Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Конституциялык кеңешме ишин баштады.Курманбек Бакиевди экстрадициялоо катынын Минскиге жолдонду. Роза Отунбаева Москвада.

17-майдан ким чочуп, ким саясий упай алууну көздөөдө?

7-апрелдеги окуяларда каза болгондордун кыркылыгы жакындаган сайын Курманбек Бакиевдин айланасында ызы-чуулар кайрадан күчөдү. Эсеп боюнча кыркылык 17-майда болот.

Мына ошондуктан 17-майда кандайдыр бир акциялар болот деген сөздөр арбын. Бул акциялардын артында Акаевдин, Бакиевдин тарапкерлери, башка үчүнчү күчтөр турат деген божомолдор айтылууда.

Маселен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жакынкы күнү болушу айтылып жаткан акцияларды Курманбек Бакевдин тарапкерлери каржылап жатканын расмий түрдө билдирди. Ал ошондой эле Курманбек
Бакиевдин жыйырмадай тарапкери кармалганын кошумчалады:

- Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин аракети менен Бакиевдин жакындарынын ичинен жыйырмадан ашуун киши кармалды. Алардын катарында Бактыбек Калыев, Молдомуса Конгантиев, Тажикан Калимбетова, Вугар Халилов, Оксана Малеванная, Эшимканов, Ормонов жана башкалар бар. Алардын айрымдары камалса, кээ бирөөлөрүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Нааразылык акциялар жана анын артынан баш-аламандык болуш ыктымалдыгын белгилегендей болгон “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, Коомдук коопсуздук кеңешин түзүп, анын башына өзү отурду.

Мына ошентип, кечээ күнү эле Максим Бакиевди чоң кызматка коюу менен Курманбек Бакиев жоопкерчиликти мойнуна алууда деп турган Феликс Кулов бүгүн коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйбүз, “чыккандардын белин мерттинтебиз” деп, Убактылуу өкмөттү алсыз дегендей, ошондуктан шаардыктарды ал гана коргой алаарын кыйыр түрдө белгилөөдө.

Бул дагы алдыдагы саясий таймаштар катаал болушунан кабар берип турат.

Убактылуу өкмөт дагы 17-майдын алдында Курманбек Бакиевдин кол тийбестигин алып, аны экстрадициялоо катын Минскиге жолдоду. Аны Азимбек Бекназаров жарыялады:

-Кишинев конвенциясынын негизинде биздин Башкы прокуратура Белорусиянын Башкы прокуратурасына Бакиев Курманбекти алып келүү боюнча документтерди жөнөттү. Себеби өзүңүздөр жакшы билесиздер анын кол тийбестиги бар эле. 4-майда атайын декрет менен кол тийбестиги алынды.

Ошол эле Бекназаров Беларусь президентинин коргоосуна алынган Курманбек Бакиевди эмес, Кыргызстан ичинде эле жүргөн Бакиевдин жакындарын кармоо ишке ашпай жатканын моюндады.

Убактылуу өкмөттүн Курманбек Бакиевди Минскиден кайтарып алуу аракетинен натыйжа чыгуусу күмөн дейт саясат таануучу Марс Сариев:

-Менин оюмча, декрет чыгарса дагы аябай татаал болот К.Бакиевди Кыргызстанга алып келиш. Себеби бул чоң оюн, башка мамлекеттер дагы бул чоң оюнга кошулуп атышат. Азыркы убактылуу өкмөт легитимдүү болбой атпайбы. Ошон үчүн бул оюнга чоң шарт ачып атат. Ошон үчүн бул бийлик легитимдүү болмоюнча, чоң оюнду башка чоң мамлекеттер ишке ашыра беришет. К.Бакиев өзүнчө эле ыңгайлуу фигура болуп атат ошол оюнга. Кыргызстанды чоң мамлекеттер өз жагына тартып атышат. Ушул оюн болуп атканда азыр бул абал башка мамлекеттерге жагат. Ошон үчүн, менин оюмча, К.Бакиевди бул жакка экстрадиция кылуу аябай эле татаал. Бул жумуш жакында ишке ашпайт го деп ойлойм.


Конституциялык кеңешме ишин баштады

4-майда Конституциялык кеңешме алгачкы отурумуна чогулду. 75 кишиден турган кеңешменин мүчөлөрүнүн кароосуна Убактылуу өкмөттө даярдалган Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоору коюлду. Талкуунун жүрүшүндө долбоордогу президент, өкмөт жана парламенттин ыйгарым-укуктарына байланыштуу жоболор өзгөрүлбөсүн Өмүрбек Текебаев билдирген.

Айрым талдоочулар, Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоордо бийлик бөлүштүрүү жагы дурус каралганын, бирок ал өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө боло алаары шектүү экенин белгилеп жатышат.

Белгилүү юрист Сүйөркул Косаков Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоордо мурдай айтылгандай парламенттик башкаруу системасы каралбаганын айтат:

- Менин оюмча парламенттик башкаруу деген бул алсыз президент, күчтүү парламент болуп эсептелет да. Андай болсо бул классикалык түрдө алсыз президент менин оюмча, убактылуу өкмөт жараткан долбоордо жок. Экөө тең эле күчтүү бийлик болуп калып атпайбы. Президент дагы эл менен шайланганда, парламент дагы эл менен шайланганда экөөнүн арасында тирешүү болуп, баягы эле 2007-жылкы Конституциянын долбоору ошол бойдон калып атат.

Ал эми дагы бир белгилүү юрист Чолпонкул Арабаев Убактылуу өкмөттүн долбоору заан талабына жараша экенин белгилейт:


- Бул жагынан буга чейинки болгон кемчиликтердин баары, Кыргызстандын башынан өткөн акыркы соңку жаңы тарыхындагы болуп өткөндүн баарын эске алуу менен ушундай тирешүүлөр болбосун деп президенттин бийлигине бир топ жаңы чектөөлөр коюлду. Экинчи жагы, эртең парламентте дагы диктат болбосун деп, классикалык парламенттик башкаруудан өзгөчөлүгү болуп атат.
Себеби классикалык парламенттик башкаруу болсо, анда президентти дагы парламент шайлаш керек эле. Бийликтин үч бутагын тең тең салмактап туруш үчүн президентке айрым укуктар берилип атат. Башкача айтканда бийликтин тең салмагын президенттин укуктары менен тең салмактап туруш керек. Ошондуктан бизде мурдагыдай президенттик-парламенттик аралаш же таза президенттик башкаруу болбойт. Бул жагынан салмагы жагынан парламенттик башкарууга 70-80 пайыз ташы оогон башкаруу болот деп айтсак болот.

Азыркы мезгилге карай Конституциялык кеңешменин кароосуна жыйырмадай долбоор сунушталган. Бирок алар кароого алынбасы мурда эле кабарланган.

Конституциянын долбоору жума күнү Ошто да талкууланды. Кабарчыбыздын маалымдоосуна караганда, долбоор көбүрөөк сынга алынды.

Өмүрбек Текебаев долбоор калк тарабынан жактырылбаса, анда алар кызматтан кетүүгө даярдыгын ачыктады:

- Биз бүгүнкү системага альтернатива сунуштап жатабыз. Эгерде бүгүн биз сунуштап жаткан система өтпөй калса, анда биз бийликтен кетти. Анткени эл бизге ишеним көрсөтпөдү деп ойлойбуз.

27-июнда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум белгиленген. Бирок ага жалгыз Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоор коюлабы, же калктын тандоосуна мүмкүнчүлүк берилип, башка Конституциянын долбоору да коюлабы белгисиз.
Талдоочулардын пикиринде, эгерде парламенттик башкарууга ык койгон Убактылуу өкмөттүн долбоору менен, өкмөттү президент түздөн-түз башкара турган, ошол эле мезгилде күчтүү Жогорку Кеңеши бар Конституциянын долбоору да референдумга коюлса, Конституцияны кабыл алуу менен катар башкаруу системасын тандоо укугу да калктын өзүнө берилмек.


Р.Отунбаева Москвага сапар алды

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева 8-майда Москвага сапар алды. Маалыматка караганда, ал 9-май жеңиш майрамына карата салтанаттарга катышат. Бирок КМШ мамлекеттеринин жыйынына катышпайт.

“Кабар” маалымат агенттигинин жазуусуна караганда, Роза Отунбаева Москвада боло турган жолугушуулар Убактылуу өкмөттү легитимдештирүү маселесин козгойт. Бирок Убактылуу өкмөттү чет өлкөлүктөр эмес, кыргыз калкы гана легитимдей алаары көпчүлүккө маалым.

Роза Отунбаевага сапарынын алдында казак президент Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек араны ачуу маселесин козгогон. Сүйлөшүүлөр натыйжасында 11-майдан тарта чек ара ачыла турган болууда. Чек араны ачуу маселесин Казакстанга тарапка АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол да койгонун казак маалымат каражаттары жазып чыкты.

Макфол мырза Бишкекте бир катар жолугушуулар өткөргөн.

Президент Барак Обаманын коопсуздук боюнча кеңешчисинин сапары АКШы Кыргызстан менен мамилени, асырэсе Манастагы базаны калтыруу максатында, дурус деңгээлде кармоого дилгир экенинен кабар берет.

Убактылуу өкмөт болсо Кыргызстандын тышкы саясатындагы өтө сезимтал маселе болгон Манастагы АКШнын базасын талкууну кийинки мөөнөткө эптүү жылдырып койду.

Азыркы өкмөттүн жетекчилеринин бири Өмүрбек Текебаевдин айтымына караганда, АКШнын базасына байланыштуу маселе жаңы парламентте каралат. Ал эми парламент күзүндө шайланат. Ошону менен Россиянын каршылыгын жараткан база маселесинде “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” болуп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG