Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

Бишкекте Элдик курултай жети талап коюп, аларды аткарууга бийликке 24-мартка чейин мөөнөт берди. Эгерде алар аткарылбаса, эл конституциялык укугунан пайдаланып элдик бийликти орнотууга киришет. Бишкектин эң ишенимдүү деп келген кошунасы Казакстан региондогу суу-энергетикалык маселеде Ташкенди жактаары айкын болду. Кыргызстанда эркин маалыматтардын оозун басуу аракеттери күчөдү.

Курултайлар парады

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленет. Күн менен түн теңелип, жаз амалына кирген учурда байыртадан эл бул күндү белгилеп, майрамдап келген.

Бул майрамдан эки күндөн кийин, 23-мартта бийлик Ынтымак курултайын өткөрөт. Ага 750 делегат шайланган. Курултайдын күн тартиби аны уюштуруу тобу тарабынан түзүлөрү айтылган. Уюштуруу тобун президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев жетектейт. Бирок ушул кезге чейин күн тартиби расмий түрдө айтыла элек.

Бул арада президенттин квотасы менен делегат болгон айрым саясатчы, коомдук ишмерлер курултайдын күн тартибине тарифтерди төмөндөтүү, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомду” мамлекетке кайтаруу, Конституциялык реформаны токтотуу маселелерин киргизүүнү
сунуштады. Маселен, “Ала-Тоо биримдиги” коомунун өкүлү Эсенгул Өмүралиев:

- Биздин коом үч маселени талкууга сунуш кылып жатабыз. Биринчи, тарифтерди кескин көтөрүлүшү.Ошонун кереги бар беле,жок беле деген маселе. Экинчи маселе бул стратегиялык ишканалардынс атылышы. Анан үчүнчү маселе, Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү токтотуп турсак деген сунуш менен чыгып жатабыз.

Бул делегаттар койгон талаптар 17-мартта Элдик курултайда кабыл алынган жети пункттан турган талаптарга толук үндөш. Болгону оппозиция уюштурган курултайда талаптар тагыраак, ачык жана курч коюлган эле.

Ал талаптарды Элдик курултайдын уюштуруучуларынын бири Дүйшөн Чотонов жарыялаган:

- Элдик курултайдын талаптары: Биринчи, электр энергиясына, жылуулукка, жылуу жана муздак сууга жогорулатылган тарифтер, сугат суу жана жайыттарды пайдаланууга жогорулатылып чектелген төлөмдөр жокко чыгарылсын. Экинчи, “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ишканаларынын сатылышы мыйзамсыз деп табылып, жыйынтыгы жокко чыгарылсын. Үчүнчү, генерал Исмаил Исаков, Эркин Бөлөкабев, Уран Рыскулов, Сапар Аргынбаев акталып, камакттан бошотулсун. Төртүнчү, Конституцияга өзгөртүүлөр кайра кайтарылып алынсын. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик жана башка мыйзамсыз түзүлгөн органдар жоюлсун. Бешинчи, Бакиевдин балдары Максим жана Марат, бир туугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтарынан бошотулсун.

Талаптардын калган пункттарында Гуревичтин ишмердүүлүгүн текшерүү жана сөз эркиндигин камсыздоо болду.

Оппозиция курултайдын таламдарын аткарууга 24-мартка чейин бийликке мөөнөт берди. Эгерде ал аткарылбаса, эл конституциялык укугунан пайдаланып элдик бийликти орнотууга кирише алат деп айтылды.

Бул деген паралелль бийлик структураларын түзө баштоо дегенди билдирет.

Бул жагдайдан алганда кырдаал өлкөдө курч дейт саясат таануучу Марс Сариев:

- Кырдаал аябай курч. Курултайды дагы биз байкадык, эл көп болду беш миңден ашык. Мен ойлоймун, оппозиция азыр күчкө толуп,
бийлик тарифтер жана башка оор маселелерди чечип, оппозиция менен сөз табышпаса абал ого бетер татаалдап кетет. Оппозиция паралеллдүү бийлик структураларын түзөбүз деди. Югославияда ошондой болгон. 2005-жылы өзүбүздө да ошондой башталбады беле. Ошол үчүн азыр абал аябай эле курч.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев Элдик курултайдын таламдары ультиматумдук негизде экенин, ошондуктан ал туңгуюкка алып келет деген пикирде.

Маселе эми Ынтымак курултайында элдин таламдары канчалык эске алынышында жана оппозициянын элдик бийликти орното баштоо дымагы канчалык реалдуу экендигинде турат.

Бийликтин элдин таламдарын утурлай кабыл ала турган чечими өкмөт башчы Данияр Үсөновду кызматтан кетирүү жана тарифтерди кайра карап көрүү болушу ыктымал. Мындай божомолдун ишке ашуу ыктымалдыгы “Ак жол” фракциясынын депутатты Максат Кунакуновдун өкмөт башчыга карай чабуулу, бийлик тараптан Ынтымак курултайына делегат болгон Мелис Эшимкановдун тариф саясаты курултайда каралат деген сөздөрү менен күчөтүлүп турат.

Астананын Ташкенге ыкташы

Кыргызстандын ички саясатында тариф, стратегиялык ишканаларды сатуу жана Евгений Гуревич чатактары ырбап жаткан учурда, Бишкектин эң ишенимдүү деп келген кошунасы Казакстан региондогу суу-энергетикалык маселеде Ташкенди жактаары айкын болду.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 16-17-мартта Өзбекстанда расмий сапар болду. Сапардын жыйынтыгы боюнча өзбек президенти Ислам Каримов жана казак президенти Нурсунлтан Назарбаев кабыл алган билдирүүнүн жетинчи пунктту регионалдык суу-энергетикалык маселелерге байланыштуу болду. Тагыраак айтканда, эки президент Камбар-Ата ГЭСи сыяктуу курулуштарды курууда экологиялык жана техногендик коопсуздук, сууну бөлүштүрүү балансы сакталыш керек деген пикирде болушту.

Ошону менен буга чейин Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы болуп келсе, эми ага Астана да кошулду. Москва болсо коопсуздук маселеси экспертизадан өткөндөн кийин гана убада кылынган 1 млрд. 700 млн.доллар бөлүнүш мүмкүндүгүн айткан.

Казакстандын позициясындагы мындай өзгөрүшкө карата Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов мындай пикирин билдирди:

- Казакстандын Өзбекстандын кошулушу менен биздин Камбар-Ата-1дин курулушуна тескери иш болуп калып жатат. Камбар-Ата-1дин курулушуна техникалык-экономикалык негиздеменин деле кереги жок. Алар мурда эле түзүлгөн. Мындан он жыл мурда Казакстан дагы, Өзбекстан дагы Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2ни биргелешип куралы деп кыйкырып келишкен. Анан эң негизгиси Россиянын Камбар-Ата-1 үчүн берип жаткан 1 млрд. 700 млн. доллар насыянын келиши токтоп калып жатпайбы. Ошондой зыяндары болуп жатат.

Серепчилер, Казакстандын Ташкенге карай ыкташын Ислам Каримовду ЕККУнун Астанада боло турган саммитине алып келүү жана андан колдоо алуу менен байланыштырып жатат.

Бирок бул жерде Бишкек менен Москванын, Бишкек менен Ташкендин мамилесиндеги терс агымдарда Астана күчтүүлөр тарапта болууга ык койгону байкалып турат.

Кыргыз өкмөтү жаңы ГЭСтин коопсуздугун экспертизадан Дүйнөлүк банк өткөрүүсүнө кызыкдар болуп жатканын өкмөт башчы Данияр Үсөнов билдирген:

- Камбар-Ата-1 сыяктуу чоң долбоор үчүн сөзсүз экологиялык экспертиза керек. Аны экспертизасыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал
норма. Анан эле Өзбекстан экспертиза талап кылып жатыптыр деп, аны Ташкендин өзгөчө көз карашы катары көрсөтүү туура эмес. Биз Дүйнөлүк банк тарабынан экспертиза жасалышын жактап жатабыз.

Тажикстан кошуна өлкөлөрдүн жогорудагыдай кысымына, Россиянын насыя бербей койгонуна карабай Рогун ГЭСин курууну улуттук идеяга айлантып, элден каражат топтоого чейин барганы белгилүү.Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык иликтөө борборунун башчысынын орун басары Сайфулло Сафаровдун эл аралык маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, кошуна өлкөлөрдүн кысымына карабай Дүйшөмбү өз күчү менен Рогун ГЭСин курулушун уланта берерин белгиледи. Бул ГЭСти куру үчүн 2 млрд. 2 млн. доллар керектиги, ал курулса жылы 13 млрддан ашуун килловат саат электр энергиясын өндүрөрү белгилүү.

Кыргыз өкмөтү ири Камбар-Ата-1 ГЭСи эмес, андан алда канча чакан Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын быйыл жаз айларында ишке киргизерин билдирүүдө. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өткөн жылы реалдуудай сезилсе, азыркы мезгилде бүдөмүк жагы көбүрөөк болууда.

Тушалган сөз эркиндиги

24-мартта Кыргызстан 2005-жылдагы март ыңкылабынын беш жылдыгын белгилейт. Анын алдында президент Курманбек Бакиев “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” деген китебин жарыялады. Анда автор ыңкылаптын максаты авторитардык башкарууну сындыруу жана саясий багытты өзгөртүү, өлкөнү чыныгы демократиялык жолго түшүрүү болгонун белгилеген. Бирок президентБакиев негедир ыңкылаптын максаттарынын дагы бир негизгиси, ал өзү да 2005-жылы 25-мартта Ала-Тоо аянтында убада берген үй-бүлөлүк башкарууну жолотпоо экенин көңүлдөн чыгарып кеткендей.

Ал эми ыңкылаптын максаты турмушка ашкан, ашпаганы өлкөдө албууттанган талаш-тартыштарды жаратууда. Эгерде Курманбек Бакиевдин тарапкерлери ыңкылап максатына жетип жатканын айтса, башкалар теңирден тескери пикирди айтат. 19-мартта Улуттук университетте ыңкылапка байланыштуу конференцияда белгилүү илимпоз Кусейин Исаев ыңкылап максатына жетпей калганын ачыктады:

- Эгерде биз ыңкылаптын 9 эрежесин толук аткарганыбызда биздин тарыхый ахывалыбыз алда канча башкачараак болмок. Мына
мен сиздерге айтып берейин. Президенттин ант берүүсү ыңкылап жеңгенден беш жарым айдан кийин болду. Өкмөттүн курулушу сегиз жарым айдан кийин болду. Эгер биз ыңкылаптын мыйзамын аткарган болсок биринчи Жогорку Кеңеш тарасын! Экинчиден, Конституциянын иштеши убактылуу токтосун! Үчүнчүдөн, эларалык келишимдердин баары толук сакталат. Төртүнчүдөн, 3 айдын ичинде Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрөбүз деп, Элдик кыймылдын координациялык кеңеши милдетин алыш керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой калды.

24-марттагы ыңкылаптын алдында ал кездеги Акаевдин бийлиги “Азаттык” радиосунун чыгышына тоскоолдук жасаган эле. Азыркы бийлик да Евгений Гуревич жаңжалы чыгаары менен “Азаттыктын” чыгышына тоскоолдуктар жасап, ал эмес “Центразия.ру”, “Фергана.ру”, “Парус.кж” интернет сайттарын тосмолоду.

15-мартта Бишкекте ЕККУнун имаратынын алдында кыргыз коомчулугу пикетке чыгып, “Азаттык” радиосунун обого чыгуусуна тоскоолдук жасабоого чакырды. Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева “Азаттык” тууралуу буларды билдирди:

- Анан кийин “Азаттык” бул чынчыл радио. Бул дүйнө жүзүндө мына Кыргызстанга берип атат. Бизде кайсы радио, кайсы телекөрсөтүү бизде дүйнө жүзүндөгү окуяларды берип атат? Башкалар дүйнөлүк кабарларды кыргыз тилине которуп эле берип атышат. Чынында “Азаттык” дүйнөдө болуп аткан окуяларды жашырып-жаппай, маалынан кечиктирбей ыкчам берип атканына биз ыраазыбыз.


ЕККУнун өкүлчүлүгүн алдына чогулгандар басма сөзгө эркиндикти, “Азаттыктын” эркин уктурулуусун камсыз кылуу чакырыктарын
ташташты:

Басма сөзгө эркиндик! “Азаттыкка-азаттык!” Басма сөзгө эркиндик! “Азаттыкка-азаттык!”

“Азаттык” радиосунун уктурулбай жатышына каршылык ЕККУнун жетекчилиги тарабынан 18-мартта билдирилди. ЕККУнун төрагасы, АКШ сенатору Бенжамин Кардин жана конгрессмен Алси Хастинг кыргыз өкмөтүнө кайрылып, эркин маалымат каражаттарынын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. “Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына, анын ичинде “Азаттык” радиосунун уктурулуусуна тосмо коюлушуна терең тынчсызданып жатам”,-деп белгилеген Бенжамин Кардин. “Жарандардын эркин маалымат алуусуна тоскоолдук жасоо жана нааразылык акцияларына тыю салуу менен кыргыз өкмөтү ЕККУнун негизги принциптерин бузууда. Мен президент Бакиевди кысымдарды токтотууга чакырам”,-деп кошумчалаган Хастинг мырза.

Сөз эркиндигинин начарлашы, анын ичинде журналисттерди өлтүрүү, журналисттердин өзүн-өзү чектөөсүн күчөтүүдө. Бакиевдин беш жылдык бийлиги учурунда Фридом хаус Кыргызстанды жарым-жартылай эркин өлкөлөр катарынан, эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту, деп билдирип чыкты ЕККУнун жетекчилиги.

Кыргыз бийлиги “Азаттыктын” чыгарылбай жатканын билмексен болгондой түр көрсөтүүдө. Эгерде президенттик катчылык маселе иликтенет дегендей сөздү айтса, өкмөт башчы Данияр Үсөнов эч нерседен кабары жок экенин билдирүүдө:

- Мен билбейт экенмин. Силер эмне болуп жатасыңар? Чыгып атасыңарбы, чыкпай жатасыңарбы? Кайрылсаңар карап көрөбүз.

Өкмөт башчынын эркин маалымат каражаттарынын чыкпай калганын билбей калыпмын деп четке чыга бериши, анын өлкөдө болуп жаткан окуялардан кабарсыз экенинен же таасир этүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан кабар берет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG