Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Апта: Шектенген депутаттар, чаташкан министрликтер


Жогорку Кеңеште президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. 30-июнь, 2016-жыл

Жогорку Кеңеште президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. 30-июнь, 2016-жыл

Узап бараткан жумада Стамбулда кандуу теракт жасалды. Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилди. Орусия менен Түркиянын мамилеси калыбына келе баштады.

Стамбул аба майданына жасалган чабуул

Дүйнөнү Стамбулдагы теракт дүрбөлөңгө салды. 28-июнда Стамбулдун Ататүрк аба майданына үч жанкечти кол салып, кыргын жасады жана өздөрүн жардырып жиберди. Террорчулардын жексур аракетинен 44 киши өлүп, 230дан ашуун адам жабыркады.

Дүйнөлүк аренада өз ордун аныктоого аракеттенип жаткан Түркия акыркы мезгилде бир жагынан жикчил күрт топторунун теракттарынан кансырап жатса, экинчи жагынан диний экстремисттик уюмдардын чабуулуна кабылууда.

Терактта каза тапкандар

Терактта каза тапкандар

Дүйнөдөгү эң кыймылдуу аба майдандардын бири болгон Ататүрк аэропортунда кол салгандар “Ислам мамлекети” деп аталган терорчул уюмга тиешеси бардыгын түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым билдирип чыкты. Кийинки маалыматтар түрк бийлигинин шектенүүсүн тастыктап, ал эмес терактты түздөн-түз ишке ашыргандар КМШ жарандары экени айтышты.

Түркиянын “Хурриет” гезитинин жазуусуна караганда, бул террорчулардын башында Ахмет Чатаев аттуу чечен турган. “Жалгыз кол” аттуу лакап аты бар Чатаев Доку Умаровдун тарапкери болуп, Чеченстанда орус күчтөрүнө каршы күрөшкөн. Согушта колун жоготкон. Австрияда качкын статусун алып, Европа, Украина жана Грузияда ар кандай шектүү жагдайларда колго түшүп, бирок кутулуп кетип жүргөн.

Түрк бийлиги калабага тиешеси барларды кармоо максатында издөө, тинтүү иштерин жүргүздү. Биринчи күндөрү эле 13 киши, андан кийин дагы шектүү адамдар кармалганы, алардын жалпы саны 24 жеткени кабарланды.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган террор Түркияны чөгөлөтө албасын билдирди:

- Түркия эң бир кандуу террордук топтордун бутасына алынууда. Биз сыноодон өтүп жатабыз. Менде террорду, террордук уюмдарды жана террордук чабуулдарды жеңерибизге эч кандай күмөн жок.

Режеп Тайып Эрдоган

Режеп Тайып Эрдоган

Алгач аба майданга кол салган үч жанкечтинин бирөө кыргыз жараны экенин түрк гезиттери маалымдап чыгышкан. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактоо үчүн түрк бийлигине кайрылып, ал маалыматтар ырасталбаганын билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча, үч жанкечтинин экөөнүн жанынан Орусия паспорту табылып, алар Раким Булгаров жана Вадим Османов экени кабарланды.

Бирок да жихад аркылуу бейишти убадалап, Кыргызстан жаштарын Сирияга азгырыктар күчтүү экени белгилүү. Республикада диний-экстремисттик маанайды кармангандар көбөйүп баратканы да жашыруун эмес. "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси, аалым Кадыр Маликовго кол салуу, былтыр октябрь айында түрмө кызматкерлерин өлтүрүп абактан качкандардын окуясы - анын далилдери.

Кыргызстандыктар Сирия жана диний фанатизм жолуна эки түрдүү жол менен түшүп жатканы байкалат. Анын бири республика ичиндеги үгүттөрдүн натыйжасында болсо, экинчиси Орусияга эмгек миграциясына барган мекендештердин такфирчи уюмдар менен аралашуусунан улам болууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку биринчи орун басары, генерал Марат Иманкулов Сирияда жүздөгөн кыргызстандыктардын жүргөнүнүн өзү республикада жихадчылардын саны көбөйүп баратканын ырастайт дейт:

- Бул бир күндө болгон жок. Бир айда да болгон жок. Бир жылда да болгон жок. Көп жылдан бери калыптанып келаткан көрүнүш. Токсонунчу жылдардын аягынан бери экстремисттердин саны биздин өлкөдө көбөйүп, жүздөп эмес, миңдеген адамдар пайда болду. Алардын бир эле максаты -өздөрү жакшы түшүнбөгөн халифатты куруу болчу. Анан Сирияда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган халифат курулганы жарыялангандан кийин көктөн издегени жерден табылып, 500 кишинин агылып чыгышынын себеби да ушул жакта.

Марат Иманкулов

Марат Иманкулов

Марат Иманкуловдун пикиринде, жарандардын экстремисттер торуна илинип жатышына бийликте болобу, башка жерде болобу, адилетсиз көрүнүштөрдүн, жакырчылыктын жогорулашы, жумушсуздуктун көбөйүшү да түрткү берип жатат. Экстремисттер аны пайдаланып кетүүдө.

Араздашып табышкан Түркия менен Орусия

Стамбулдагы теракт Орусия менен Түркия мамилесин калыбына келтирип жаткан күндөргө туш келди. Ошондуктан теракттын себеп-максаты ар кандай жоромолдонууда. Генерал Иманкулов Түркия менен Орусиянын жакындашуусу “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдун максатына каршы келет, ошондуктан жихадчылар ушундай аракеттенген болуш ыктымал дейт. Ал башка бир геосаясий себептер болушун да четке какпайт. Стамбул аба майданы адамдар ары-бери эң көп учкан аэропорт. Ошондуктан терорчулардын ага кол салуусу - жалпы адамзатка кол салуу деп кошумчалады Иманкулов.​

Путин менен Эрдоган

Путин менен Эрдоган

Кыргызстандын стратегиялык өнөктөрүнөн болгон Орусия менен Түркия узап бараткан жумада тил табышты. Өткөн жылы ноябрь айында Орусиянын учагын атып түшүрүүдөн кийин пайда болгон келишпестикти жеңип, өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга Москва жана Анкаранын эрки жетти.

Эки ири мамлекеттин тил табышуусу Европа жана Евразияда күчтөрдүн балансын кайра жаратты. Белгилүү болгондой Орусия дагы, Түркия дагы өз кызыкчылыгында тышкы саясат жүргүзүү аракетинин айынан Европа жана АКШ менен карама-каршылыктарга туш болуп жаткан. Орусия Украинага карата саясаты менен санкцияларга жана изоляцияга туш болсо, Түркия күрттөргө байланыштуу саясатында батыш менен келишпестикке туш болгон. Тил табышуу менен эки өлкө мына ошол кенемтелерин толтурууга, геосаясий таймашта балансты кармоого мүмкүнчүлүк алышты.

Түркиянын жарашууга карата кадамынан кийин орус бийлиги Түркияга киргизген чектөөлөрдү алууга ылдам киришти. Айтсак, орус туристтеринин Түркияда эс алуусуна кайрадан жол ачылды. Ишкер, соода байланыштары кайрадан калыбына келтириле баштады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 1-июлда жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сергей Лавров анда эки өлкөнүн кызматташуусун алдыга жылдыруу үчүн жакшы маанай түзүүгө аракет жасаларын билдирди:

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

- Биз мамилелерди калыбына келтирүү үчүн туура маанай түзүүгө аракет жасайбыз. Мына ошол жараянга байланышкан нерселерди талкуулоо үчүн биз туура позицияда болобуз деп ойлоймун.

Чавушоглу өз кезегинде эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү мамилелерди калыбына келтирүүгө дурус түрткү болгонун белгиледи:

- Урматтуу президент Режеп Тайып Эрдогандын катынан кийин биздин президенттер телефон аркылуу сүйлөштү. Ал өтө конструктивдүү сүйлөшүү болду. Алар бизди мына ошол жол менен мамилелерди оңдоп, каалаган деңгээлге жетүүгө үндөйт.

Эки министрдин сүйлөшүүсүнөн кийин айтылган маалыматка караганда, тараптар террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча тышкы иштер министрликтер жана атайын кызматтардын катышуусу менен жумушчу топ түзүштү.

Орусия менен Түркиянын кызматташуусун жолго коюуга Түркия эле эмес, Орусия да өтө кызыкдар экени белгилүү. Түркия орус туристтерин кайра тартып, азык-түлүк, айыл чарба продукцияларын, текстиль, кийим-кече экспорттоого мүмкүнчүлүк алса, Орусия стратегиялык мааниси бар энергетикалык долбоорлорун аткарууга мүмкүнчүлүк алат. Белгилүү болгондой, Орусия Түркияда миллиарддаган долларга атомдук электр станцияларын куруу, Түркия аркылуу Европага газ куурун тартуу сыяктуу долбоорлорду турмушка ашырууну көздөп келет. Ал долбоорлор учактын атып түшүрүлүүсүнөн кийин такыр токтоп калган эле.

Орусия менен Түркиянын мамилесинин жакшыруусу менен кыргыз ишкерлери үчүн жагымдуу шарт түзүлөрү айтылып жатат. "Анткени өткөн жылы Орусия Түркияга карата чектөөлөрдү киргизгенде анын терс эпкинин Кыргызстан да сезген", - дейт Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек:

- Орус-түрк мамилеси басаңдап кетти. Эки өлкөнүн ортосундагы конфликттин терс эпкинин биз да көрдүк. Ошондон кийинки статистиканы карай турган болсок, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы сооданын көлөмү 48% төмөндөп кетти. Товарлардын Орусия аркылуу келүүсү убакыт жагынан да, чыгым жагынан да арзан болчу. Ошондуктан эки ортодогу мамиленин начарлоосунан улам экспорт жагынан да, импорт жагынан да кыйналып калдык.

Кыргызстан коомчулугу, бийлиги да орус-түрк мамилесинин оңолушун кубаттоого алганы байкалат.

Ички саясатта эмне кеп?

Узап бараткан жумада Кыргызстандын ички саясатында референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору жана Кумтөрдүн ишин улантууга өкмөттүн толук жол ачуусу, өкмөттүн жаңы структурасынын бекитилиши орчун окуялардан болуп калды. “Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жана түрдүү жоромолдорду жаратты. Мыйзам долбоорунда 10 миң адам референдум өткөрүү сунушун парламентке алып чыга алат деген жобо депутаттардын чочулоосун жаратып, элдин колу аркылуу парламентти таратуу аракети көрүлүп жатпайбы деген шекти пайда кылды. Парламенттеги президентти өкүлү Молдакун Абдылдаевдин долбоорду колдоп чыгуусу айрым депутаттардын чочулоосун ого бетер күчөттү. Кээ бир депутаттар “эмнеден жаздык”, президент “айтканды толук аткарып эле жатпайбызбы” дегенге чейин барышты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев жакынкы тарыхты эске салды:

- 2007-жылы Бакиев дагы ушундай эле мезгилде, мына ушуга окшогон мыйзамды шылтоо кылып туруп эле парламентти таратып салган. Депутаттардын машинелерин көчөдөн эле жыгып алып, жакалап, аябай шерменде кылганга чейин барган. Эми биз депутаттар президент же өкмөт сунуштаган мыйзамдарды ойдогудай чыгарып берип жатабыз. Президентти колдоп жатабыз. Урматтуу депутаттар, өзүңөргө өзүңөр көр казбагыла.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев

Депутат Камчыбек Жолдошбаев

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болгон “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов “Референдум жөнүндөгү” мыйзамдын максаты референдум өткөрүүнүн жол-жобосун Конституцияга тууралап коюу гана экенин түшүндүрүүгө аракет жасады. Соңунда долбоор биринчи окууда кабыл алынды. Эми ал күзгү сессияда каралат. Анткени 1-июлдан тарта Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарады. Анын алдында, салтка айлана баштагандай эле Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоору кайрадан көтөрүлүп, коомдук талкууга сунушталды. Президент жана өкмөт болсо Кумтөрдө кен казуу ишин улантууга толук уруксат беришти.

Узап бараткан жумада өкмөттүн структурасындагы жаңы министрлик, комитеттерге жетекчилери дайындалды. Темир Сариев жетектеген өкмөттө Энергетика министрлигинин жоюлуп кетиши көп сындарды жаратып келген. Жаңы структурада Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу комитети түзүлүп, ал сынга жооп берүүгө аракет жасалгандай болду.

Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте.

Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте.

Бирок да реалдуу экономиканын арка-белин түзгөн бул үч тармак толук кандуу министрлик эмес, комитет статусуна ээ болду. Анын башчылыгына Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы болуп келген Дүйшөнбек Зилалиев дайындалды.

Буга чейин өнөр жай жана энергетика тармагы Экономика министрлигинин жетегинде болуп келген эле. Эми Экономика министрлиги статисттин ролун аткаруучуга айланчудай болуп турат. Айтмакчы, министрлик быйылкы жылдын аягына чейин республиканын ички дүң продукциясы 102.7% өсөт деп болжоп жатат. Беш айдын жыйынтыгы боюнча төрт пайызга ылдыйлаган экономика эмненин эсебинен өсөрүн министрлик түшүндүргөн эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG