппозиция өкүлдөрү Зайнидин Курманов шайланган жок, аны үй-бүлө дайындады деген пикирди айтууда. Маселен Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров мына ушундай пикирин ачыктаган.

Ошентип жаңы жыл алдында Жогорку Кеңеш жаңы төрагалуу болду. Бирок 2010-жылдын алдында кыргыз коомчулугу андан башка жаңылыктарга да туш болушу ыктымал. Анткени 29-декабрда “Түндүкэлектро” мамлекетке тиешелүү акцияларын сатуу боюнча тендердин жыйынтыкталат. Ал эми февраль айында "Ошэлектро", "Жалал-Абадэлектро" жана "Чыгышэлектро" боюнча тендер өткөрүлөт. Ошону менен жаңы жыл алдында жана соңунда бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү ишке ашырыла башташы күтүлүүдө. Бул компаниялардын эң ириси “Түндүкэлектро” “ким канча берсе, ошончого сатылат” деген жол менен саттыка коюлат.

Оппозиция күрөшүн күчөтөбү?

Ички саясаттагы орчундуу окуялардын бири - бул Балыкчы окуясына тиешеси бар деп айыпталып жаткандарга өкүм чыгышы болду. Сот соттолуп жаткан 18 кишинин төртөөсүн төрт жылга, калгандарын шарттуу түрдө эки-үч жылдан кескен чечимин чыгарды.

Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, алар апелляциялык арыз менен жогорку сот инстанцияларына кайрылбайт. Анткени бийлик тараптан адилеттик болооруна ишенич үзүлдү. Соттолгондордун жакындары менен да бул маселе макулдашылды. Ал эми саясий күрөш белгилүү ыкмалар менен жаңы жылдан кийин улантыла баштайт.

Белгилей кете турган нерсе акыркы жылдары лоялдуу болуп турган “Ак шумкар” партиясы да бийликтин Конституциялык реформасын кескин сындаган билдирүү менен чыкты.

Бул факторлор бийлик менен оппозициянын күрөшү келерки жылдан тарта курч мүнөзгө өтүү мүмкүнчүлүгүнөн кабар берип турат.

Тасмада: Балыкчы окуясы боюнча 24-ноябрдагы сот

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG