Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Апта: Конституциянын күңгөй-тескейи


Президенттик шайлоо алдында шайлоо системасын реформалоо аракети жасала баштады.

Конституциянын кемчиликтери, артыкчылыктары

5-майда Кыргызстан Конституция күнүн белгиледи. Бийликтегилер салтанаттуу жыйын куруп, Баш мыйзамдын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө сөз кылды. Эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Азыркы кезде коомчулуктун бир топ бөлүгү мына ошол кездеги Конституцияга кайрылууну ылайык көрүп турат.

5-майдагы салтанатка катышпаган өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да
өткөн жылы Конституциялык реформалар башталганда эле 1993-жылкы Конституцияга кайрылуу ылайыктуу болоорун эскерткенин ачыктады. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да 1993-жылкы Конституция Кыргызстан үчүн ылайыктуу болуп турганын билдирүүдө.

Президент белгилеген кемчиликтер

5-майдагы жыйында президент Роза Отунбаева азыркы Конституциянын кемчиликтери тууралуу буларды билдирди:

- Турмуш жана практика көрсөткөндөй, Баш мыйзамда айрым так эместиктер бар. Ошон үчүн тиешелүү толуктоолорду киргизиш керек. Баш мыйзамда мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ким аныкташы керек экендиги так көрсөтүлгөн эмес. Элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдиги президент аркылуу болот деп жазылган. Бирок Баш мыйзамда ким Конституциянын, адам укугунун жана эркиндигинин кепили боло тургандыгы даана көрсөтүлбөй калыптыр. Ошондой эле парламенттик коалициянын келишимин түзүүнүн жана кол коюунун шарттары аныкталган эмес.

Азыркы Конституциянын “атасы” болгон “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тескерисинче иштеп турган Баш мыйзамдын артыкчылыктарына токтолду:

- Мурунку саясий системада бийлик менен “кесел” болуп ооругандын дабасы болгон эмес. Бийликтеги адам ага тойбостон укуктардын баарын бир колго жыйнап алып, өзүм билемдикке өтүп кетип турган. Бүгүнкү Баш мыйзам болсо мына ошондой аракеттерге каршы туруп, бир адамга же алардын тобуна бийликти узурпациялоого мүмкүндүк бербейт. Бул тең салмактуулукту кармоого жана саясий атаандаштыкка ыңгайлашкан шарттарды ичине камтыйт. Конституция биздин, сиздин маселени түздөн-түз чечип бербейт. Ал жайыл дасторкон же болбосо сыйкырчы таяк эмес. Ал болгону жарандардын укуктарынын корголушуна өбөлгө түзөт.

Өлкөдөгү белгилүү юристердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов Конституцияда беш-алты одоно катачылыктар бар экенин белгилейт. Аларды оңдоо үчүн Конституциялык кеңешмени чакырып, алар менен макулдашып, Конституциянын оңдолгон вариантын басып чыгарууну сунуштаган. Оңдолгон вариантта Конституциянын маани-маңызы өзгөрбөгөндүктөн, ал үчүн кайрадан референдум өткөрүүнүн кажети жок. Катачылыктар тууралуу Курманбек Осмонов буларды билдирди:

- Одоно катасы бар беренелер: мисалы, Конституциянын кыргызча
текстиндеги президенттин ыйгарым укуктары каралган беренесинде “кол салуу болгондо президент согуш жарыялайт” деп жазылган. Анан Кыргыз Республикасынын жарандарына кооптуу кырдаал жаралганда да “согуш абалын жарыялайт” деп жазылып калыптыр. Экинчи учурда “аскердик абал” киргизилет болуп жазылыш керек эле. Андан кийин Акыйкатчынын орун басарын бошотуу маселеси орусча текстинде бар, кыргызча текстинде жок.

Негизи Башкы прокурорду дайындоого парламент жөнөкөй көпчүлүк добуш менен макулдук бериш керек. Бирок ал жазылган эмес. Дайындоого макулдук берүү, кылмыш жообуна тартууга, кызматынан бошотууга 1/3 кем эмес добуш менен макулдук берилет деп койгон. Азыр дайындоого көпчүлүк добуш менен макулдук беребиз. Бирок бошото турган болсок 40% макулдук берип бошото берүүгө болот болуп калууда. А өзү логика боюнча дайындоого караганда бошотуу кыйын болуш керек. 2/3 добуш менен бошотууга макулдук берилиш керек.

Конституциялык палатанын судьяларын ким шайлайт, кандай тартипте шайлайт, ал такыр эле Конституцияда жок. Анын бешинчи катачылык, ошол соттор жөнүндөгү бир беренеде Жогорку Соттун пленуму Жогорку Соттун төрагасынан, орун басарларынан, анан соттук коллегиясынан турат деп, Жогорку Сотто бир эле коллегия бардай жазылып калыптыр. Аерде үч коллегия бар.

Курманбек Осмоновдун пикиринде, Конституцияда ички-тышкы саясатты аныктоочу мамлекеттик органдын так белгиленбей калышы, Коопсуздук кеңештин жоюулуп кетиши кемчилдик.

5-майда Конституцияга байланыштуу мына ушундай сөздөр айтылды. Демек, күзүндөгү президенттик шайлоонун жыйынтыгына жана анда кайсы лидердин жеңишине жараша Кыргызстанда Конституцияны оңдоп-түзөө темасы кайрадан көтөрүлө баштаары айкын болууда. Анткени Конституциядагы кемчиликтер оң-сол жээктен бирдей айтыла баштады.

Килюнендин сөзү

Түштүк коогалаңын иликтеген Эл аралык комиссия 3-майда Бишкекте өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Финляндиядан шайланган депутаты Киммо Килюнен башында турган жети адамдан турган комиссия өткөн жылы октябрь айында иликтөөсүн баштап, быйылкы жылдын январь айынын соңунда аяктаган. Маалыматка караганда, комиссия 750 күбөнү сурап, 700 документ жана бир нече миңдеген фото, видео материалдарды караган.

Топтолгон материалдар жана фактыларынын негизинде Эл аралык комиссия июнь коогалаңынын чыгуусунун негизги фактору катары - этноулутчулдук аталган. Андан сырткары Убактылуу өкмөт, анын түштүк регион боюнча ыйгарым-укуктуу өкүлү, Ош жана Жалал-Абаддын коменданттарынын иши талапка жооп бербеген катары бааланган.

Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссиянын корутунудусунда коогалаңдын чыгуусуна Кадыржан Батыров баш болгон айрым өзбек лидерлеринин жикчилдик аракети себепкер болгон деп табылган. Эл аралык комиссиянын корутундусунда андай аныктама жок.

Эл аралык комиссия иликтөөсүндө түштүк коогасы учурунда геноцид жана аскерий кылмыш болбогонун, бирок адамгерчиликке каршы кылмыштын белгилери бар экенин белгилеген. Бул кылмышты караган берене Кыргызстандын мыйзамдарында жок. Адамгерчиликке, адамзатына каршы кылмыш Эл аралык мыйзамдарда геноцид жана аскерий кылмыштар сыяктуу эле жазага кириптер болушу керектиги каралган.

Эл аралык комиссиянын сунуштары

Эл аралык комиссиянын корутундусунун соңунда чатактардын алдын алуу жана тараптарды жараштыруу үчүн кыргыз өкмөтүнө сунуштар берилген. Ал сунуштардын бири өзбектер көп жашаган жерде өзбек тилине макам берүү сунушу. Муну Киммо Килюнен мындай айтты:

- Биз өзбек тилине расмий тил макамын ыйгаруу керек деген жерибиз жок. Бирок биз өзбек тектүү жарандар көп жайгашкан аймактарда өзбек тилинин өзгөчө макамын таануу зарылдыгын айтып жатабыз. Анткени Кыргызстандын түштүк аймагындагы көпчүлүк райондорунда өзбек тилдүү калктын саны отуз пайызга жакын. Биз Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн көп улуттуу курамын эске алуу менен бул маселеге көңүл бурат деген ниеттебиз.

Мындан сырткары өкмөткө улутчулдукту айыптоо, Кыргыз Республикасынын атын Кыргызстан Республикасы деп кайра атоо, коопсуздук, тартип коргоо органдарына ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүн тартуу, окуу жайларды калыбына келтирүү, аялдардын укугун коргоону күчөтүү, жоголгон куралдарды кайра кайтаруу, кылмыш иштерин дыкат иликтеп, адилеттүүлүктү камсыздоо, негизсиз кармоо жана камоолорду токтотуу сунушталган.

Эл аралык комиссиянын сунуштарынын айрымдарын аткаруу мүмкүн эместигин саясатылар белгилеп жатышат. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Эл аралык комиссиянын айрым сунуштары чатактын жаңы очогун жаратыш мүмкүндүн эскертет.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов Эл аралык комиссиянын сунуштарына карата мындай пикирин билдирди:

- Эми алар жаңылык ачып аткан жери жок. Бул маселе илгертен бери, 90-жылдан бери, ал эмес совет мезгилинде деле көтөрүлүп келген. Биз республикабыздын аталышын өзгөртүп койгондо эле маселе чечилип калбайт. Улуттун санына жараша пропорционалдык түрдө укук коргоо органдарына, башка жерлерге камсыз кылуу мүмкүн болбой калат.


Осмоновдун пикиринде, буга кадрлардын жетишсиздиги негизги себеп болот.

Президенттик шайлоо алдындагы аракеттер

Кыргызстанда президенттик шайлоого карата даярдыктар күчөй баштады. Шайлоо күнү июнь айынын ичинде жарыяланып, ал октябрь айында өткөрүлүш керектиги айтылууда. Бул маанилүү өнөктүктү утурлай Жогорку Кеңештин комитеттеринде “Шайлоо комиссиялары жөнүндө” жана “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору каралды. Эми долбоорлор кийинки жумада парламенттин кароосуна коюла турган болууда.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири, президенттик шайлоого бара турган саясий кызматтагы адамдын шайлоо жарыялангандан кийин кызматынан толук кетиши болууда. Азыркы кездеги мыйзамга ылайык саясий же мамлекеттик кызматкер кызматынын убактылуу кетип турат. Шайлоо мезгилинде аны эч ким кызматтан ала-албайт.

Ал эми “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр комиссиянын курамын түзүүгө байланыштуу болууда. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык БШКнын курамынын 1/3 президент, калган бөлүгүн коалициялык көпчүлүк жана парламенттеги оппозиция теңме-тең түзүүгө тийиш. Жергиликтүү шайлоо комиссияларын да саясий партиялар гана түзөт. Иштеп турган мыйзамда болсо шайлоо комиссияларына жарандык коомдун өкүлдөрү кирүүгө укуктуу.

Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө “Ата Мекен” фракциясы демилге көтөрүүдө. Бирок БШК каршы болууда. “Ата Мекен” фракциянын мүчөсү Туратбек Мадылбеков өзгөртүү киргизүүгө бийлик каршы болуп жатат деген пикирде:

- Азыркы бийликтегилер тоскоолдук кылып жатат. Анткени аларга мурунку эрежелер калыш керек. Мына мурунку эрежелер менен парламенттик шайлоону өткөрдүк. Анда кандай чатактар болгонун көргөнсүңөр. Бизде андай башаламандык болбош керек.

Мадылбековдун айтымында, жаңы мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмесин БШК түзөт. Жарандар катталган жеринде эле эмес, башка шайлоо бекетинде паспорту менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев шайлоого аз калган мезгилде шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү башаламандуулукка алып келерин айтып, буларга токтолду:

-
Системаны өзгөртөбүз деп атып, шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө
партиянын өкүлдөрү кирсин деп, өздөрүнүн кызыкчылыгын карап атышат. Жарандык коомдон сунуштоого эч кимдин укугу болбойт. Бийлик менен оппозициядан, эки тараптан эле комиссия мүчөлүгүнө өздөрүнүн кишилерин киргизип, анан ишке барайлы деп жатышат. Андан башка жаңылык жок.

Акылбек Сариев “Ата Мекен” партиясы КТРКнын Байкоочулар кеңешинин курамын өзгөртүүнү караштырган мыйзам долбоорго каршы чыгып, ошондой эле декрет менен түзүлгөн БШКнын курамын өзгөртүүнү көздөп жатканын сынга алды.

Шайлоо жараяндарына такай катышып жүргөн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо комиссияларына мүчөлүк эмес, шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясын аткарганы дурус деп эсептейт:

- Биз, жарандык коом көзөмөлдөп, байкоо жүргүзгүзүүгө ыктагандар көбүрөөк. Ошондой мүмкүнчүлүк берилсе, биз ошону менен иштесек дурус болот.

Динара Ошурахунованын айтымында, өткөн парламенттик шайлоо учурунда саясий партиялардан шайлоо комиссияларына сунушталган адамдар өз миссиясын аткаруудан көп учурда баш тартып, башаламандык пайда болгон. “Эгерде партиялар комиссияларды өздөрү түзүп, иштейбиз десе ага каршылык жок”,- дейт Ошурахунова.

Мыйзам долбоорлору кийинки жумада парламенттин кароосуна коюла турган болууда. Бул мыйзамдар кабыл алынса, анда президенттик шайлоого аттанган өкмөт башчы жана башка саясий кызматтагы адамдар кызматынан толук кетүүгө аргасыз болот. Ошондуктан өкмөт тараптагы айрым адамдар мындай өзгөрүүлөргө каршы болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG