Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Араб жазы аялдардын үмүтүн актабады


Египет телестанциясындагы аялдар студиясындагы бир көрүнүш. Каир.
Египет телестанциясындагы аялдар студиясындагы бир көрүнүш. Каир.

Эксперттер арасында өткөрүлгөн соңку изилдөө Египет кыз-келиндер менен аялдардын укуктары эң көп тепселген өлкө экенин шардана кылды

Thomson Reuters фонду жүргүзгөн изилдөө ачыктагандай, Египеттеги 2011-жылкы ыңкылаптан кийин аялдарга жыныстык ыдык көрсөтүү жана жыныстык органын кесүү, аларды уруп-сабоо жана дин талап кылгандай жүр деп тескөө күчөгөн.

Аялдарды кемсинтип-кордоо боюнча 22 араб өлкөсүнүн ичинен экинчи орунда Ирак, аны улай Сауд Арабстан, Сирия жана Йемен турат. Аялдардын абалы эң мыкты делгендердин катарын Комор арал мамлекети, Оман, Кувейт, Иордания
жана Катар толуктаган.

Араб өлкөлөрүндөгү аялдардын абалына баа Араб лигасына мүчө 21 өлкөдө жана Сирияда иштеген 335 гендердик экспертти сурамжылоонун негизинде жасалды. Сирия боюнча сурамжылоону Thomson Reuters фонду август-сентябрь айларында жүргүзгөн. Анда аялдарга зобун-зордук көрсөтүү, алардын төрөө укугу, үй-бүлөдөгү аялдарга мамиле, аялдардын коомдук турмушка катышуусу, алардын саясий жана экономикалык жашоого аралашуусу сыяктуу алты маселеге көңүл бурулган.

Ирактын Жогорку Ислам кеңешинде аялдар Айт күнү дуба беришүүдө. 9-август 2013
Ирактын Жогорку Ислам кеңешинде аялдар Айт күнү дуба беришүүдө. 9-август 2013
Изилдөөдө белгиленгендей, 2011-жылы февралда Хосни Мубарак бийликтен куулгандан кийин Египетте аялдардын абалы ого бетер осолдоп, Араб дүйнөсүндөгү 22 өлкөнүн ичинен эң көп бузулчу болгон. Эксперттер египеттик аялдарга карата зобун-зордуктун көбөйүүсүн өлкөдөгү бейстабилдүүлүк, коомдук тартиптин начарлашы жана исламчылардын баш көтөрүүсү менен түшүндүрүшөт.

«Чакан сурамжылоо шардана кылгандай, аялдарга дагы эки революция керек. Бири өлкөнү кыйраткан түрдүү диктаторлорго каршы, экинчиси - аялдардын жашоосун кыйратып жаткан маданий жана диний кыяпатка каршы», - дейт египеттик журналист Мона Элтахави айым.

Адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюмунун аткаруучу директору Кеннет Росс жыл башында эле Араб жазы түндүк африкалык аялдардын үмүтүн актабаганына көңүл бурган:

- Араб жазынан кийинки эйфория учуп кетти. Жагдай Египет президенти Мубарак жана Тунистин президенти Зине ал-Абидине кулатылган кездегиден да бир кыйла татаал. Кенен дем алган исламчы партиялар шариятка таянып, аялдардын укугун, же диссиденттерди, же азчылыктардын укугун чектейбиз деп коркутушууда.

Йемендик аялдар президент Али Абдулла Саехге каршы демонстрация учурунда. Таиз шаары. 14-июль 2011
Йемендик аялдар президент Али Абдулла Саехге каршы демонстрация учурунда. Таиз шаары. 14-июль 2011
Улуттар уюму апрелде жарыялаган изилдөө да египеттик аялдар улуттук азчылыктарга катар зобун-зордуктун бутасына айланганын көрсөткөн. Атап айтканда, аялдар менен кыздардын 93 проценти сексуалдык ыдыкка кабылат. Июнь айында Каирдин Тахрир аянтындагы антимурсичил протест учурунда 91 аял зордукталган же жыныстык кодулоого туш болгонун Human Rights Watch уюму билдирген. Бул ыңкылаптан кийинки абалдын туундусу эмес. Күнүнө египеттик аялдардын үчтөн экиси сексуалдык зобун-зордукка кабыларын Египеттин аялдар укугу борбору 2008-жылы маалымдаган.

Аялдардын жыныс органын операциялоо да Египетте кеңири жайылган көрүнүш. ЮНИСЕФтин маалымдашынча, аялдар менен кыздардын 91 проценти же 27, 2 миллиону жыныстык жактан операция болот. Бул көрсөткүч Жибути мамлекетинде Египеттегиден да бийик - 93 процентти түзөт. Анан да египеттик аялдардын 63 проценти кат тааныбайт.

Аялдардын укугунун начарлыгы жагынан экинчи орунда Ирак турат. Ирактык аялдардын жагдайы 2003-жылы өлкөгө АКШ башындагы күчтөр басып кирип, Саддам Хусейн тактыдан оодарылгандан бери жаман жагына оогон. Андан бери үй-бүлөдө аялдарды кемсинтип-кодулоо, сабатсыздык жана сойкулук өскөн, жалгыз бой же күйөөсүз аялдардын саны 1, 6 миллионго чыккан. Бул жалпы ирактык аялдардын 10 проценти. БУУнун Качкындар агенттигинин билдиришинче, ирактык бозгун аялдарды аткезчилик жолдор менен сатуу, уурдап-зордуктоо да көбөйгөн.

Саудиялык аялдар Жидда шаарындагы көргөзмөнү көрүшүүдө. 23-октябрь 2010
Саудиялык аялдар Жидда шаарындагы көргөзмөнү көрүшүүдө. 23-октябрь 2010
Экономикалык абалы мыкты жана саясий жагдай туруктуу Саудия аялдардын абалы үчүнчү начар өлкө. Падышалык аялдардын автомобиль айдоосуна тыюу салган дүйнөдөгү жападан жалгыз мамлекет. Эркек тууганынын уруксаты жок аялдардын иштөөсүнө, чет жактарга чыгуусуна, банкта эсеп ачуусуна жана окуу жайга кирүүсүнө мүмкүн эмес. “Саудия коому патриархалдык коом жана бардык мыйзамдар эркектердин укугун коргойт. Аялдар экинчи сорт катары саналат”, - дейт саудиялык аялдардын укугун коргогон адвокат Thomson Reuters фондуна.

Падыша Абдулла аялдардын иштөөсүнө жана коомдук турмушка катышуусуна жол ачкан реформаны баштады. Ага ылайык, саудиялык аялдар 2015-жылы биринчи жолу жергиликтүү шайлоолорго катышат. Январдан бери кеңеш берчү Шурага 30 аял мүчө болуп дайындалды. Шуранын 150 мүчөсү мурда жалаң эркектер эле.

XS
SM
MD
LG