Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Каледеги качкындар лагеринде өрт тутанды


Каледеги качкындар лагерин каптаган өрт.
Каледеги качкындар лагерин каптаган өрт.

Франциянын Кале шаарындагы качкындар лагеринде шаршембиге караган түнү тутанган өрттөн чатырлардын көбү күйүп кетти. Кырсыктан бир мигрант жабыркады. Жергиликтүү бийликтин айтуусунда, өз үйлөрүнөн кетер алдында чатырларды өрттөп жиберүү качкындардын арасында жайылган көрүнүш.

“Жунгли” деп аталган бул лагерди француз бийликтери бузуп таштоону чечкен. Азырынча лагерди бузуу иштери тынч өтүүдө. Бирок байкоочулар бул жайдан кетүүнү каалабаган мигранттар каршылык акциясын уюштурушу мүмкүн деп боолголошот.

Француз бийликтеринин планы боюнча лагерди толук бузууга үч күн талап кылынат. Бул жактагы качкындар Франциянын башка бөлүктөрүндөгү мигранттар борборлоруна бөлүштүрүлөт. Дүйшөмбүдө эки миңдей бозгун өз ыктыяры менен “Жунглиден” кетүүгө макул болушту.

Ла Манш кысыгындагы Евротуннел аркылуу Британияга өтүп кетүү максатында Жакынкы Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн ар кандай жолдор менен келген качкындардын саны бул жерде 6,5 - 7 миңге жетип калган.

XS
SM
MD
LG