Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Апта: Ынтымак курултайы, Орусия ММКсынын "чабуулу"...


Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 23-марты.

Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 23-марты.

Кыргызстанда Ынтымак курултайы өттү. Орусиянын маалымат каражаттары Кыргызстандын бийлигине каршы болуп көрбөгөндөй чабуул жасады. Оппозиция элдик бийликти орнотуу аракетин баштап, жер-жерлерде жолугушууларды, элдик жыйындарды өткөрүүгө камынууда.

Ынтымак курултайы эмнени айта албады?

23-мартта Бишкекте Ынтымак курултайы болду. Делегаттар жер-жерлердеги, жалпы эле өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди көтөрүүгө аракет жасады. Бирок бир да делегат бийликтин моралдык кейпи кетүүсүнө алып келген, өлкөнү коррупциялык уюкка айланткан үй-бүлөлүк башкаруу жана мына ошонун туундусу болгон италиялык мафия менен байланышы бар деп айыпталган Евгений Гуревич жаңжалын көтөрүп чыгууга батынган жок.

Үй-бүлөлүк башкаруу маселесин, таң калычтуу жагы, президент өзү көтөрүүгө аракет жасагандай болду. Маселен, 23-мартта сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев буларга токтолду:

- Ошентип, көздөгөн максатыбыз ордунан чыкпай же урук-тууганчылык байланыштар жана коррупция колу-бутубузду бууп коюуда. Өзүбүздүн түпкү тамырыбыздан, кулк-мүнөзүбүздөн ажыраган коркунучтуу дечи, бирок канга сиңген тууганчылык, уруучулдук же жердештик мамилелер иш жүзүндө өсүп-өнүгүүгө жолтоо болуп жаткан жокпу деген өтө татаал суроого чогуу жооп издөөгө чакырат элем.

Бирок бул теманы эч кайсы делегат көтөргөн да жок, уланткан да жок. Анткени жаанын жебеси кайда барып такалаарын баары билишкендей.

Президенттин квотасы менен Ынтымак курултайына делегат болуп шайланган “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза
Абдырасулова Гуревич, үй-бүлөлүк башкаруу маселеси көтөрүлбөй калганын мындайча моюндады:

- Бүгүнкү үй-бүлөлүк башкаруу, бүгүнкү саясат жөнүндө саясатчылар айтыш керек эле. Ал эми ал курулатайга саясатчылар катышпагандыктан, карапайым эл катышкандыктан ар ким өзүнүн көйгөйүн көтөрүп чыкты. Мисалы, мен укук коргоочу катары Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндө айттым. Дагы бирөөлөр социалдык маселелерди айтты. Башкалар жол курулуштарын айтты. Ушул саясатчылар да катышып, дал ушул үй-бүлөлүк башкаруу маселеси, Гуревич жөнүндөгү сөздөрдү көтөрүп чыгышса жакшы болмок.

Ал эми оппозиция уюштурган Элдик курултайда үй-бүлөлүк башкаруу, Гуревич маселеси негизги темалардан болгону белгилүү.

23-марттагы курултайда президент Бакиев коомчулукту сестенткен билдирүүлөрдү жасады. Маселен, ал “шайлоонун кадыры кетип бүттү” ошого байланыштуу “кеңешме демократияны” орнотуу керек деп чыкты:

- Шайлоолор чөнтөктүүлөрдүн марафонун элестетип баратат. Шайлоону көпчүлүк белен аш менен бекер акчага туналы деп күтүшөт. Ошентип бекер аш, белен оокатка тап идеология өкүм сүрүүдө, миллиондогон байлык талаага чачылып, шайлоонун кадыры кетип бүттү. Бүгүн дүйнөдө “кеңешме демократия” деп аталган үлгү кеңири жайылууда. Бул үлгү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга ар кайсы коомдук топтордун катышуусуна басым жасалат.


Курманбек Бакиевдин бул сөзү азыркы мезгилде өлкөдө жүрүп жаткан Конституцияны өзгөртүү багытына дал келет. Анткени өзгөрүүлөр кабыл алынса президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме “кеңешүү” менен тандайт. “Шайлоолор кадырын кетирип бүткөнүнө” байланыштуу Президенттик кеңешме тандаган президенттин милдетин аткаруучуну Ынтымак курултайы бекитип коюшу ыктымал.

Эгерде көмүскөдө мына ушундай максаттар болбосо, “шайлоонун кадыры кетип бүттү” деген кыртыш даярдоочу сөз чыкпайт эле.

Түз шайлоолорго кескин чабуул жана анын шартында “кеңешме демократия” технологиясы Евгений Гуревич жаңжалы менен Максим Бакиевдин Кыргызстанда кайсы бир органга шайлануу мүмкүнчүлүгү кескин төмөндөөсү менен улаалаш чыгып жатат.

Белгилей кете турган нерсе, Кыргызстанда партиялык тизме менен шайлоо өткөрүлгөндөн кийин "шайлоочуларга акча, тамак-аш берүү токтоду" деп президент Бакиевдин айтканы бар.

Орусиянын орою

Кыргызстанда Ынтымак курултайы өткөн жумада Россиянын маалымат каражаттары кыргыз бийлигине каршы болуп көрбөгөндөй чабуул жасашты. Россиянын борбордук телеканалдары, гезиттери Кыргызстанда тыюу салынган, же чыгарылбаган нерселерди үстөккө-босток айтып, жазып киришти. Алардын макала-маалыматтарынын өзөгүн Максим Бакиевдин өлкөнүн финансы-экономикалык булактарын ээлеп алышы, Италия мафиясы менен байланышы бар деп айыпталган Евгений Гуревич жана Россиянын Борбордук банкы 150 млрд. рублди адалдаган деп айыпталган, азыркы кезде Кыргызстанда банк системасында дээрлик монополисттик деңгээлдеги “Азиауниверсалбанктын” жетекчиси Михаил Надел менен байланышы тууралуу жазышты.

Орус маалымат каражаттарынын кыргыз бийлигине чабуулу Баткенде америкалыктар машыгуу борборун курат, ага 5.5 млн. доллар каражат бөлүндү деген маалымат тарагандан кийин орун алды.

Буга чейин Москванын Бишкекке нааразылыгы Камбар-Ата-1 үчүн 1 млрд. 700 млн. доллар насыяны бөлүүнү кечеңдетүү, Данияр Үсөновду орус жетекчилигинин кабыл албоосу менен байкалып келген.

Өткөн жылы Москва сапарында Россияны стратегиялык өнөктөш деп атаган президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын тышкы
саясаты тууралуу Ынтымак курултайында буларды айтты:

- Биздин тышкы саясат, урматтуу делегаттар, сиздер аны колдойсуздар деп ойлоймун, биз эч качан бир мамлекеттин алдына барып чөгөлөбөйбүз. Эч качан бир мамлекетти тандап, ушуну менен гана доспуз, башка менен ишибиз жок деген саясат болбойт. Биз Россия менен да мамиле түзөбүз. Америка менен да мамилени түзөбүз. Кытай менен да түзөбүз. Коңшулар менен, Кудай ушинтип жараткан, биз алар менен мамилебизди жакшы кылганга милдеттүүбүз.


Саясат таануучу Табылды Акеров орус маалымат каражаттарынын чабуулунун себептерине карата мындай пикирин айтты:

- Эң биринчи себеби Өнүктүрүү фондун түзүп, ал жерге өзүнүн уулу Максим Бакиевди алып келип, Россиянын шайлоо алдында Кыргызстанга берген насыя акчалар ошол фондко берилишинде болду. Ал акчалар коммерциялык банктар аркылуу жүгүртүүгө кандай болсун деген каршы пикирин Россия айта баштаган. Данияр Үсөнов Россияга барганда да айтылганы маалым болгон. Бирок ага карабай абал өзгөргөн жок. Ошондуктан алар өздөрүнүн каршы пикирин билдирип жатышат.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев орус маалымат каражаттарындагы сын көз караштар орус жетекчилигинин көз карашы ушундай дегенди билдирбейт десе, “Ак жол” фракциясынын дагы бир мүчөсү Галина Куликова эки мамлекеттин ортосундагы азыркы мамилени мыйзам ченемдүү деп айтуу кыйын деп, жергиликтүү маалымат каражаттарына айткан.

Кыргыз-орус мамилесинде түзүлгөн кыйчалыш абал кайсы багытта өнүгөөрүн айтуу кыйын. Бир жагынан алганда, Кремль бир карайган кишисине жүз үйрүшү оңой эместей. Ал Виктор Ющенко, Михаил Саакашвилиге жасалган мамиленин мисалынан байкалып турат. Ошол эле мезгилде Москва жетекчилигинин Беларус президенти Александр Лукашенко, тажик президенти Эмомали Рахмон менен тил табышуу аракети да жок эмес. Ошондуктан кыргыз бийлигинин да кыйчалыш абалдан чыгуу жолдору бар. Бирок ага кыргыз жетекчилигин барышы, барган күндө да Кремлдин ишеничине кирүүсү жеңил эмес.

Түндүктөн соккон суук шамал

Орус маалымат каражаттарынын чабуулу Казакстан жактан келген суук шамалдар менен коштолууда. Кыргызстанга ар дайым оң көзүн
салып келген Нурсултан Назарбаев Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маселеде Ташкенди колдоп чыкты. Кыргыз соодагерлеринин товарлары Казакстандан өткөрүлбөй турат. Андан сырткары “жабылуу аяк жабылуу бойдон калат” дегендей турган Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу чатак кыргыз бийлиги үчүн чындап эле тескери жагына ооп бараткандай.

Казак полициясы 26-мартта “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Кордой районуна чакырып, Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча көрсөтмө берүүнү өтүндү. Көрсөтмө берүү учурунда Өмүрбек Текебаев Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар деп казак тарап шектеп жаткандар ичинен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитенинин кызматкерин тааныган:

- Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгүнө карап, алар полицияда тартылган деп түшүндүм. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар, мага бешинчи сүрөттөгү бирөө гана тааныш көрүндү.

Улуттук Коопсуздук кызматында техникалык бөлүмдүн жетекчиси Алдаяр Исманкуловдун сүрөтү гана мага тааныш көрүндү. Казак тергөөчүлөрү Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду мага берди. Мен Алдаяр Исманкулов менен жеке тааныш эмесмин. Бирок 2006-жылы январда абдан чоң чатак чыгып, парламенттик иликтөө жүрүп, төрт күн өзүнүн жыйынын ушул жигитке арнаган. Ошондуктан парламенттик иликтөөнүн чегинде Исманкуловду жакшы билем. А. Исманкулов 1996-жылы раматылык Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев менен каракчылык-тоноо беренеси боюнча айыпталып, ага кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ошол кездеги ички иштер министри Суталиновдун айтышы боюнча 2005-жылы Исманкулов казак ишкерин алдап-тоноого катышкан.
Ал эми Раатбек Санатбаев өлтүрүлгөндөн кийин бир жума өтпөстөн Алдаяр Исманкулов эки мыйзамсыз тапанча алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок прокуратура аны камаганга уруксаат бербей койгон. Ошондо парламент карап, текшерип Исманкулов тезинен камакка алынсын деген чечим чыгарган. Бирок Курманбек Бакиев эл адында ачык Исманкуловду колдоп чыккан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы анын кызматкерлери Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар деген маалыматты буга чейин төгүнгө чыгарган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги болсо окуя боюнча казак полициясы менен биргеликте иш жүргүзүлүп жатканын ачыктаган.

ЕККУнун төрагасы милдетин аткарып жаткан Астана бул ишти аягына чыгарууга далаалат кылып калгандай. Бул иш толук ачылса, анда ал Гуревич жаңжалы сымал өлкөнү астын-үстүн кылышы толук ыктымал.

