Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Надежда Савченко аскер туткундардын кармоо шартын айтып чыкты


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Донбасстагы Украина куралдуу күчтөрүнүн аскерлери саясаттан тышкары жашап жатканын украина командачылыгынын десантчыларынын төрагасы билдирди. Ал Надежда Савченконун аскерлерди Киевге барып мамлекеттик төңкөрүш жасоого чакырганын төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

Буга чейин Савченко тарабынан мындай чакырык болгонун депутат Татьяна Рычкова айтып чыгып, ага 79 жана 80-бригаданын аскерлери күбө экенин билдирген.

Савченко өзү жикчилдер тарабынан туткунга кабылган украиналык аскерлердин кармоо шарты менен таанышканын Facebook баракчасына жазган. Анда украиналык аскерлер шарты катаал, суук жерде кармалып жатканын, аларга туугандары берген кийим-кечектер жеткирилгенин билдирген.(SDz)

XS
SM
MD
LG