Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Лондондогу кол салуу боюнча дагы эки адам камалды


Лондондогу кол салууда мерт кеткендердин саны бешке жетти.
Лондондогу кол салууда мерт кеткендердин саны бешке жетти.

Британия полициясы Лондондун борборундагы 22-марттагы чабуул боюнча дагы эки адамды камады. Ошентип калабага шектелип кармалгандардын саны онго жетти, бир аял күрөөгө бошотулду.

Жумага караган түнү Лондондогу кол салуунун курмандыктарынын саны бешке жетти. Ондогон кишилер ооруканада кала берүүдө. Экөөнүн абалы оор.

Шаршемби күнү Лондондун борборундагы көпүрөдө, парламент имаратынын жанында жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашты.

Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму алды.

Бир күндөн кийин полиция кол салууну 52 жаштагы британиялык Халид Масуд аттуу киши ишке ашырганын маалымдады.

Масуд терроризмге байланышкан иштерге айыпталбаганы менен, буга чейин полицияга таанылган. Ал бир нече жолу оор залака алып келген кол салуу, курал-жарак сактоо, коомдук тартипти бузуу үчүн соттолгон.

XS
SM
MD
LG