Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Кулов: УКМК Текебаевди камоо үчүн аягына чейин барат


Феликс Кулов
Феликс Кулов

Өмүрбек Текебаевди кармоо - УКМКнын жетекчилигин сындагандарды коркутуу акциясы. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында "Ар Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Кулов Текебаевди кармоо уюшма топтун башчысын кармагандай мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн белгилеп, ал өзү дагы саясий себеп менен беш жылга камалганын, азыр дагы мына ошондой эле тарых кайталанып жатканын айтты.

- Муну түшүнсө болот, себеби Текебаев УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди буга чейин көп сындап келген. Атамбаев мындайга бармак эмес деп ойлойм. Мени башкасы кооптондурат. Эгер адам мындай кадамга баргандан кийин ал Текебаевди камоо үчүн аягына чейин барат. Ишти тергөөнү УКМКдан Башкы прокуратурага өткөрүп берүү керек, - деди Кулов.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев ага карата козголгон ишти УКМК атайын пландаганын билдирген. (KJ)

XS
SM
MD
LG