Оппозиция обдулуп, Кремль сүрөп...

Оппозиция 17-марттагы курултайдын талаптарын аткарууга бийликке 24-мартка чейин мөөнөт койгон. Талап аткарылбаса элдик бийликти орнотууга жол ачыларын билдирген. Азыркы мезгилде оппозициянын ачыктан-ачык элдик бийликти орнотуу аракети байкалбайт. Бирок алдырттан даярдык иштер жүрүп жатканы, оппозиция лидерлеринин региондорго чыгып жатканы маалым. Муну БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев 26-мартта тастыктады:

- Бүгүндөн баштап жер-жерлерге БЭКтин лидерлери, уюштуруу комитетинин мүчөлөрү кетишти. Ар бир региондо жанагыдай элдик
курултайларды өткөрөбүз. Региондогу эл чечсин, ушундай бийлик кереги барбы, ушул бойдон элдин байлыгын, элди, жерди, Бакиевдерге, Гуревичтерге, Елисеевдерге талатып коюп жүрө беребизби, же 2005-жылдагыдай эл бийликти кайра алабы. Эл өзү чечсин. Ушул иш бүгүн башталды. Бүт региондордо ошондой курултайларды өткөрөбүз. Ар бир региондо курултай өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитеттери түзүлөт.

Бириккен элдик кыймыл акыркы мезгилде тарифтердин көтөрүлүшү, мамлекеттик стратегиялык ишканалардын сатылышы жана башка маселелерде элдин таламын талашып, бир топ упай алууга жетишти. Андан сырткары Москванын кыргыз оппозициясын колдой башташы оңой жетишкендик эмес.

Албетте, бийлик да бул талааларда оюнун күчөтүүдө. Маселен, тарифтердин кымбаттоосуна байланыштуу тоолуу аймактардын калкын коргоо үчүн электр энергиясына жеңилдиктер киргизиле турган болду.

Ал эми Кремлге оң белги бериш үчүн 29-мартка Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа чакырылды.

Кыргызстан коргоо министри Бактыбек Калыев болсо Баткенде америкалыктар кура турган машыгуу борборунун айланасында түшүнбөстүктөр болуп жатканын билдирди:

- Көп түшүнбөстүк кылып айтып атышат. Ал Американын базасы, башка бир нерсе деп өзүнчө тыянак, чечим чыгарып жатышат. Жок, ал андай эмес. Америкалыктар бизге жардам берип атат. Бул келип аткан жардам аскерий-техникалык жагынан берилген жардам. Ал жерде кыргыз аскерлеринин инструкторлору болот же ошол эле Орусиядан, Түркиядан, Америкадан чакыртылган адистер келип сабак өтүп кетишет. Инструкторлор штат боюнча бардыгы курулуп бүткөндөн кийин каралат. Кыргыз армиясында Кыргызстандын жарандары гана кызмат кылат. Ошон үчүн инструкторлор жалаң өзүбүздөн болот.

Россиянын көңүлүн жайгаруу үчүн айтылган мындай сөздөр менен кошо жогоруда айтылгандай ички нааразычылыктардын себебин басуу багытында да аракеттер жасалууда.

Нарындыктардын март айынын соңуна белгиленген митингисине тушташ 29-мартта Нарынга өкмөт башчы Данияр Үсөнов бара турган болду.

Ал эми Алай районундагы нааразычылыкты жабуу максатында мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анын негизинде Исмаил Исаковду чыгаруу күтүлүп жатат.

Ошентип бийлик да, оппозиция да демилгени колдон чыгарбоо, бири-бириден озунуу менен иш жүргүзүүдө. Бул иштерди жүргүзүүдө президент тактикалык чегинүүлөргө барып, бирок стратегиялык багытына кол тийгизбей турат. Ал стратегиялык багыт, талдоочулардын баамында, Конституцияны өзүнө ыңгайлуу өзгөртүү, мамлекеттин финансы-экономикалык байлыктарын Максим Бакиевдин колунда сактоо экени белгилүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG