Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Талас шаарында мэр шайланбай калды


Бүгүн Талас шаарында мэр шайлоо белгиленип, бирок көрсөтүлгөн жалгыз талапкер өтпөй калды.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, "Республика Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Аскар Шабдановго шаардык кеңештин жыйынга катышкан 27 депутатынын 14ү макул, калганы каршы деп добуш берди.

Мыйзам боюнча шаар мэрин жергиликтүү кеңеш шайлайт. Шаардык кеңештин 31 депутаттан турган азыркы курамы былтыр 11-декабрда шайланып келген. Төрага шайлоо маселесинде да бир нече жолу көйгөй чыккан.

КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары биригип "Ынтымак" коалициясын түзгөн, "Айкөл" фракциясы оппозицияда. (AlS)

XS
SM
MD
LG