Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Медиа уюмдар: журналисттерди кармагандар жоопко тартылсын


Журналисттер.
Журналисттер.

Кыргызстандагы “Медиа өнүгүү борбору”, “Журналисттер” бирлиги, “Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз союзу” 27-февралда президент Алмазбек Атамбаевге, Башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ички иштер министри Улан Исраиловго кайрылуу жолдошту. Анда 26-февралда “Манас” аэропортунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кармоо операциясын чагылдыруу үчүн барган журналисттерди кармоо мыйзамсыз болгону, Конституция одоно бузулганы белгиленген. Бул иш боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүп, журналисттердин укугун бузгандар жазага тартылсын деген талап коюлган.

26-февралда таңга жуук "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү партия лидери Өмүрбек Текебаевди тосуп алуу үчүн "Манас" аба бекетине барганда Сокулук районунун милициясы кармап кеткен болчу.

Райондук милиция бөлүмүнө жалпысынан 14 адам жеткирилген. Алардын арасында «Сентябрь»телеканалынын кызматкерлери Зарылбек Шермаматов, Мунарбек Жөргөмов, «Азаттыктын» кабарчысы Улан Эгизбаев жана BIA.kg сайтынын өкүлү Мурат Соорбеков кармалып, кийинчерээк бошотулган. Калган он адам эки күнгө камакка алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG