Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Пан Ги Мун: көпчүлүк президенттер бийликте калуу үчүн Конституцияны өзгөртүүдө


Пан Ги Мун
Пан Ги Мун

Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун Башкы ассамблеяда сүйлөп жатып, көпчүлүк лидерлер өз жарандарынын кызычылыгын унутуп жатканына токтолду.

- Биз көпчүлүк лидерлердин Конституцияны кайрадан жаңыртып жатканына күбө болуудабыз. Алар шайлоо процесстерин буйтап, көздөгөнүнө жетип жатышат. Президенттер алардын кызматтык орду жеке өзүнүкү деп ойлобошу керек, алар өз элине кызмат кылуусу кажет. Демократияны солкулдатпагыла, өз өлкөңөрдүн жаратылыш байлыгын тонобой, оппозицияны темир тор артына камабагыла – деди Пан Ги Мун.

БУУнун расмий сайты жазгандай, Пан Ги Мун өз сөзүндө дипломатиялык этикеттен чыгып, өз өлкөсүндөгү маселелерди диктатура менен чечип жаткан жетекчилерди да кескин сынга алды.

Мындан сырткары ал өзүнүн кызматтык ордун оор үшкүрүк менен өткөрүп жатканын айтып, буларды кошумчалады.

- Дүйнөнү экстремисттер “өз” жана “бөлөк” адамдарга бөлүп атат. Биздин аракеттерге жаратылыш деңиз деңгээлинин жогорулоосу, кургакчылык жана аябагандай катуу шамал менен жооп берүүдө. Адамдар күнүгө өмүр коркунучунда жүрөт. 130 миллион адам жашоого зарыл жардамга муктаж, келечек муун коркунучта турат.

БУУ башчысы Йемен, Ливия, Ирак, Ооганстан, Сириядагы согуш чатагынын токтобой жатканын да кошумчалап, уюмга кирген айрым өлкөлөр маанилүү чечимдерди кабыл алууга бут тосуп жатканын айтып өттү. (SDz)

XS
SM
MD
LG